ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫНЫН ӨЗ БААСЫ КАНЧА?

№439 1-7-апрель, 2011-жыл

Өткөн саныбызда «Урматтуу лидерлер, убаданы унуткан жоксуздарбы?» деген аталыштагы макала жарыяланган. Анда электр энергиясынын өз баасы 70 тыйын деп жаңылыш жазып алганбыз. Шайлоого чейин эле Убактылуу өкмөт бул бааны 70 тыйынга түшүргөнү белгилүү. Калк «республикачылардын» жарыкты өз баасында берүү убадасына муюп, 70 тыйындан да арзан болот деп күткөн. Деги Кыргызстанда өндүрүлгөн электр энергиясынын өз баасы канча?

Биз “Республика” партиясынын үгүт учурундагы “электр энергиясын өз баасында сатабыз” деген убадасын тактоо үчүн ЖКнын депутаты Бакыт Төрөбаевге кайрылдык. Ал: “Ооба, ошентип айтканбыз. Коалицияга киргенде бул талап келишимде жазылган. Анын үстүнө “Республиканын” атынан дайындалган Энергетика министри Аскарбек Шадиев июнда электр тогунун өз баасын билдирет. Азыр аудит жүргүзүлүүдө. 70 тыйындан арзан болуп калышы ыктымал”,- деп жооп берди.
Электр энергиясынын өз баасы ачык тактала электигин төмөндөгү билдирүүлөрдөн билип алсаңыздар болот:
“Тарифтер 70 тыйын болот. Анткени «Токтогул» ГЭСиндеги электр энергиясынын өздүк наркы 8 тыйын”,- деп Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Алмазбек Атамбаев айткан. 2010-жыл, апрель.
“Азыр электр энергиясынын өз баасы 1 сом 40 тыйын. Бирок өкмөт тең жарымын өз моюнуна алып, жыйынтыгында эл 70 тыйындан төлөп жатат”,- деп Энергетиканын экс-министри Осмонбек Артыкбаев билдирген. 2010-жыл, сентябрь.
“2010-жылы Кыргызстанда электр энергиясынын өз баасы 21,87 тыйынды түздү” деп “Электр станциялары” ААКсы кабарлаган.
“Электр энергиясынын өз баасы 50-55 тыйын турат”,- деп энергетика боюнча серепчи Расул Умбеталиев айткан. 2011-жыл, январь.
“Бүгүн компаниялар менен электр энергиясынын өз баасын аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат. 20-февралда анын өз баасынын жыйынтыгын жарыялайбыз”,- деди Энергетика министри Аскарбек Шадиев. 2011-жыл, январь.
2005-жылы электр энергиясынын орточо өз баасы 40 тыйын болсо, 2001-жылы «Токтогул» ГЭСинен 3 тыйындан деп эсептелген. Ал эми 2007-жылы Энергетиканын экс-министри Игорь Чудинов бааны 64 тыйынга жеткирсе, көп өтпөй экс-премьер Данияр Үсөнов “Кыргызстанда токтун өз баасы 1 сом 30 тыйын” деп элдин эсин кетирген. Бул маселеге чек коюу үчүн кезинде токтун өз наркын аныктоого чет жерден аудиторлор чакырылары айтылган. Акыркы 20 жылдан бери түзүлүп калган коррупциялык системага аудит компаниялардын туруштук берүүсү да кыйын. Анткени энергобарондор электр энергиясынын чыныгы баасын билдирбегенге, аудиторлорду сатып алууга аябай аракет кылышат.

Эльвира Караева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
02.04.2011. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элдин кыжырына тийбей, тезиреек баасын тактап берсениздер экен, дагы тонкоруш болуп кете электе.
08.04.2011. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгерде жаны окмоттогулор элге так маалымат бербесе, жетим-жесир, карапайым эл соссуз турдо дагы тонкоруш жасашат. Анткени эл азыр бук болуп кутуп кыйналууда.
08.04.2011. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нервим чыдабай кетти.Энергетика министрин ишинен алып ыргытса, жанындагы кошоматчы, серепчилери менен.Ордуна отурчу адам ойлонуп калаар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо