ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

№441 15-21-апрель, 2011-жыл

Өзбекстан

“ЕТАР!” КЫЙМЫЛЫ КАРИМОВДУ КЫЙШАЙТАБЫ?
Өзбекстандагы “Етар!” (“Жетишет!”) жаштар кыймылы “Ташкенттин аянтына элди топтоп, Ислам Каримовдун отставкасын талап кылабыз” деп күжүрдөнүүдө. Акцияны ушул жылдын 1-июлуна белгилешти. Катышуучуларга төшөк-жууркан, аптага жетчү тамак-аш, радиоприёмниктерди алууну сунушташкан. Жаштар кыймылынын аты эле айтып тургандай, буга “өзбек президенти такта мыйзамсыз отурат, жетишет, болду!” деген кыжырдануу себеп. Нааразычылык акциянын уюштуруучулары өлкөнүн күч түзүмдөрүнө да “эч кандай күч, курал көтөрүүнүн кереги жок. Биз тынч гана өз нааразычылыктарыбызды айтабыз” дешүүдө. Кыймылдын мүчөлөрү интернет аркылуу маалыматты таратышып, чет жерде жашаган өзбек жарандарын демөөрчү болууга чакырышууда. Буга карата азырынча бийлик тарабынан эч кандай реакция боло элек.

Беларусь

МЕТРОДО МЕРТ БОЛУШТУ
Минсктеги метро бекетинде жардыруу болуп, адам өмүрлөрү кыйылды. Окуя болгон “Октябрь” метро бекети Минск шаарынын тарыхый борбору болуп саналат. Бул бекеттен 100 метрдей алыстыкта президенттин ак сарайы орун алган. Жардыруудан 12 киши мерт болуп, 200 адам жаракат алды. “Муну террорчулар уюштурду” деген кептер тараганы менен, чын-төгүнү азырынча аныктала элек. Өлкөдө чукул жыйындар өтүп, окуя болгон жерди изилдеп-иликтөө уланууда. Жардыруудан улам каза болгондордун аты-жөнү такталды.

Франция

ПАРАНЖЫ ЖАМЫНСАҢ, 150 ЕВРО АЙЫП ТӨЛӨ
Франциянын бийлиги кыз-келиндердин коомдук жайларда паранжы жамынып жүрүүсүнө тыюу салды. Эгерде кимде-ким эрежеге баш ийбесе, анда 150 евро өлчөмүндөгү айып салынат. 2010-жылдын сентябрь айында өлкөнүн парламент жыйынында бул маселе каралган. Эгерде эркектер аялдарын үйдөн сырткары паранжы жамынганга мажбурлашса, бир жылга эркинен ажыратылышы тууралуу мыйзам күчүнө кирет. Францияда мусулмандардын саны 5 миллион. Эки миңден ашуун мусулман аялдары бети-башын жаап, чүмкөнүп жүрүшөт. Андыктан бул мыйзам мусулман дүйнөсүнө оор тийүүдө. Айрыкча Усама Бен Ладен буга кыжырдануу менен карап, 2010-жылы Нигериядагы 5 француз жаранынын барымтага алынышын француз элине эскертүү экенин айтып коркутту.

Казакстан

КАЗАК БАШЫ КҮЙӨӨ БАЛАСЫН ИШКЕ САЛДЫ
Казак башы тактыга отурары менен күйөө баласын да жаңы орунга дайындады. Ортончу кызы Динаранын күйөөсү Тимур Кулибаевди “Самрук-Казына” башкаруу фондунун төрагалыгынын креслосуна отургузду. Тактай кетсек, Тимур Кулибаев ушул эле фондду жетектеп, белгисиз себептерден улам 2007-жылы жумушунан кол жууган эле. Маалыматтарга ылайык, Кулибаев азыркы жумушунан сырткары бир канча мамлекеттик мекемелерди башкарып, “Казмунайзат”, “Казакстан темир жолы” жана “Сармук-Энерго” компанияларынын Директорлор кеңешинин өкүлү экен. Ошондой эле аялы экөө Казакстандагы эң ири “Халык банктын” да ээси болуп саналышат.

Япония

«ФУКУСИМА» «ЧЕРНОБЫЛДЫ» КАЙТАЛАЙБЫ?
Япониядагы табият кырсыгынан каза болгондордун саны 13,5 миңден ашса, дээрлик 15 миңдей адам дайынсыз. Эң эле коркунучтуу абал “Фукусима-1” АЭСинде болууда. Аптанын башында өлкөнүн түндүк-чыгышында дагы жер силкинип, натыйжада аталган АЭСтеги коркунучтун деңгээли бешинчи баскычтан жетинчиге чейин көтөрүлгөн. Мындай баскыч «Чернобыль» АЭСинде жардыруу болгондо берилген эле. Бирок “Фукусимадан” айлана-чөйрөгө тараган радиациянын көлөмү «Чернобыль» кырсыгынан тараган радиациянын 10 пайызын түзөт. Япониянын премьер-министри Наото Кан япон элинен жардамын аябаган 20дан ашык өлкөгө, анын ичинде Кыргызстанга ыраазычылык катын жолдоду.

Бурул Исмаилова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(15)
15.04.2011. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озабектерди чил тарагандай таратып жиберет.Андижанды тазалап койгон,ташкент кеп болуп калыптырбы.Буга окшогондор олсо да ордуна озу сымал,балким андан да бетерлерин коюп кетишет.Ангектен качсан донгокко такаласын.
16.04.2011. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо Озбекстанда которулуш болсо,жаман болсо керек,Каримов эч кимди аябайт го.
16.04.2011. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Etardin jashtarina azamat,“эч кандай күч, курал көтөрүүнүн кереги жок. Биз тынч гана өз нааразычылыктарыбызды айтабыз”, bul sozu jakti maga,bir jaginan eldin,olkonun tinchtigin oylop jatishat,bizge okshop unsuz-sozsuz tayakatar menen kachirbay...
17.04.2011. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Етарлар Кетар болотко. Каримов тыр сыпыр кылып чанын асманга сапыратко етарчилерди. Абайлагыла.
Ээ абайлабай эле койгула бир аз азайасынарда кыйынсынарго.
17.04.2011. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Япониянын премьер-министри Наото Кан япон элинен жардамын аябаган 20дан ашык өлкөгө, анын ичинде Кыргызстанга ыраазычылык катын жолдоду". ))) арык уйга жоон муйуздун не кереги бар. Озубуз аран оокат кылып атканда.
18.04.2011. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оо мусулмандар биз бирденкеге тушунбой жатабыз карагылачы азыр кай жакты караба бут мусулман олколорундо кан тогулуп жатат муну жасагандар провокаторлор киьдер деп ойлойсунар аны жакшы билебиз мусулмандарды жер жузунон азайтуу максатында себеби статистика боюнча 2037 жылдарга жер жузун мусулмандар каптайт деген маалымат бар
18.04.2011. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Табалабайлычы кыргыз туугандарым,баарыбыз Алланын алдында бир тууганбыз.Урш-согуштан бул дуйнодо Кудай сактасын!
19.04.2011. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0

DAF, көп түкүрсө көл болот.Кыргызстандан бир сом,башка элдерден да бир сомдон чогулганда олуттуу өлчөмдө топтолуп калат.Бул жерде жардамдын өлчөмү маанилүү эмес.Маанилүүсү адамдык парзын аткарып муктажга аз да болсо көмөк көрсөтүп коюу. Ошко гумжардам жөнөткөндөргө айттынбы эмне кыласынар жөнөтүп деп.
20.04.2011. 03:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tuura azyr bardyk musulman olkolordo sogush, kotorulush bolup jatat
21.04.2011. 07:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунун баары жаман олко башчылардын айынан,минтип кетирбесе булар кетпейт да, озунон баласына, баласынан небере-чоборосуно отуп кете берет.
21.04.2011. 07:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
antislavga толугу менен кошулам, баарыбыз адамбыз бири бирибизге жардам беришибиз керек , андай ситуация ким билет баарында болушу мумкун кудай сактасын эртен эмне болушун билбейсин.
21.04.2011. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каримов аларды биничи июлга эмес майга жеткирбей тыптыйпыл кылат!
21.04.2011. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен ошол жакта жашагандардан уккан элем тундосу бироо Каримов жонундо бирдеме десе корсун, аны туну менен тынчытып асфалька басып коет деп!
22.04.2011. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каримовдун бул доору канчага чейин болмок эле,баари бир бир куну кетиш керек да, оз сыйы менен кетсе кадырлуу болот эле го, биздикилерге окшобой. Алга демекчимин, кудай колдойт.
22.04.2011. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирок озбектерди коп жактан тыйып турган Каримов (эле). ал болбогондо былтыр алар чек арадан отуп кетсе керек эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо