КАЙСЫ ДЕПУТАТТЫН КЫЛМЫШ ИШИ БАР?

№441 15-21-апрель, 2011-жыл

“Ата Журттун” лидери Камчыбек Ташиев партиялашы Бахадыр Сулеймановду сабап салыптыр” деген кеп тараган. Көп өтпөй бул токмоктоонун далили боюнча материалдар Башкы прокуратурага келип түшүп, кылмыш иши козголду дейт. Ушул окуядан улам биз айрым депутаттардын мактанарлык жетишкендиги тууралуу эмес, көшөгө артындагы кылмыш иштери жөнүндө кеп учугун уламакчыбыз.

КАМЧЫКЕ ХУЛИГАНБЫ?
“Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиевдин “Республиканын” депутаты Алтынбек Сулайманов менен болгон мушташы жалпы журтка тарай электе ушул эле мырзага байланыштуу дагы бир окуя ачыкка чыкты. Анда “Ата Журттун” депутаты Бахадыр Сулеймановдун төраганын кабинетинде партиялаштары Садыр Жапаров, Талант Мамытов жана Камчыбек Ташиев тарабынан токмок жегени айтылган болчу. Айрым маалыматтарга ылайык, Бахадыр Сулейманов өзүнүн партиялык билетин тапшырбагандыгы үчүн сабалган. Мындан улам имиштер да көп тарады. Алсак, Бахадыр Сулеймановго шайлоо учурунда бөлүнгөн аймактардан “Ата Журтка” добуш бергендер аз болгон дешет. Анын үстүнө үгүт кербенине сарпталуучу каражатты да толугу менен берген эмес имиш. Ошолорду эске алып Камчыбек мырза аны “сен депутат болууга татыксызсың, арызыңды жаз” деп демитип, ал эми Бахадыр мырза мыйзамга такап, мандатын тапшырбай көгөрүп, муштумду тилеп алган экен.
Мушташтын айынан мээси чайкалган депутат Бахадыр Сулейманов Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине жатты. Өзүн уруп-сабаган партиялаштарына каршы кылмыш ишин козгоону милиция кызматкерлеринен суранган. Бахадыр Сулеймановду токмоктоо далили боюнча материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлгөнүн ИИМдин басма сөз кызматынын башчысы Эсен Салиев: “Тергөө башкармалыгы иликтөөсүн жүргүзүп, топтолгон материалды Башкы прокуратурага өткөрүп берди”,- деп айтты. Ал эми 2011-жылдын 11-апрель күнү Башкы прокуратура Камчыбек Ташиевге карата кылмыш ишин козгогонун билдирди. Ал КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «хулиганчылык» деген 234-беренеси боюнча экени белгилүү болду.

КОЛ ТИЙБЕСТИКТИ ЖОК КЫЛУУГА БОЛОТ
Депутаттарга карата кылмыш иши козголушу мүмкүн. Бирок мыйзамга ылайык, депутат кол тийбестик статусуна ээ. Аны жоопкерчиликке тартуу үчүн ЖКнын депутаттарынын макулдугу керек болот. Камчыбек Ташиевдин жогорудагы окуясы эл өкүлдөрүнө байланыштуу биринчи кылмыш иши эмес. Алсак, Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев менен Транспорт жана коммуникациянын мурдагы министри Нурлан Сулайманов “паракорчулукка тиешеси бар” деп шектелген. Экөө тең учурда “Ата Журт” партиясында депутат болуп отурушат. Быйылкы жылдын январь айында УКМК Бишкектин экс-мэрине карата козголгон кылмыш ишти токтотту. Кылмыш ишине азыркы депутаттын тиешеси жоктугу себеп болгон. Шайлоого чейин укук коргоочулар “эгерде кылмыш иши козголгон талапкерлер шайлоодон кийин депутаттык мандат алып калышса, жоопкерчиликке тартылуудан бошоп кетишет” деген пикирлерин билдиришкен.
Ал эми Кубатбек Байболов Башкы прокурор болуп турганда “кээ бир депутаттарга каршы кылмыш иштери жабылбайт” деген. Анын айтымында, эл өкүлдөрү иликтөөгө каршы иммунитетке ээ, бирок жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Ал үчүн парламент иммунитетти жок кылууга добуш бериши шарт. “Кылмыш иштери алардын депутаттык мөөнөтү аяктаганга чейин убактылуу токтотулуп, кийин кайрадан жаңыланат”,- деген экс-башкы прокурор.

“КАРА ТИЗМЕДЕ” “БАБАНОВЧУЛАР” ДА ЖҮРӨБҮ?
“Республиканын” депутаттары айрым шектүү иштердин айынан атактуу болгонго да жетишишти. Кубатбек Байболов депутаттардын алдында маалымат берип жатканда, ЖКда биринчи вице-премьер Өмүрбек Бабанов да агынан жарылган. Ал: “Сарамжал-транс” жөнүндө сөздөр айтылган күндөн тарта депутаттар Исхак Пирматов менен Канатбек Исаевге карата токтотулган кылмыш иштери жаңыланып карала башталды”,- деген.
Ага чейин “республикачы” Канатбек Исаев да “Мегаком” компаниясынын тегерегиндеги ызы-чуудан улам Башкы прокуратура депутатка каршы кылмыш ишин козгогонун айткан болчу. Ал эми Исхак Пирматовго келсек, ага байланыштуу “Кыргызнефтегаз” ААКсы жана “Кыргызмунай” ЖЧКсына карата Башкы прокуратура кылмыш иштерин козгоп, иликтей баштаган. Эскерте кетсек, “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев “Кыргызнефтегаз” ААКсынын экс-башчысы Исхак Пирматов 2009-жылы рынокто бензиндин баасы 28-30 сом болуп турганына карабастан, арзандатылган баада 8-9 сомдон саткандыгын түшүндүрүп бериш керек” деген. Бирок “республикачы” Исхак Пирматов кесиптешинин бүт айыптоосун четке каккан.

КУЛАГЫҢАРГА КҮМҮШ СЫРГА...
Депутаттар шайлоонун алдында эмнелерге гана убада беришкен эмес. Анын биринде дал ушул кол тийбестикти алып салуу маселеси да бар болчу. Мандатты алышкан соң ал убада унутулуп кетти. “Анда «баланча депутат түкүндөй былык иш жасаган» деген сыяктуу куру кыйкырыктардын эмне кереги бар?” деген суроо жаралбай койбойт. Демек, депутаттар кыска убакыттын ичинде өзүнүн тобун кылдаттык менен тазалап чыгышы керек болот.

Эльвира Караева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(16)
15.04.2011. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Депутат эмес,керек болсо президенттин да кол тийбестик укугун алып салуу керек.
15.04.2011. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар эл менен иши жок оздору менен оздору кырылышып эле жатышат.Мушташпасанар андан ары бирин олуп бирин кал.
15.04.2011. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы соз менен айтканды, тушунбосо урмак турсун асып койсо да аз болот.
15.04.2011. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи эле ачык урушуп алган жакшы го,катындарга окшоп ушакташып жургонго караганда.
17.04.2011. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул Ташиевге асылгандык деп ойлобойм. Эмне мушташса деле периштедей көрө берүүнүн эмне кереги бар? Ар бир нерсеге татыктуу сын берсек, отуруп алып эле жаманды деле жакшы дей бербей...
17.04.2011. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага десе бири олуп бири калсын. Мындай жеп- жутарлар азыраак болот эле....Карапайым элдин бир болко наны жок отурса, булардын балдары, аялдары милиондогон акча чачып атышат, акмактар. Боорум да оорубайт эч кимисине.
18.04.2011. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Президентик выбордун алдында эптеп эле Ташиевти элге жаман коргозуш керек болуп калыптырда!!!
18.04.2011. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ташиевди президент болушунан баары коркуп жатат бирок президент болушу мумкун ага тен келе турган элди ойлогон патриот жок болсо керек. Ташиевди Бекмамат Осмоновко окшотом.
18.04.2011. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
депутаттарды президенттин баш кылып кол тийбестигин алып койуш керек.анан бирин олуп бирин кал деш керек.ишенгенибиз ушулар болсо анда омуру жарыбайбыз.
19.04.2011. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура эле кылды обу жоктонуп эле кайра кайра озун корсото берди бул адам...
19.04.2011. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирин олуп бирин кал.Кол тийбестикти алып салыш керек, болбосо буларга мушташса да, жеп ичсе да боло берет турбайбы. Ишенген кожон сууга акса алды артындан тал карма.
20.04.2011. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ташиевди мен да патриот адам катары эсептейм
Эр журок киши
21.04.2011. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ташиева мырза президенттикке татыктуу деп ойлойм буйурса мандатын койсо бир жобуштан колдойбуз АЛГА АТА-ЖУРТ АЛГА Ташиевдей азаматтар кобойо берсин
23.04.2011. 02:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Камчыбек Ташиев кыргызстанды онуктурот!
23.04.2011. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанга патирот адамдар коп болуш керек
24.04.2011. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыркы бийликтегилер бут алдамчыларбы же кыргыздын башы иштеген жаштары калбай калганбы? бийлике келерде булар эмне деген соз беришти эле? бири аткарылдыбы ошолорунун? буларды туура сынга алыш керек!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо