БАБАНОВ ОРУСИЯДАН КӨЗ КАРАНДЫБЫ?

№435 4-10-март, 2011-жыл


Жаздын жыты, толкуну жана деми биринчи “ата мекенчилерге” жеткен өңдөнөт. Алар өлкөнүн экономикалык тармагын башкарган 1-вице-премьер Өмүрбек Бабановду “кет” дей башташты.

Өмүрбек Бабановдун 1-вице-премьерлик кызматта калууга моралдык укугу жок, кызматтан кетиши шарт”,- дешет ата мекенчилер. Аталган партиянын фракциялык жыйынында Өмүрбек Бабановдун жээни “Манас” аэропортундагы “Күйүүчү май куюучу комплекс” ЖАКысын жетектей тургандыгы айтылды. “Андан тышкары вице-премьердин Орусияда чоң бизнеси бар. Башка мамлекеттен көз каранды болуп отурса, өлкөнүн башкы экономисти өзүнүн функционалдык милдеттерин кантип жакшы аткармак эле?”- дейт депутат Ташболот Балтабаев.
Алардын айтымында, Өмүрбек Бабанов дары-дармекке салык киргизүүнү көтөрүп чыгып, андан 200 миллион сом киреше көрүүнү каалап жатат. “Бирок өзүнүн тапкан пайдасы менен бөлүшкүсү жок”,- дешет.
“Ата Мекен” партиясынын маалыматына ылайык, Бабановдун жээни башкарган комплексте авиакомпаниялар күйүүчү майдын 1 тоннасын 300 долларга сатып алышат. Бул Алматыдагы баадан да жогору. “Жеке адамдын койгон баасынан өлкөнүн кызыкчылыгы жабыр тартууда”,- дешет социалисттер.
Кезинде “ата мекенчилер” “Республика” менен коалицияга биригүүгө макул болушкан. Бирок Текебаевди спикерликке шайлоодо керектүү добушту бербей койгондор да республикачылар болду эле. Андыктан парламентте Республика менен Ата Мекен тымызын тирешүүдө.

Эльвира Караева,
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(12)
04.03.2011. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Soz jok,bizdin bawkaruu4ularga.
05.03.2011. 07:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Babanovybyz dagy taza emes eken...Taza ishtegen okmot ishmeri barby degi???
05.03.2011. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бабанов ал элдин кызыкчылыгын эч качан ойлогон эмес , ага өзүнүн кызыкчылыгы жогору туурат кетсин Бабанов !Биздин өлкөгө элге кызмат кылган адам келиш керек. ..............
05.03.2011. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бабановдун сырын ачкандар таза беле аларга улушун бербеген учун биринин сырын бири ачып жатат элди ойлогон эч ким жооооооооооккк.Жеп тойуп жарылып кетсенер экен ушул бийликтегилер элдин каргышы тийсин оомийн.
05.03.2011. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бабанов мырзага соз тийгизбегиле, жаш курч жигит, Ош окуясына берген жардамы Мамалекеттин кылган кылыгынан, берген жардамынан ашып тушот, "Ата-мкенчилер" озунун арыгын тазалап алсын, Текебаевдин мурунку бедели жок, азыр мин бакырганда да заман башка

05.03.2011. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Текебаев кылтыйтып дагы кайсы жылаандын башын чыгарып жатат, деги коро албастык оорудан качан арылабыз, кыргызым
05.03.2011. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Текебаевден башкаларынын Орусияга коз каранды экенин бешиктеги баладан өйдө баардыгы билишет. Бирок,бул Текебаевдин эч кимге коз каранды эмес экендигин корсотпойт.Текебаев батыш мамлекеттерине коз каранды. Озу айтып тургандай эле коалицияга кошпой,испикер кылбай койгондоруна Ата-Мекенчилердин жамбаштары куйуп кетип атат да. А, эч кимге коз карандысыз мамлекет болуп жашоону элетете да албай жатасынар.
06.03.2011. 03:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Создун кыскасы, такка озум барбазам болбой калды окшойт!
06.03.2011. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
politikteribizdin baarin atish kerek alar satkindar go
06.03.2011. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
karoche jawtar biilikti ozubuzgo albasak bul karishkirlar jakinda kyrgyzstandi jok kiliwat go
08.03.2011. 05:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам кыргыздар качанга чейин бири-бирин короалбай бюджеетти жеп жашайт.Эй чиновниктер силер деги тойосунарбы бут нерсе кымбаттады качан кудайга шугур деп эл учун иштейсинер.Азыр мамлекет элди эмес,эл мамлекетти багып жаткан учуру.тамга тааныбаганы деле депутат Отунбаеваны эч ким шайлабаса деле призидент,аны мен призидент деп эсептебейм
09.03.2011. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи эле Бабанов кооз суйлогондон башка жарытылуу деле иш кылбайт окшойт. Анын устуно калпычы неме турбайбы!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо