Мурдагы башкы салыкчыдан 55 миллион долларлык мүлк табылды

№1178

Мамлекеттик салык кызматынын мурдагы жетекчиси Алтынбек Абдуваповдун 55 миллион долларлык мүлкү табылды. Бул  тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 9-июлда Ош шаарында Ош облусунун жетекчилери менен өткөргөн жыйында билдирди. Анын айтымында, Абдувапов 10 жылдан ашуун убакыт салык кызматында иштеген, жеке бизнеси болгон эмес. Ошондуктан 55 миллион долларлык мүлктү кантип топтогону күмөн жаратат дейт атайын кызматтын башчысы.

– Мурдагы анын кол алдында иштеген кызматкерлер айына 50 миңден 100 миң долларга чейин пара берип жүрүшкөнүн айтышкан. Биз анын бүт мүлкүн конфискациялайбыз, ал сөзсүз сот алдында жооп берет. Ал мындан ары кедей адамдардын бири болот,- деди Ташиев. Ташиев чиновниктер “мурдагыдай сотторду сатып алып, камактан бошоп чыгып, кайра кымбат унаа айдап жүргөн заман бүткөнүн” белгиледи.

Эске салсак, Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычов 2024-жылдын 6-декабрында кылмышка шектелип кармалып, камакка алынган. Алар кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланышкан жана электрондук товардык-транспорттук коштомо-кагаз боюнча коррупциялык схемага катыштыгы бар деп шектелүүдө. УКМКнын маалыматы боюнча, бул схема мамлекетке 3,2 миллиард сом зыян алып келди.

 


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо