№1179
1-июлдан тартып АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) расмий түрдө жабылды. Бул чечимди АКШ бийлиги аталган агенттиктин натыйжасыз ишмердүүлүгү менен түшүндүрдү. Ал эми эксперттер бул чечимдин айынан дүйнө жүзүндө миллиондогон адамдар жапа чегиши мүмкүн экендигин айтып жатышат.
Кыргызстанда USAID 1992-жылдан бери иштеп, билим берүү, саламаттык сактоо, демократияны өнүктүрүү жана медиа тармагында ондогон долбоорлорду ишке ашырган. Агенттик кургак учук менен күрөшүү боюнча да чоң иштерди жүргүзгөн. Белгилей кетсек, агенттик тарабынан каржыланган эки долбоор аркылуу Кыргызстанда бул оорунун деңгээли үч эсе, ал эми өлүм көрсөткүчү сегиз эсе азайган.
USAID’дин жабылышы менен Кыргызстандагы көптөгөн программалар токтотулат. Азыркы учурда айрым долбоорлор токтоп, кызматкерлер кыскартылган. АКШнын Бишкектеги элчилиги билдиргендей, жардам берүү толук токтобойт. Буга чейин пландалган 132,8 миллион долларлык жардамдын ордуна азыркы тапта 45 миллион долларга жакын каражат менен кургак учук жана башка саламаттык сактоо тармагындагы долбоорлорду колдоо улантылат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Талкуу жабык.
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |