Ли Жун Ён: “Таланттуу эмес, эмгекчил актёрмун”

№1180

Акыркы убакта экрандан көп көрүнүп, арты-артынан хит сериалдарга тартылып жатат актёр Ли Жун Ён. Аны актёр катары эле тааныштырганыбыз да туура эмес болуп калат. Анткени ырчылык карьерасын да ийгиликтүү түптөп алган. Ошентсе да өзүн таланттуу эмес, эмгекчил адам деп эсептеген Ли Жун Ёнго “жөнөкөй адам” деген сүрөттөө куп жарашчудай. 

 

Туулган жери: Түштүк Корея, Кёнгидо

Туулган жылы: 1997-жыл, 22-январь

Жылдыз белгиси: суу куяр

Бою: 185 сантиметр

Кесиби: актёр, ырчы, рэпер

Ойногон музыкалык аспаптары: гитара, фортепиано

Тартылган белгилүү тасма-сериалдары: “Алсыз баатыр-2” (“Слабый герой-2”), “Жашоо сага мандарин бергенде”, “Күлчү кыз болгум келет”, “Фитнес-борбор”, “Жоопкерчиликтүү жаран”, “Өч алуу клубу”, “Канайым Вонгён” жана башка

Сахна кумары

Кичинесинен сахнага болгон кумары, умтулуусу, каалоосу күч болчу Ли Жун Ёндун. Үйдүн улуу баласы, карындашы бар. Мектепте окуп жүргөндө ырдап, бийлеп, сүрөт тартып чыгармачылык өнөрлөрү бар экенин билдире баштаган. Баласынын умтулуусун байкаган ата-эне ал мектепти бүткөндөн кийин искусствого кетем деген каалоосун түшүнүп, колдоп беришти. Мына ошентип, 2014-жылы ал “U-KISS” бойз-бендинин катарына кошулуп, стажировкадан өтө баштаган. Чыгармачыл адам болуу кыялы ушунчалык күчтүү эле, ырчылык менен катар бий боюнча көндүмдөрүн да өнүктүрүп, “Ladies' Code” аттуу кыздардын тобунун аркасында бийлеген бийчилердин катарына кошулган. “Эгер “U-KISS” тобуна кошулуп ырчы болбогонумда, бийчи болуп, баары бир чыгармачылык чөйрөдө калмакмын” дегени бар. “U-KISS” тобу 2014-жылы дебют жасап, каарманыбыз кыскача Жун псевдоними менен чыга баштаган. Бул топ азыр да популярдуу, айрыкча Японияда, болгону араларында Жун жок.

2017-жылы ар тараптуу таланттарды сынаган "The Unit" сынагына катышат. Ондогон улан-кыздардын арасынан суурулуп чыгып, акыры жеңишке жетип, жаңы түзүлгөн “UNB” музыкалык тобуна мүчө болгон. 

Кезек кинодо

Ырчылык көксөөсүн бир аз баскандан кийин эми өзүн кинодон сынап көрүшү керек эле. 2017-жылы эле “Нара үчүн атайын тамак” деген сериалда кичинекей ролго ээ болгон. Анын аркасынан эле кийинки тасмага чакыруу алып, бул ирет актёр катары өзүнүн толук аты-жөнү менен чыгууну чечкен. “Өч алуу клубу” дорамасы Жунду актёр катары таанытууга жардам берди.

2019-жылы кыска псевдониминен толугу менен баш тартып, топтон да кетип, жеке ырчылык карьерасын өнүктүрүүгө киришкен. Ырчылыгы, театр, мюзикл, кино, айтор, Ли Жун Ёндо бош убакыт жок эле.

Кино сынчылар актёрду “каарманынын эмоциясын ар тараптуу ачып бере алат, образына өзүнө гана тиешелүү “изюминка” кошо алат, харизмалуу актёр” деп жогору баа беришет. Учурда анын куржунунда ондогон тасма-сериалдар бар. Өзгөчө 2024-2025-жылы актёр тартылган бир нече дорама хит долбоорлордун катарына кошулду. Анын ар биринде Ли Жун Ён ар башка амплуада. Кайсы дорамалар дейсизби, мына тизмеси: “Алсыз баатыр-2” (“Слабый герой-2”), “Жашоо сага мандарин бергенде”, “Күлчү кыз тууралуу кыялдануу”, “Фитнес-борбор” жана башка.

“Сүйүүдө камкормун”

Талант десең талант, өнөр десең өнөр, келбет десең келбет бар жигитке ашык кыздардын саны көп. Бирок актёр дале бойдок, жүрөгүн бирөө жарымга тапшырганга убакыт таппай жүрөт. Кинодо көбүнчө терс каармандардын, бандит, зулум, кара мүртөз адамдардын ролун аткарат. Романтикалык ролдору жок эмес бар, бирок аз. “Романтикалык жаатта көп тажрыйба топтой элекмин. Бирок сүйүү мамилесинде камкор экенимди билем” дейт актёр. Сүйүүгө убакыт бөлө албай келе жаткан Ли Жун Ён 2021-жылы өзүнүн "Jflex" аталышындагы агенттигин негиздеген. Муну менен ал башкаларга эмес өзүнө иштөө максатын ишке ашырган. Анан да башкаларды өзүнө иштеткен бизнесменге айланган.

Актёрдун ойлорунан

• “Чынында, мен өзүмдү таланттуу актёрмун деп эсептебейм. Болгону эмгекчилмин. Андыктан чыныгы актёрдук таланты бар адамдарды көргөндө суктанам, кээде ичим күйүп кетет...”

• “Актёрлукка келүүм оор болду. Ырчы болууга үнүң болсо жетиштүү, устаттардын жардамы менен туура ырдаганды үйрөнөсүң. Жакшы бийлеш үчүн ийкемдүү болсоң, анан көп машыксаң ийгиликке жетесиң. Ал эми актёр болуш үчүн эмне керек экенин билбейт элем. Кастингдерге катышып, улам биринен “жок” деген сөз уга бердим. Кичинекей роль алып калсам, күнү-түнү студиядан чыкпай машыгат элем. Ошондо да “камеранын алдында ушинтип ойногон жатасыңбы?” деген сөздү көп уктум. Бул сөздөр убагында капа кылганы менен, азыр өтө баалуу кеңеш болгонун түшүндүм...”

• “Эс тартканы иштеп эле келе жатам, эс алуу убактысы созулса өзүмдү ыңгайсыз сезип кетем. Акыркы убакта 2-3 долбоорду тартуу бир учурга туш келип, жетишүү үчүн машинада уктаганга туура келди. Суроо-талап болуп турган убакта колумдан келишинче иштеп алайын деп турам. Аскерге кетчү убакытым жакындап келе жатат, бул убакта чыгармачылыкта бир аз тыныгуу болот экен. Алдыдагы белгисиздик бир чети толкундантып, бир чети кубандырып жатат...”

• “Мелодрамаларды көрбөйм, романтикалык шоу-берүүлөрдү да көрбөйм, өзүмдө да мелодрамалык ролдор аз, көп албайм. Алсам бардык эмоция өзүмдөн чыгышын каалайм. Эгер башкалардын оюнун көрүп калсам, “ии, романтика ушундай болуш керек турбайбы” деп аларды ээрчип кетемби, туурап каламбы деп корком...”

• “Армияга кетердин алдында музыкалык альбом чыгаруу планым бар. Бул менин акыркы альбомум болот. 20 жылдык ырчылык карьерамды убагы келгенде жыйынтыкташым керек, татыктуу болсун деген аракеттин үстүндөмүн...”

• “Азыр мага “популярдуу болуп кеттиң, жашооңдо өзгөрүү болдубу?” деген суроону көп берип жатышат. Ооба, көчөдөн тааныгандар көбөйдү. Бирок өзүмдө эч кандай өзгөрүү болгон жок. Мурдагыдай эле метродо, автобустарда кенен жүрөм. Көчө бийлерине активдүү катышам, каалаган жеримде сүрөт тартып отурам. Көнгөн жашоом менен эле жашап жатам...”

Асыл Орозбекова

 


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо