БУТ ЭМНЕ ҮЧҮН КӨП ТЕРДЕЙТ?

№439 1-7-апрель, 2011-жыл

Организм тер бөлүп чыгаруу менен дененин температурасынын бир калыпта турушуна кам көрөт. Бирок буга карабай, өзгөчө жайында кээ бирлердин буту көп тердейт. Мунун себептери илимде кандайча аныкталат?

ДЕНЕБИЗДИН “ТЕРМОРЕГУЛЯТОРЛОРУ”
Терди биздин терибиздин алдында жайгашкан тер бездери бөлүп чыгарат. Тер аркылуу организм өзүндөгү температураны бир калыпта кармап турганга аракет кылат. Башкача айтканда, тер бездери “терморегулятордун” ролун аткарат. Чеги менен тердесе жакшы дечи, бирок кээ бирлер ашыкча тердейт. Бул медицинада гипергидроз деп аталат. Бүгүн биз буттун ашыкча тердөөсү боюнча сөз кылабыз.

СЕБЕПТЕРИ ЭМНЕДЕ?
1. Ысыкта жабык, анан бутту кыскан бут кийим кийүү.
2. Бутту туура эмес күтүү (мисалы, убагында жуубоо).
3. Стресс, толкундануу.
4. Кара күч эмгеги менен узакка алектенүү.
5. Буттун тери оорулары. Мисалы, гри­бок оорусу. Мындай ооруда буттун манжа аралары кургап, жарылып, ал жер кычышып, карттанат. Бул тердин көп бөлүнүп чыгышын шарттайт жана бутту аябай жыттантат.
6. Жугуштуу жана ички без оорулары (мисалы, кант диабети), залалдуу шишиктер, ошондой эле нерв системасынын оорулары.
7. Синтетикалык байпак.
8. Дермантин же резина бут кийим.
Гигиеналык эрежелерди сактап, туура күтсө да буту ашыкча тердеген адамдар дарыгерлерге кайрылып, себептерин аныктатуусу кажет. Анткени, мүмкүн, ал адамда грибок же нерв системасынын оорусу бар чыгар.

ГИГИЕНАЛЫК ЭРЕЖЕЛЕРДИ САКТАҢЫЗ!
1. Ысыкта күндө кечки убак бутту самындап жууп, кургатыңыз.
2. Ысыкта пахтадан жасалган байпак кийиңиз.
3. Бут кийимди 2 апта сайын жууп, шамалдатып кургатыңыз.
4. Резина бут кийим кийип иштөөгө туура келсе, анда чечер замат бутту самындап жууңуз.
5. Ысыкта ачык бут кийим кийүү зарыл.
6. Күндүз көп басууга же иштөөгө туура келсе, анда атайын упа дарыны сээп, анан байпак кийүү оң. Бул жаатында жаңы чыгып жаткан “Антипотин” дарысы абдан таасирдүү.

«АНТИПОТИН» ДАРЫСЫНЫН КАСИЕТИ ЖАНА КОЛДОНУУ
Упа дарынын курамындагы бор кислотасы антисептикалык (микробдорго каршы) ролду аткарат. Анын үстүнө терини дүүлүктүрбөйт. Бор кислотасы ашыкча тердөөдөн арылтуучу каражаттардын баарында негизги курам болуп эсептелет.
Ал эми салицил кислотасы сезгенүүнү жана дүүлүгүүнү (кычышууну да) басып, бактерияларды жок кылуучу касиетке ээ.
Сары софоранын тамыры нымды жутуп, терини кургатып, кычышууну басат. Бактерияларды өлтүрүп, сезгенүүнү кетирет.
Бензой кислотасы эфир майын бөлүп чыгаруучу өсүмдүктөрдөн алынат жана бактерияларды өлтүрүүчү каражат болуп эсептелет.
Тальк сезгенүүнүн алдын алат.
Дарыны колдонуу жаатына келсек, 1 кичине баштыкчадагы (40 грамм) упа дарыны 1,5-2 литр кайнак сууга салып, анан бир аз муздагандан кийин бутту 30 мүнөт салып отуруу кажет. Бул күнүнө 1 гана жолу жасалат. Дарылануу курсу 3 күн. Дарынын тескери таасирлери жок. Кош бойлууларга, жаш балдарга колдонууга болбойт. Бут териси жарылып, ыйлаакчалар бар болсо да колдонууга болбойт. Дарыдан аллергия жаралса, анда колдонууну токтотуп, врачка кайрылуу кажет.

КЫЗЫКТУУ
Адамдын таманында 250 миңге жакын тер бездери жайгашкан. Алардан тер бөлүнүп чыгып турат. Тердеген жерде бактериялар көбөйүп, алардын бөлүп чыгарган калдыктары жаман жыттын чыгуусун шарттайт.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(10)
02.04.2011. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kizik eken.
02.04.2011. 04:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы информация экен, кээ бир эркек балдар буттарын сасатып журо беришет го

02.04.2011. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sеzy балдарго,балдар сенинделе бир жерин жытанып турса керек маал,маал
02.04.2011. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Обаа кызык экен:-):-)
03.04.2011. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Точно жыттанат:-):-)
04.04.2011. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
тируу жандар баары эле сасык болушат, жуунуп- тазаланып турганыбыз учун гана жакшы журобуз, антпесе сасып кетиш оной эле.
04.04.2011. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сези менимче сенин жигитин ошондой болсо керек! сен торолгондон тарта чоноюп ушул теманы окуганга чейин сен да саып журсон керек! эгер сенин бутун сасыбаганда бул теманы окумак эмессин! балдар деп... кыздарда да коп андайлар!
12.04.2011. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коп эле инфармаця жасанар болмок азыр кобунуку эл сасыйт.
03.06.2012. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
грибокту кантип дарыласа болот бироонун бут кийиминен жугабы ушуга жооп берип койгула
21.10.2012. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
andarak, жугат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо