Казакстанга жайында 600 миллион метр куб суу берилет

№1168

Быйыл сугат мезгилинде Кыргызстан Казакстанга 600 миллион метр куб суу берет. Бул тууралуу 28-апрелде коңшу өлкөнүн Суу ресурстары жана ирригация министрлиги билдирди. Сугат суу берүү апрель айынын аягында башталмакчы.

– Кыргызстан Талас дарыясы аркылуу 400 миллион метр куб, Чу дарыясы аркылуу 180 миллион метр куб суу жөнөтөт. Бул тууралуу Чу жана Талас дарыяларындагы мамлекеттер аралык суу чарба курулмаларын пайдалануу боюнча кыргыз-казак комиссиясынын 35-жыйынында Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев менен Казакстандын Суу ресурстары жана ирригация министри Нуржан Нуржигитов макулдашты. Берилген суу Жамбыл облусунун эгин талааларын сугарууга пайдаланылат, – деп айтылат маалыматта.

Тараптар айлана-чөйрөнү коргоо жана суунун сапатына мониторинг жүргүзүү боюнча биргелешкен жумушчу топтун ишин талкуулаган.

Маалыматтар боюнча, былтыр Талас дарыясы аркылуу Казакстанга 380 миллион метр куб суу берүү пландалып, иш жүзүндө 418 миллион метр куб берилген. Ал эми Чу дарыясы аркылуу
165 миллион метр куб суу берилген, бул мурдагы жылдарда берилген көлөмдөн 29,7 миллион метр кубга көп.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо