№440 8-14-апрель, 2011-жыл
Кубатбек Байболов Жогорку Кеңеште эки жолу сүйлөп, бийликтин “кара жашигин” ачып салды. Эми мындан жыйынтык чыгабы же, тескерисинче, бу киши куугунтукталабы? Жыйынтык чыкпаса анда азыркы бийликтин мурункудан кайсы айырмасы калат?
Президент Баш прокурорлуктан Байболовду алып салуу оңой эмес болгондугун мойнуна алды. Кубатбек мырза да отставкасын оор кабыл алган чыгар, “мына сага” деп адатта жашыруун сакталган айыптар сандыгын элге жайды. Урунттууларын сөз кылалы:
1. “Дастан” заводу боюнча кылмыш иши козголгон. Анда “Дастандан” алынган 2 миллион долларга чукул каражат КСДПнын шайлоо өнөктүгүнө сарпталганын айтып күбөлөр көрсөтмө беришти”.
– Алмазбек Атамбаев Баш прокуратурага кайрылып, Байболовдун бул маалыматын тактап, көзөмөлгө алууну суранды. Учурда бийликтеги партиялар мамлекеттин казынасын өз чөнтөгүндөй пайдаланганы чын болсо, анда мурдагы президенттерге коюлган “калктын казынасына тийбөө” талабы кайда калат?
2. “Биринчи вице-премьер Өмүрбек Бабановдун эки компаниясы 700 миллион сом өлчөмүндөгү салыкты төлөгөн эмес”.
– Өлкөнүн экономикалык тармагын башкарган биринчи вице-премьер бийликке келген соң «салыктан качып көмүскө бизнес жүргүзгөндөрдү ачыкка чыгарам» деп белсенген. Жогорудагы кепке таянсак, анда Өмүрбек мырза салыкчылардан айланып качуунун жолдорун мыкты билсе керек.
3. “УКМКнын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаевге ага чейинки УКМКнын башчысы Мурат Суталинов 8-апрель күнү келген. Ошондон кийин Дүйшөбаев Суталиновду кармоого негиз жоктугун айтып, чек арага чейин жылуу-жумшак узатып койгон”.
– Бул маалымат учкай мурун да айтылган. Кандуу апрель окуясына негизги айыптуулардын бири Мурат Суталинов экенин билип туруп, эмнеге камакка алган эмес? Анда “түштөн кийин” дүйнөгө жар сала Интерпол аркылуу издетүүнүн деги зарылдыгы бар беле?
4. “Водолаз деген лакап аты менен таанымал кримчөйрөнүн өкүлү, учурда абакта жаткан Максат Абакировду боштондукка чыгарууга аракеттер жасалды”.
Учурда күч структуралары кримдүйнөгө каршы күрөшүүдө. Биротоло тамырын кыркуу үчүнбү же керексиздердин көзүн тазалоо үчүнбү? “Кримдүйнөнүн бийлик менен байланышы эч качан жоголбойт, болгону, кожоюндар, оюнчулар алмашып турат” деп жоругандар бар. Мындан келди, учурда качып жүргөн Камчы Көлбаевдин ордуна маркум Рыспек Акматбаевдин жигиттеринин бири болгон Водолазды алып келүүнү максат кылышканбы, бийликтеги айрымдар.
5. “Орусиялык ишкерлер Өмүрбек Бабановго 50 миллион долларды берүүдөн баш тартканда Каржы полициясы “Мегакомдун” кеңсесин басып алды. Бабанов үйүмө чейин келип, “Мегакомго” каршы кылмыш ишин козгоону суранган”.
Президент тергөө бейтарап жүргүзүлсүн деп Байболовду кызматтан алды. Эгер Бабановдун 50 миллион доллар талап кылгандыгы, «Дастандын» акчасынын КСДПга жумшалгандыгы аныкталса, анда вице-премьер менен өкмөт башчыны да бийликтен алуу керекпи деген суроо жаралбай койбойт. Андай болбосо, президент кайсы бир маселеде объективдүүлүктү сактап, ушуга окшош эле башка жагдайда бир жактуу чечимдерге барса, анын бейтараптыгына көлөкө түшүп, ишеним артпоо маселеси жаралат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |