Кан тапшыргандарга төлөнүүчү компенсация көбөйөт

№1169

Министрлер кабинети кан тапшырган донорлорго төлөнүүчү компенсациянын суммасын көбөйттү. Бул тууралуу маалымат 6-майда жарыяланды. Жогорулатылгандан кийинки сумма канча болору маалымдала элек. Өкмөт билдиргендей, демилгенин негизги максаты — донорлукту өнүктүрүү, калктын медициналык тейлөөсүн жакшыртуу жана ооруканада дарыланып жаткан жарандар үчүн кан корун жетиштүү камсыздоо. Адистердин айтымында, акчалай компенсация — донор болууга түрткү берүүчү маанилүү каражат, бул токтомдон кийин кан тапшырууга кызыккандардын саны мурдагыдан көбөйүшү күтүлөт дешет. Адам саламаттыгы башкы орунда, 21-кылым, технологиянын заманы делгени менен, донордук кан — алмашкыс ресурс бойдон калууда.

Буга чейин бир жолу кан тапшырган донорго 300 сом, плазма үчүн 500 сом компенсация төлөнчү. Ардактуу донор деген да түшүнүк бар, ал категориядагы жарандар айына мамлекеттен 1000 сомдон алып турушат. Ардактуу донор болуш үчүн жаран кеминде 30 жолу бекер же акы алып 45 жолу кан тапшырууга тийиш.   


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо