Жер кодекси: Чуулуу документ артка кайтарылды

№1165

Эл арасында кескин нааразычылык жаратып жаткан Жер кодексине президент Садыр Жапаров тарабынан кол коюлбай, артка кайтарылды. Бул тууралуу 6-апрелде өлкө башчынын басма сөз катчысы коомчулукка жарыялады. Эмне үчүн кол коюлган жок? Маалыматка таянсак, бул чечим президенттин өлкөдө жеке менчик кол тийгис деген көз карашына байланыштуу кабыл алынды.

“Эгерде огород же үй турган жер мамлекеттин муктаждыгына керек болсо, анда анын ордуна компенсация төлөнүп же башка жерден баасы бирдей тийиштүү жер тилкеси сунушталышы керек. Бул Конституцияда каралган” деп айтылат маалыматта. Садыр Жапаров сөз болуп жаткан документке кол койбой артка кайтаруунун себептеринин бирин “Конституцияга каршы келет” деп билдирген. Парламенттеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев президенттин чечимин мактады. “Президент мыйзамды артка кайтарды – бул абдан туура кадам”, – дейт депутат.

Белгилей кетсек, Жер кодексин Жогорку Кеңеш 13-февралда кабыл алып, коомчулукта нааразычылык жараткан. 1-апрелде Бишкекте Максим Горький сейил багында ондогон жарандар аталган кодекске каршы акция өткөрүшкөн. 3 миңдей жаран кол топтоп, президентке кайрылуу жолдонгону да маалымдалган эле.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо