ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

№437 18-24-март, 2011-жыл

Япония

ЗИЛЗАЛАДАН КИЙИН РАДИАЦИЯНЫН КОРКУНУЧУ КҮЧ
11-мартта Япониянын чыгыш жээгинде күчү 8,5 баллга жеткен жер силкинүү болуп өттү. Анын жыйынтыгында каза болгондордун саны 3700 адамдан ашып, 8000ге чукул кишинин дайыны белгисиз.

"Фукусима-1" атомдук электр станциясындагы жардыруу радиация коркунучун жаратты.

Жер титирөөнүн очогу Мияги префектурасынан 130 чакырым алыстыкта орун алган. Зилзаланын натыйжасында толкуган океан суусу жээктеги шаарларды жууп кеткен. Шаршемби күнгө чейинки маалыматка ылайык, Японияда жердин тынбай силкинүүсү катталууда. 11-марттагы цунаминин бийиктиги 10 метрге чейин жетип, миңдеген үй жана имараттарды талкалаган. Учурда бул окуя "өлкөнүн тарыхындагы эң көп зыян алып келген" деп таанылды.
Зилзаланын кесепетинен “Фукусима-1” атомдук электр станциясында жарылуу болгон. Андан улам радиациянын айлана-чөйрөгө таралышы чоң коркунуч туудурууда. Бул аймакта жашаган калк башка жакка көчүрүлдү.
Ушул тапта АКШ, Түштүк Корея, Орусия жана башка өлкөлөрдүн куткаруучулары окуя орун алган жерде жергиликтүү куткаруучулар менен биргеликте иш жүргүзүп жатышат. Дүйнөнүн 102 өлкөсү Японияга жардам берүүгө даяр экендиктерин билдирген. Анын ичинде Кыргызстан да бар.

АКШ

ЭКИ КЫЛЫМДАН КИЙИНКИ ДЕҢИЗ КАРАКЧЫЛАРЫНЫН СОТУ
АКШнын Виржиния штатында деңиз аскердик күчтөрүнүн кемесине кол салган сомалилик 5 жаранга сот өкүмү угузулду. Ага ылайык, деңиз каракчылары өмүр бою түрмөдө отурмай болушту. Ушул жылдын 14-мартында чыккан бул чечим АКШ тарыхында деңиз каракчыларына карата эки кылымдан бери алгачкы жолу чыкты. Акыркы ирет 1819-жылы ушул эле штатта испан кемесине кол салган деңиз каракчыларын сот жообуна тартышкан.

Бахрейн

ТАЛКАЛАНГАН АСКЕРДИК ЛАГЕРЬ
15-мартта Бахрейндин борбор шаары Манаманын Ситра шаарчасында оппозиция менен тартип коргоочулар кагылышты. Анда 3 адам көз жумуп, 200гө жакыны жаракат алган. Демонстранттар борбордук аянттагы аскердик лагерди талкалап, бул окуяда полиция кызматкери октон каза тапкан. Өлкөнүн жетекчилиги 3 айлык өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнү жарыялаганда, нааразычылык акциясы күч алган. Оппозиция өкүлдөрү бул режимди сактабай тургандыгын айтып чыгышты. Эскерте кетсек, 2011-жылдын 14-февралынан тарта шииттер “саясий укуктарыбызга көңүл бурулбай келет” деп иш таштоолорду башташкан.

Эфиопия

ЖАҢЫ ОКЕАН ПАЙДА БОЛОБУ?
Эфиопиянын Афар өрөөнүндө болуп жаткан өзгөрүүлөргө жер кыртышынын чукул жукарып жаткандыгы себепкер. Окумуштуулар “бул геологиялык өзгөрүүлөр барып отуруп Африканын картасында жакын арада жаңы океан пайда болушуна түртөт” дешүүдө. 2005-жылы бул аймакта жер кыртышынын бузулушунан туурасы 7 метрге, узундугу 50 чакырымга жеткен жарака келип чыккан. Изилдөөчүлөрдүн байкоосунда, мына ушундай көрүнүш 12 жолу катталган. Учурда бул өрөөндө океандын түзүлүү процесси адистер тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынган.

Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
20.03.2011. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акыр заман келаткан жокпу
22.03.2011. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ии Япония жаман болду го ыя. Иши кылса кайра кайталанбаса экен кудай колдоп!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо