Оштогу кан борбору 1 жылда 6 тонна кан даярдайт

№1175

Ош облустук кан борбору жылына 6 тоннага жакын кан даярдайт. Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Мелис Ормонов билдирди. Аталган борборго 1 жылда 10 миңден ашык адам донор катары кан тапшыра турганы айтылат.

Облустук кан борбору жаңы имаратка муктаж экенин, мекеме 23 жылдан бери Ош облустук ооруканасынын жатаканасында жайгашып иштеп келатканын белгилейт Ормонов. Ошондой эле кадр жетишсиздиги курч бойдон калууда. 1993-жылы аталган борборго 42 штат берилсе, азыркыга чейин ошол 42 штат иштеп жатат. Дагы бир көйгөй – жабдуулардын эскириши. Муздаткыч, тоңдургуч сыяктуу жабдуулардын эскилиги жетип, эсептен чыгарылып жатканын айтты мекеме жетекчиси.

Ормонов жарандарды кан донору болууга чакырып, кан тапшыруунун ден соолукка коркунучу жок экенин билдирди.

– Айрымдар кан тапшырсак көз каранды болуп калабыз деп ойлошот. Инфекция жугузуп аламбы, түбөлүк донор болуп калбаймынбы деп чочулагандар бар. Бул туура эмес түшүнүк. Тескерисинче, кан тапшырган адамдардын каны жаңыланып, иммунитети бекемделип, организми жашарат. Эркектер жылына 5, аялдар 4 жолу кан тапшырышса болот. 55-60 килограмм салмактагы адамга бир алганда 400-450 грамм кан жоготуу норма болуп эсептелет, – деди Мелис Ормонов. 

 


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо