Кыргызстанда бруцеллёз күч алууда

№1177

Кыргызстанда бруцеллёз менен ооругандардын саны өсүүдө. 2025-жылдын январынан май айына чейин 402 бейтап катталды, бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине караганда 44 бейтапка көп. Бул тууралуу 2-июлда Өзгөчө кооптуу, карантиндик инфекциялар боюнча республикалык борбор билдирди.

Адистердин айтымында, илдеттин жайылышына негизги себеп – мал арасында бруцеллёздун кеңири таралышы. Оору көбүнчө мал менен түз байланышта болгон адамдарга жугууда.

– Мал ээлери санитардык талаптарды сакташпайт, оорулуу малды убагында текшерүү жана эмдөө иштери жүргүзүлбөйт. Мындан тышкары бруцеллёз менен ооруган малдарды мажбурлап союу боюнча мыйзамдык негиздер жок. Аймактарда мындай малды союучу атайын ишканалар жок, компенсация төлөө механизмдери да иштелип чыга элек,- дешет адистер.

Саламаттык сактоо кызматкерлери калк арасында түшүндүрүү иштерин улантышууда. 2024-жылдын октябрында жана 2025-жылдын апрелинде өлкө боюнча адистер үчүн атайын окуулар өткөрүлүп, өлкөнүн 20 районунда элге маалымат таратылган.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо