МУЗЫКА ДАРТКА ДАБА БОЛО АЛАБЫ?

№441 15-21-апрель, 2011-жыл

Адам баласынын жан дүйнөсүнө жаз тартуулай ала турган касиеттүү нерсе бул – музыка. Мына ушул музыка дартка даба болуп бере алат. Ишенбейсизби? Анда макалага көз жүгүртүңүз.

Музыка стресстен куткарат
Адам стресске кабылганда мээнин кан тамырлары бат-бат кагып, баш чыңалып чыгат. Ал эми мээнин кан тамырлары канчалык жай какса, биз өзүбүздү жакшы сезебиз. Изилдөөлөргө таянсак, мүнөтүнө ыргагы 60 ирет каккан музыка мээнин иштешин жайлатат. Андыктан стрессте жай ыргактагы музыканы угуу жакшы. Мындай музыка эмгекке жөндөмдү арттырып, көңүл бурууну жакшыртып, акырындап адамдын абалы калыптанат.
Угуу керек: мээнин иштешин калыпка салып жана иштешин активдүү кылуу үчүн Моцарттын «Рондо» жана «Кичинекей түнкү серенада» чыгармаларын угуу сунушталат.

Классикалык музыка – маалыматты эстеп калууга өбөлгө
Классикалык музыка бир нерсени эске сактап калууда жардам берет. Ал эми баш оорудан Листтин «Венгер рапсодиясы» менен Бетховендин «Фиделиосу» куткарат. Уйкусуздукту Григдин «Пер Гюнт», Сибелиустун «Кайгылуу вальс» аттуу сюиталары менен айыктырууга болот.

Улуттук музыка жинденүүнү басат
Туура дем алуу – ден соолуктун негизи. Мүнөтүнө биз 20-25 жолу дем чыгарабыз. Кокус бир нерседен улам толкундансак, дем алуу, дем чыгаруу батыраак жүрө баштайт. Биз эмоциябызды кармай албай, өзүбүздү албуут алып жүрөбүз. Ал эми терең дем алуу организмге жагымдуу таасир тийгизет. Терең дем алууну шарттоо үчүн улуттук музыканы угуу кажет. Жинденген адамдын өпкөсүнүн иштеши да жөнгө салынат.

Кан басым оорусуна Бахтын чыгармасы дарыбы?
Музыка жүрөккө жана артериалдык кан тамырга таасир берет. Эгер шаттангыңыз келсе, бат ыргактагы музыканы угуңуз. Эгер эс алып, өпкөңүздү баскыңыз келсе, жай ыргактагыны угуңуз.
Жактырган музыканы угуу менен кандагы лимфоциттерди көбөйтө алабыз. Бул деген организмдин оору менен күрөшүшү жеңилдейт деген сөз.
Жүрөк жана кан тамыр оорусу барлар Бахтын «Концерт ре-минорун», Шопендин «Ноктюрн ре-минорун» жана Мендельсондун «Үйлөнүү маршын» укса болот.

«Улуттук музыканын шыпаалык таасири бар»

КРнын Улуттук консерваториясынын ректору Муратбек Бегалиевге кайрылып, улуттук музыканын ден соолукка таасири тууралуу сурадык.

– Музыка менен оорукчан адамды айыктырууга болобу?
– Чет өлкөлөрдө музыка менен дарылоо (музыкотерапия) деген бар. Ооруканаларында классикалык музыканын жардамы менен стресске, депрессияга учураган адамдарды айыктырышат.
– Кыргыздын улуттук аспаптары менен коштолгон музыка адамга таасир бере алабы?
– Психологиялык жактан чарчап турган адам комуз күүсүн укса, эс ала түшөт. Ал эми рэпти катуу чарчап турган учурда эшитсең, кан басымың көтөрүлүп, ого бетер жиниң келиши мүмкүн. Ошондуктан рок, рэпти көп уккан жаштар кызуу кандуу болуп, эмоцияга бат алдырышат. Ал эми кыргыз улуттук музыкасы адамга чыгармачылык жаатта да эргүү берет. Улуттук музыканын шыпаалык таасири чоң. Мисалы, кыргыз жаранын фольклордук ырлар менен булбулдун сайраган үнү, булактын шыңгыр добушу аркылуу гана эмдөөгө болот.

Бегайым Шайыпова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(8)
15.04.2011. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айрыкча,Аалы менен Женишбектин ырлары мекенчилдик сезимдеринди чыналта чыналта коёт.
16.04.2011. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Музыка негизи жан дуйнонду жай алдырат,мээнди сергитет,конулунду которот,кайгылуу ыр болсо маанайынды тушурот.
18.04.2011. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Музыка -бул шайтандын азаны!музыка уккандан коро куранды телефонго жаздырып алып уккан жакшы жана пайдасы да анча коп.Музыканы мактабаган дурус
23.04.2011. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
музыка журокту кирдетет
23.04.2011. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Кумар Асановдун "Кыргызстан" деген ырын аябай жакшы кором. Ал ыр патриоттук сезимди кучотууго жардам берет:)
23.04.2011. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен иногда музыка угуп жаман нерсе кылып жиберем
24.04.2011. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Urmattuu Super-Info emnege kechiktinizder myncha? 2 kun boldu okuiun dep achsam ele joksunar :(
05.03.2014. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да музыка коп угам аралаш угам мисалы классика, транс,электроника,рнб,клубняак анан этническия музыкасын да уга баштадым и 3Д музыка дагы.!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо