№434 25-февраль - 3-март, 2011-ж.
Учурда Ливияда болуп жаткан баш аламандыкка жана кан төгүүгө карабастан, анын лидери Муаммар Каддафи тактыны бергиси жок. Экс-президент Курманбек Бакиев дагы соңку мүнөттөргө чейин бийликти бербөөгө далалат жасаган болчу.
ТААЖЫДАН ТАЖАБАГАНДАР
Ливиянын лидери Муаммар Каддафи 1969-жылы революция жолу менен бийликке келип, бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик жана аскердик башчы кызматын аркалап келет. Экс-президент Курманбек Бакиев дагы 2005-жылы “Жоогазын революциясынын” жеңиши менен такка отурган. Каддафи бийлик режимине каршы чыккан жаштарды “баңгизаттын таасиринде жүрүшөт” деп атады. Ушул эле сөздү кыргыздын экс-ажосу Тейит айылында жатып алып айтканы эсте. Айтмакчы, Ливиянын лидери “түштөн” кийин болсо дагы, “эгерде революция тынчыбаса, анда ар бир үйдү кыдырып, тазалоо жүргүзөм” деди. Ал эми Бакиев кезинде “Ак үйдү керек болсо автомат менен коргойм” деген сөзүн 7-апрелде аткарса да, нааразычылыгы күч элдин толкунун ок менен токтото албады.
МАЙДАН БЕРГЕН ИЙГИЛИК-ЖОГОТУУ
Каддафи жетектеген иш-чаралардын бири Ливиянын аймагынан чет жердик аскердик майдандарды чыгаруу болгон. 1970-жылы Англиянын жана АКШнын ири аскердик майдандары өлкөдөн чыгарылган. Бакиев Орусияга барган сапарында “Манас” аэропортундагы америкалыктардын аскердик майданын чыгарам” деп опурулган. Бул үчүн Маскөө Камбар-Ата-2 ГЭСин курууга жең ичинде сөз берген. Тилекке каршы, экс-президент Орусияга берген сөзүн тез эле унутуп койгон. Ушуга окшогон кылык-жоругунан улам расмий Маскөө Роза Отунбаева жетектеген оппозицияга ооп кетти.
МАКСИМ ЖАНА СЕЙФ АЛЬ-ИСЛАМ КАДДАФИ
Каддафи өзүнүн уулу Сейф аль-Исламды расмий түрдө “өлкөдөгү маанилүүлүгү жана бийлиги боюнча экинчи адам” деп тааныштырган. Сейф аль-Ислам Каддафи аткаруу жана мыйзам чыгаруу тармагын тескеп, күч түзүмдөрүн да көзөмөлдөгөн. Атаң көрү дүнүйө, былтыркы жылы Курманбек Бакиевди ээрден шыпырып түшпөгөндө, эмдигиче “экинчи өкмөт” саналган ЦАРИИнин башчысы Максим Бакиевдин премьер болуп калышы дагы кеп эмес беле?..
УЧУРДА...
Эгерде Ливиянын Бенгази шаарында Каддафинин душмандары жеңишин белгилеп жатса, ал эми борбор шаары Триполи дале ливиялык лидердин көзөмөл алдында турат. Кыргызстанда, тескерисинче, Таластан борборго оогон революция Бишкекти оппозициячыларга карматып, ордолуу Ош шаарында “кош бийлик орнотом” деген Бакиевдин планы ишке ашкан эмес. Муаммар Каддафинин “Ливияда тартип орнобосо, жарандык согуш башталат” дегенине окшош сөздү биздин да кулак чалган эле.
КАДДАФИ МЕКЕНИНЕН КАЧПАЙБЫ?
Дүйнөлүк ММКнын дөө-шаалары Каддафини “Венесуэлага кетти” деп айтышып, анысы ушак болуп чыкты. Бекеринен бул өлкөнү аташпаган чыгар, анткени ал өзүнүн диктатордук режими менен таанымал. Анын лидери Уго Чавес АКШга тиш кайраган саясат жүргүзүп келет. Бакиевди дагы жөн жеринен Беларустун президенти Александр Лукашенко чакырбаса керек. Беларусь дагы “демократиянын принциптерин карманбайт” деп эсептелет. Акыркы президенттик шайлоонун өзү канча кепти жаратты...
Эсептей келсең, эчен сөз. Эми Муаммар Каддафи Курманбек Бакиевди туурап качабы же башын сайып өлкөсүндө калабы,ошону күтө туралы.
Эльвира Караева,
Залкарбек Карабалаев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 | 2 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |