Өмүрбек Текебаев: «ӨМҮРБЕК БАБАНОВ ЭЛДЕШҮҮНҮ СУНУШТАП ЖАТАТ»

№439 1-7-апрель, 2011-жыл

Учурда Текебаев менен Бабановдун тирешүүсү коомчулуктун кызыгуусун туудурууда. Бул тууралуу Өмүрбек Текебаев “Саясат пресс” гезитине маек куруптур. Маектен үзүндү берүүнү чечтик.

– Эки Өмүрбектин ортосунда эмне болгон? Партия арасындагы атаандаштыкпы, өздүк таарынычпы, катылган сырларбы же чыныгы фактыларбы?
– “Республика” партиясы менен принциптүү суроолор боюнча көз карашыбыз бир. Биз саламаттыкты сактоо жана билим берүү мекемелериндеги 20% салыкты алып салуу демилгесин көтөрдүк. Бюджет тартыштыгын жоюу үчүн каржы булактарын издеш керек. Бабановдун жээни көп жылдан бери авиакеросин менен жарандык жана эл аралык ташууларды камсыздап, жылына 10 миллион долларга чейин пайда табат. Бирок ал акциздик салыктан жана экспортко кошумча төлөмдөрдөн бошотулган экен. Роза Исаковна Пентагондун жарым заказын мамлекеттик ишканага алып берди. Пентагонго күчүбүз жеткен, Бабановдун жээнине күчүбүз жетпейби?! Ошол эле Бабанов Пентагондон жарымын талашты эле, эми жээнинен заказынын жарымын мамлекетке албайбы? Дары-дармек менен билим берүү мекемелерине салыкты илип коюп элди кыйнагандан көрө, ушундай булактарды тапсак жаманбы?! Биз ага “Бабанов, сен мурда Акаев менен Бакиевдин алдындагы жөнөкөй ишкер болсоң, эми өкмөттүн башкаруучусу болдуң. Кел, эл менен бөлүш!”-деп айтабыз, бул жеке эмес, принципиалдуу суроо.
– Бабанов жөнүндөгү маалыматтарды ачыктагандан кийин аны менен бетме-бет жолугуп сүйлөштүңүзбү? Сиз же ал тараптан тил табышууга аракеттер болдубу?
– Бабанов айрым депутаттар, өкмөт мүчөлөрү, тааныштары аркылуу элдешүү сунушун билдирүүдө. Аны менен элдешкидей мен урушкан жокмун. Биз чай ичишкидей мамиле түзүп, “тамагың даамдуу болсун” деп айтыша албайбыз. Кыйын күндөрдө Бабанов эл менен бөлүшүүсү керек. Анын мамлекетке 30 миллион доллар карызы бар. Апасы Анипа Бабановага катталган «Мунай мырза» май куюучу ишканасын ал 2006-жылы 101 миллион долларга саткан. Бул акчага “Кыргызстан” банкын сатып алган. Бирок 10 пайыздык салыкты мамлекетке төккөн эмес. Акаевдин уулу менен бирге иштеткен «Манас Интернешнл сервис» ишканасы мамлекетке 20 миллион доллар карыз экени 2005-жылкы революциядан кийин белгилүү болгон. Бабанов Жогорку соттун чечимине жамынып жатат. Мейли, бир эмес, андайдан онду алсын, бирок элдик сот деген бар. БУУнун чечимин алып келсе дагы карызын төлөш керек. Орусиядан 30 миллион доллар алыш үчүн өкмөт ар аптада Орусияга барып сөгүш угууда. Орусиянын депутаттары биздин төрүбүздө отуруп алып: «Мамлекеттин казынасын өзүнүн чөнтөгүнө алмаштырып алган Бабанов сыяктуулар өкмөттө отурат. Мындай адамдар эки өлкөнүн мамилесине зыянын тийгизүүдө”,-деп өкмөттү сынга алды. Жакшыбы, жаманбы, Бабанов – биздин бала. Сындайбызбы же мактайбызбы, ал биздин иш. Сырттан келип алып сындаганга эч кимдин акысы жок. Бирок ким өзү себепчи болуп жатат, ким Кыргызстандын кадырын түшүрүп жатат?!
Бабановдун Москвада жана башка шаарларда ири бизнеси бар. Ошон үчүн жума сайын Москвага барып «байкелер, сиздер үчүн эмне кылып беришим керек?” деген саясаты Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө зыянын тийгизет. Депутат C.Багдасаров: «Бабановдун Пензада наркы 130 миллион доллар турган цемент заводун текшеребиз» деди. Бул “сиздин өкмөт биздин колдо, ал биз каалаган бийди бийлемекчи. Биз каалаган бардык келишимге макул болот” дегендик. Бабанов сыяктуулар мамлекеттик кызматта иштебеши керек. Думанын депутаттары туура айтышат. Биз дагы ушундай ойдобуз. Себеби Кыргызстандан чыгарылып кеткен акчага башка өлкөдө жумуш орундары түзүлүп, ал өлкөнүн экономикасына салым кошуп жатат. Ошондуктан бул суроолор жеке мамиледен чыгып жатат деген туура эмес. Бабанов элдешүүгө аракет кылганы менен, жеке кызыкчылыкты көздөп, элдин эсебинен андайга барбайм.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(14)
01.04.2011. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жеп атсаң мамлекетке деле курдай дегенде зекетин чыгарып койсоң боло.Акча топтоп эле көрүңө,чөнтөйү жок көйнөгүңө сала кетмек белең.Же акчаңдын көп болушу сенин көргө кириш мөөнөтүңдү узартып коймок беле.Бул жашоо 5 күндүк,балким андан да аз. Элдин кызматын аркалап,ак батасын алган адам утат.
02.04.2011. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу Теке менен Бабанга не жетпейт айткылачы не жетпейт? Банкы болгондон кийин керосинге тийбей эле койбойбу. Олсок эки метр жерге барабыз го.
03.04.2011. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кел, эл менен бөлүш! Значит Бабанов Текеге эч нерсе болушпой койгон окшойт
03.04.2011. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кел, эл менен бөлүш! Значит Бабанов Текеге эч нерсе болушпой койгон окшойт
04.04.2011. 03:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озунду да билсен боло Теке? Бабанов парень адекватный! Сен де гана банк болуш керекпи?
04.04.2011. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыскасы биздин чондордун биринин дагы уяты жок экен. Кыргызстанды чиритише турган болду, бири дагы таза эмес экен элдин ишениминен кетишти, актанышканда биздин итрикейибиз келчи болду. Биздин бул акмактар жэ кудайдан коркушпайт, жэ ааламдагы ааламаттан коркушпайт, Ээй акмактар биз бугун болсок ким билет качан жок болуп кетебиз акчанар, бизнесинер жардам бербейт "Уятынар менен тазалыгынар сактап калышы мумкун" ОЙГОНГУЛАЧЫ деги сураныч.
04.04.2011. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bulardyn baary eki juzduu eldi aldap biylikke olturup algandan kiyin el u4un e4 nerse kylbait, Kudaim korsotsun silerge!
04.04.2011. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Текебав,таптакыр уятын жок экенсин, сен интервью бербеген СМИ калган жокко чиркиндики. Менин интервьюмду элдер окуп эмне деген комментарий калтырышат болду экен деп ушуларды окуйт болдун бекен.
04.04.2011. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Текебаевдин эмнеге уяты жок болот, Бабановдун былыктарын чукуп жатса?
04.04.2011. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"zama" "renessans" корунуп турат что "анча-мынча"создорунордон кругозорунардын жаштыгы! билип билбей суйлой бербей факты менен далилдеп суйлобойсунорбу? бабанов качантан бери саясатчы боло калды? ал да элдин журогун суутуп кеткен максимдин шестеркасы! текебаевке келсек ал союз маалынан тарта туура эмес закондорго каршы чыгып келген! таажы учун саясатчыларды чукуган эмес! бабанов какой-то бизнесмен, саясатта аксак десем жанылышпайм!
05.04.2011. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба Теке союз маалынан бери саясатта, кылган ишинин мааниси жок. Элди алдап кооз суйлогонго ото уста. Жаш саясатчылардын ага караганда пайдалуу иштерди жасап, элдин оозуна алына баштаганын коро албай жатат. Бир аксакалдын "Бул Текебаевинер тулкунун ургаачысына эле окшош" дегенине эми толук кошулам
05.04.2011. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарын ушукчы катындарга окшоп базарда эле олтурсанар болчудай
07.04.2011. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"скорпион"сага дагы бир жолу айтаар элем: текебаев бир позициясы менен гана саясат жургузуп келет. Адахан, Бабановго окшоп ким бийлик берсе ошонун ырын ырдабай! Эмне учун Бабанов текебаевке элдешууну сунуштап жатат? менимче анын себеби бабанов ак эмес, текебаев анын иштерин ачыка чыгарып коюшунан коркот, ак болсо Текебаевке далилдемек!
11.04.2011. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
menin oium4a bizdin baardik 4ondorubuz .....
eldi jirgatpai kaldi. Kuuragan el kuuradi!
ex kirgizim! kaida barip jawaibiz!....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо