№439 1-7-апрель, 2011-жыл
Бул сапар учурда расмий оппозицияны түзгөн “Ар-намыс” жана “Ата Мекен” партияларынын шайлоо алдында берген убадаларын карап көрөлү.
КУЛОВ КАЛКАЛАЙ АЛБАЙ ЖАТАТ
“Ар-намыстын” лидери Феликс Кулов партиянын көп жылдардан бери иштегенине таянган чыгар, шайлоочуларга жомоктогудай жашоого сөз берген эмес. Элдин эсинде “Мыйзамдын темир калканы” деген урааны калды.
Феликс Куловдун берген убадалары:
Бишкек шаардык мэриясынын айласын кетирген митингдер күн сайын Ак үй менен Көк үйдү да тынчытпай жатат. Ушундайда «мыйзамга темир калкан» болууну убада кылган «Ар-намыс» бийликте болсо бир чечкиндүү кадам жасап, баш калаада, бүткүл Кыргызстанда тартип орното алар беле деп үмүттөнөсүң. Анткени азыр өлкөбүзгө темирдей тартип аба менен суудай керек болуп турат.
Июнь окуясында жабыркаган Ош жана Жалал-Абад облустарын калыбына келтирүү өкмөт жана донорлордун жардамы менен ишке ашууда. Эске салсак, шайлоого чейин эле түштүктү калыбына келтирүү иштери жолго салынган. Ал эми күч структураларын көчүрүү демилгеси колдоо таба элек.
Ушул сөздүн өтөсүнө толук чыгышпаса да, Феликс Кулов жыл башында айрым коррупциялык схемалардын бет пардасын ачып, элге жарыя кылды. Бирок андан олуттуу жыйынтык чыкканын сезбедик.
“АТА МЕКЕН” ДҮЙНӨНҮ ӨЗГӨРТТҮ
Эми «Ата Мекен» партиясынын убадаларына өтсөк. Парламентаризмдин “атасы” атыккан Өмүрбек Текебаев өз эмгегинин түшүмүнө толук ээ болбосо да, азыркы тапта берген убадаларын аткаруу үчүн жан үрөгөнү байкалат.
Өмүрбек Текебаевдин берген убадалары:
Быйылкы жылдын 28-мартына чейин Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтордун 125 мүчөсү кармалганын ИИМдин 10-башкармалыгынын башчысы Таалайбек Акбаев кабарлады. Ооба, криминалитет менен күрөшүүгө күч структуралары катуу киришти. Демек, “ата мекенчилердин” убадасы жерде калбады.
Эгерде “Ата Мекен” коалицияга кошулса, ишти Ак үйдү акыркы 10-20 жылдан бери «менчиктештирип» алган аткаминерлерден тазалоодон баштамак беле? Кантсе да оппозициянын укуругу узун эмес. Ошентсе да оппозицияда калып, мейли, айрым аткаминерлерге жакпаганына карабай алардын айыбын ачып, элитаны тазалоо иштерин баштады.
Бул социал-демократиялык кыймылдын урааны. “Ар бир адамдын жашоосун саясатчылар жана партиялар эмес, аны биздин кыялдар жана тандообуз гана өзгөртө алат”,- деген Өмүрбек Текебаев. Анын айтымында, Кыргызстан үчүн араб өлкөлөрүндөгү кырдаал түшүнүктүү жана жакын. Антпесе Тунис менен Ливиядагы жашоонун деңгээли айрым постсоветтик өлкөлөрдүкүнөн жогору болгонуна карабастан, жаңы муун жашоонун өзгөрүүсүн каалады. “Биз дүйнөнү өзгөртөбүз!” деген ураан бекеринен айтылган эмес. Калыптанып калган режимди өзгөртүүнү каалаган Араб өлкөлөрүнө Кыргызстандагы өзгөрүү түздөн-түз болбосо да, кыйыр түрдө таасирин тийгизди. Бул сөздөрү менен «ата мекенчилер» Өзбекстан, Казакстан жана Орусияга Кыргызстандагы өзгөрүүнүн таасири тиет деп болжолдошкон. Ислам Каримов менен Дмитрий Медведевдин парламенттин укуругун узартууну жана бийликти модернизациялоо зарылдыгын айтып чыккандарын айсбергдин эрий баштаганы катары баалоого болот.
Эльвира Караева
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
теке экеноор эмне иш кылдынар кыргызстанга Текебвевти эле мактайсынар коалицияда болсо кыйратмак деп озуннон кетти го жалтактап олтуруп айагында кошулду эле тээп коюшту туура кылышкан