Өлкөдө жашыруун төрөттү мыйзамдаштыруу сунушталды

№1161

Жогорку Кеңештин депутатыЖылдыз Садырбаева өлкөдө жашыруун төрөткө уруксат берүүчү мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Депутаттын айтымында, учурдагы механизмдер кризистик абалда калган кош бойлуу аялдар үчүн натыйжалуу эмес. Учурда төрөт үйүнө барган аялдар өздүгүн (аты-жөнүн, жашаган дарегин жана башка) ачык көрсөтүүгө милдеттүү. Бул жагдай кээ бир аялдарды коркунучтуу шарттарда төрөөгө аргасыз кылып, энелер менен ымыркайлардын өмүрүнө коркунуч жаратат дейт демилгечи депутат. Статистика боюнча, 2020-жылдан бүгүнкү күнгө чейин 76 ымыркай ташталып, 19 ымыркайдын сөөгү табылган. Мыйзам долбоору кабыл алынса, төрөт учурунда аялдар псевдоним же сыр сөз алып, өздүгүн жашырууга мүмкүнчүлүк алышат. Ошондой эле медициналык жардам акысыз көрсөтүлүп, эне төрөгөн баласын эки айдын ичинде кайра алып кетүүгө укуктуу болот. Депутат жашыруун төрөттү мыйзамдаштыруу аркылуу ташталган ымыркайлардын санын азайтууга жана энелерге жардам берүүгө болот дейт. Тескерисинче, "жашыруун төрөткө уруксат берүү – бул атасы ким экени белгисиз ымыркайларды көбөйтүп, абалды ого бетер кыйындатат" деген да пикирлер бар.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо