БРАУЗЕР ДЕГЕН ЭМНЕ?

№437 18-24-март, 2011-жыл

Азыркы күндө техника чөйрөсүнөн алыс адамдардын арасында да көптөгөн жаңы терминдер колдонулуп келет. Бүгүн биз сиздер менен компьютер дүйнөсүндөгү веб-браузер деген түшүнүк жөнүндө кыскача маалымат менен бөлүшөбүз. Жана анын 4 түрү тууралуу түшүнүк бермекчибиз.

БРАУЗЕР
бул – интернет тармагындагы маалыматты жеңил көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берилген программа. Учурда браузерлердин түрү көп. Алардын ар бири өзүнчө интерфейске (сырткы көрүнүшкө) ээ, бирок түзүлүшү бирдей болот. Төмөндө биз белгилүү төрт браузерди тааныштырмакчыбыз.

Google Chrome
бул – «Google» компаниясына таандык, колдонуучулардын назарына сунулган жаңы браузер. Браузер менен колдонуу үчүн атайы билимдин да кереги жок, бардыгы оңой жана түшүнүктүү. Алгач Chrome Windows системасына гана ылайыкталып чыгарылчу, кийин (2009-жылдын декабрынан тарта) Linux жана Mac OS X системаларына да ылайыкташтырылган. Дүйнөдө Google Chrome өндүрүшү, тездиги жана сапаты боюнча Opera менен тең тайлашып келет. Учурда популярдуулугу боюнча 3-орунда турат.

Mozilla Firefox
(англис тилинен которгондо «жалындуу түлкү») – эң ийкемдүү, кеңири түзөтүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ, популярдуулугу боюнча дүйнөдө 2-орунда турган интернет браузер. Алгач Phoenix (Феникс) деген аталышта чыгып, кийин Firebird, Firefox болуп өзгөртүлгөн. Firefox менен колдонуучу браузердин сырткы көрүнүшүн жана кызматтарын өзүнө жаккандай кылып өзгөртүп алса болот. Браузерге орфографиялык текшерүүчү, издөө системасы жана жүктөө менеджери сыяктуу майда, бирок керектүү кызматтар орнотулган.

Windows Internet Explorer
(мурун Microsoft Internet Explorer же жөн гана Internet Explorer, кыскача MSIE же IE) – «Microsoft» корпорациясы тарабынан 1995-жылдан бери чыгарылып келе жаткан, Windows деп аталган операциондук системанын түзүлүшүнө орнотулган браузер. 1999-жылдан баштап 2002-2003-ж.ж. аралыгында эң көп колдонулган веб-браузер болуп эсептелет. Бирок соңку жылдары колдонуучулардын сүйүүсү башка, жаңы жана күчтүү Mozilla Firefox, Google Chrome, Opera сыяктуу браузерлерге ооп, Internet Explorer өзүнүн актуалдуулугун жоготуп келет. Учурда интерфейси жаңыланган жана мүмкүнчүлүктөрү жогорулатылган Internet Explorer 9 версиясы колдонууга чыкты.

Opera
– «Opera Software» компаниясынан жаралган эң сапаттуу жана көп тармактуу браузерлердин бири. Алгач ал 1994-жылы норвегиялык «Telenor» компаниясынын окумуштуулары тарабынан иштелип чыгып, 1995-жылдан тарта браузердин алгачкы версиясынын авторлору түзгөн «Opera Software» компаниясына таандык. Анын башкы айырмачылыгы болуп, бир терезеде көп барактуу интерфейсти ачуу мүмкүнчүлүгү эсептелчү. Учурда бул ыңгайлуулукту башка браузерлер да колдонуп келет. Мындан сырткары аталган браузерге виджеттер (чакан веб-колдонмолор)топтому, torrent жана жай кошулууну трафикти кысуу жолу менен тездетүүчү программалар орнотулган.

Соңку жылдары технологиянын өнүгүшү менен интернет дүйнөсүнө уюлдук телефон аркылуу кирип, маалыматтарды алуу ыңгайлуу жана актуалдуу болуп калган. Муну байкаган ири компаниялар атайын телефондорго орнотулуучу браузерлерди иштеп чыгышып, өзүлөрүнүн популярдуулугун арттырууда. Учурда жогоруда айтылган 4 браузердин экөөндө (Firefox, Opera) телефондорго ылайыкташкан версиялары иштейт. Ал эми биздин www.super.kg сайтына колдонуучулар өзүнө жаккан браузер менен кирип маалымат алса болорун айта кетпесек болбос.

Мирана Мамырбаева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(12)
19.03.2011. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Opera degendi ukpaptyrmyn... Men Chrome menen Firefox koldonom.
19.03.2011. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Opera чындыгында популярдуу, бирок интеренеттин ылдамдыгы аз болсо анда Mozila Firefoxту колдонгон ынгайлуу деп эсептейм.
19.03.2011. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Milli internette otyryp operani ykpasan pai pai
20.03.2011. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менде Опера. Аябай ынгайлуу башкаларына салыштырмалуу.
21.03.2011. 03:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Google Chrome-Эн жакшысы.
21.03.2011. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
google менимче эн мыктысы деп ойлойм.
21.03.2011. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Da Google Chrome jakshy brouzer chem operaga karaganda...
21.03.2011. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Опера эн сонун баарынан,компко да,телефонго да жакшы ынгайлуу колдонсон болот.
Google Chrome да калышпайт,бирок мобилдик версиясы жок да.
23.03.2011. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
БРАУЗЕР деген сыяк күн сайын тилибизге сенек сөздөрдү жаңы термин деп кабыл ала берсек дагы анда КЫРГЫЗ ТИЛИ кыргыз тили болбой калатго, ушундай сөздөрдү кыргызча сүйлөтүү керек эле, эх буларды айтсам ким укмак эле.
БРАУЗЕР - тор аралагыч, тор көргүч, кыдыргыч дегендей сөздөр менен кыргызчаласа жакшы эле болмок
25.03.2011. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм меники Mozila Firefox мага жагат
31.03.2011. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Google Chrome колдонгонго оной жана ынгайлуу и скорость да жакшы.
30.06.2011. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
операнын баарынан да вкладкалары жагат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо