№1180
КОЙ
(21.03–20.04)
Аптанын биринчи жарымында нерв короткон учурлар катталат, жумуш ордуңуз бекем болбой, иштериңиз алдыга жылбай жаткандай сезилет. Мындай учурда активдүүлүк кылбай, тескерисинче, күтүү режимине түшүңүз, убакыт өтүп баары өз ордуна келет. Сиз жөнүндө ушак кеп айткан ким экенин билесиз. Аптанын соңун балдарга арнаган оң. Ал эми, бойдоктор, үйдө отурбай, эл көп топтолгон жайларга барып, көңүлгө туура келген адамга жолугууга аракет кылыңыз.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Каалаган нерсеге жетүү үчүн ишенимдүү жана жакшы ойлонулган жолдорду издөө маанилүү, антпесе пландарыңызды ишке ашыра албай каласыз. Интеллектуалдык жөндөмүңүз артат, агрессияга алдырбасаңыз эле ийгиликке жетесиз. Бул аптада үйдө отуруу планы ишке ашпайт. Туугандар, дос-тааныш, кошуна дегендердин иш-чараларына катышууга туура келет. Түгөйүңүз менен пикир келишпестикти артка жылдырбай, жеринде чечкениңиз оң. Дем алыш күндөрүн өзүңүзгө кам көрүүгө арнаңыз.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Жалгыздыкка басым жасабай, достордун жардамы менен иш кылсаңыз натыйжасы жемиштүү болот. Жалгыз бойлорду кызыктуу жана перспективдүү таанышуу күтөт. Улуулар менен субардинация сактоо керек, болбосо пикир келишпестик жаралышы мүмкүн. Күтпөгөн адам сизден кабар алып байланышат. Ашыкча акча коротуудан абайлаңыз, андан көрө инвестиция жасоо жолдорун караган оң. Аптанын соңунда үйдө отурбай, активдүү эс алуу планын түзгөнүңүз жакшы болот.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Түгөйүңүз менен талашка түшүп, ким кыйындыгын, кимдики туура экенин далилдеген сөз баштоонун кереги жок, болбосо аны таарынтып аласыз. Жаңы нерсе үйрөнөм деп турсаңыз алга, кабыл алуу жөндөмдүүлүгүңүз артып турган убак. Тил үйрөнүү, жаңы билим алуу, ар түрдүү ийримдерге барууну ишке ашырыңыз. Каржылык абалыңыз жакшырат. Жакын адамдарыңыздан баалуу белек аласыз. Бул мезгилди балдарды тарбиялоого арнаңыз, алардын ар бир ийгилигин мактап, кызыгуусун, хоббисин колдоп коюңуз.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Жетекчилик сиздин уюштуруучулук сапаттарыңызды байкап, жакшы кызмат ордун сунуштайт. Мүмкүнчүлүктү туура пайдаланып калыңыз. Апта башында жалкоолугуңузду жеңе алсаңыз, алдыда сизди ийгилик коштойт. Кийим-кече, тиричилик техникасын сатып алуу үчүн ыңгайлуу мезгил. Сүйүүдө өзүңүздү унутуп, өнөктөшүңүздүн жашоосу менен жашап калбаңыз. Энергияңыздын төмөнкү тепкичке түшкөнүн байкайсыз, жумуш өргүүсүнө чыгып, эс алуу планын түзгөнгө аракет кылыңыз.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Катылуу жаткан таланттарыңыз ойгонуп, жаңы көндүмдөргө ээ болушуңуз мүмкүн. Сиз үчүн кымбат болгон нерседен айрылып калуу коркунучу бар. Каржылык абалыңыздын жакшырышына өбөлгө болгон жагдай жаралат. Жаңы буюм сатып алууда этият болуңуз, мөөнөтү өткөн же жарактан чыккан буюм сатып алышыңыз мүмкүн. Жеке мамиледе сүйүктүүңүз кысым жасап, эркиндигиңизди чектеп жатса, кеч боло электе бул нерсе сизге жакпай жатканын ачык айтыңыз.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Өзүңүзгө кам көрүүгө убакыт келди, медитация жасаңыз, йогага барыңыз, туура тамактануу менюсун түзүп чыгыңыз. Аба ырайы ысык болгону менен, суукка урунуп калуу коркунучу жогору. Андыктан кондиционер алдында сак болуңуз, муздак суусундук же тамак-аштарды абайлап жеңиз. Үйдү иретке келтирип, эски, колдонулбай турган буюм-тайымдарды ыргытканыңыз жакшы. Достордун бири сиздин жардамга муктаж болушу мүмкүн. Телефон чалуу аркылуу маанилүү кабар угасыз.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Позитивдүү эмоцияларга бай апта болмокчу. Сүйүктүүңүз, балдарыңыз же башка жакындарыңызга байланыштуу кубанычтуу кабар аласыз. Эс алууга, жактырган нерселерге көңүл бурганды унутпасаңыз, чарчоо эмне экенин билбей жүрөсүз. Анан да сизге шопинг эмоционалдык рахат тартуулайт, андыктан бул аптада өзүңүздү эркелетип дүкөнгө баш багыңыз. Ашказан-ичеги оорулары тынчыңызды алышы мүмкүн, майлуу, ачуу, туздуу тамактарды азайтып, жашылча-жемишти көбөйтүңүз.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Иштер көп болгондуктан суткадагы саат 24 эмес, 36 саатка узарып кеткендей сезилет. Мындай чыңалган абал шаршембиге сейин созулат, андан кийин баары ордуна келип жеңил дем алып каласыз. Баса, шаршемби романтикалык көз ирмемдери менен да жүрөк жылытмакчы. Пайдалуу сезилген сунуш аласыз, бирок чечим чыгарууга кенен убакыт сураганыңыз жакшы, бул иште шашпаш керек. Дем алыш күндөрү үй-чарба иштериндеги маселелер менен алек болосуз.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Аптада бир нече таанышуулар, жолугушуулар орун алат, бирок алардын баары перспективдүү деген ойдон алыс болуңуз. Туура келбеген адамга көп энергия короткондон сак болуу керек. Ушак-айыңдардан алыс болуңуз, өзүңүз да жалган жалаага кабылышыңыз ыктымал. Үйгө керектүү нерселерди сатып аласыз. Жакын адам менен конфликт жаралбашы үчүн эмоцияга алдырбаңыз. Кайсы бир учурда жасаган жакшылыгыңыз үчүн ыраазычылык угуп кубанасыз. Апта үй иштерин бүткөрүү менен аяктайт.
СУУ КУЯР
(21.01–19.02)
Аптада финансылык иштерге байланыштуу маселелер менен алек болууңуз күтүлөт. Пландалбаган нерселерге акча коротууңуз мүмкүн. Көп жылдар бою сактап жүргөн сезимдериңизди билдирүүгө убакыт келди. Өнөктөшүңүз менен мамилеңиз жаңы деңгээлге чыгат, үйлөнүү үчүн эң сонун мезгил. Атаандаштар менен компромисске барганга туура келет. Эмоцияңыз чегинен ашып кетет, ошондуктан сиздин жүрүм-турумуңузду айрымдар түшүнбөй калышы мүмкүн. Досуңуздун үйүнө баш багасыз.
БАЛЫК
(20.02–20.03)
Аптада өтө сезимтал жана эмоционалдуу болосуз. Жашооңузду жакшы нукка бурган сүйүктүү адамыңызга жолугушуңуз мүмкүн. Салмак ташташ үчүн бекем эрк жана тартип керектелет. Каржы тармагында сизди чоң ийгиликтер күтөт. Үй-бүлөңүз менен чакан саякатка чыгууну пландаңыз. Онлайн алдамчылардын тузагына түшүү коркунучу бар, сак болуңуз. Бирөөнүн алдында туура экениңизди далилдеп чарпылбаңыз, убакыт баарын өз ордуна коюп, кайрадан сиздин жардамга кайрылышат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |