Кыргыз футбол союзу: Камчыбек Ташиев чет элдик футбол клубунан үлүш сатып алган жок

№1179

Маалымат айдыңында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чет өлкөлүк футбол клубунун карызын төлөп берип, ал клубдун 10 пайыз акциясын сатып алды деген маалымат тараган.

15-июлда Кыргыз футбол союзу бул маалыматты төгүндөп, Камчыбек Ташиевдин Словакиядагы “Тренчин” футбол клубунун 10 пайыз акциясын сатып алды деген маалымат чындыкка дал келбесин белгиледи. “Камчыбек Ташиев эч бир чет элдик же жергиликтүү футбол клубунун акциясына ээ эмес. Анын ичинде “Тренчин” клубу да бар”,- деп жазылат билдирүүдө.

Кыргыз футбол биримдиги белгилегендей, учурда союз эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү багытында иш алып барууда. Маалыматка таянсак, учурда “Тренчин” клубу менен өнөктөштүктүн алкагында эки кыргыз футболчусу аталган клубда даярдыктан өтүп, бир машыктыруучу Словакияда окууда жүрөт. Ошондой эле футбол биримдиги “Барселона” клубу менен биргеликте Жалал-Абадда “Барса” академиясын ачуу иштерин жүргүзүүдө жана Англиянын “Астон Вилла” клубу менен байланыш түзүлгөнүн кошумчалады.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо