БАБАНОВ БИЙЛИКТЕН УБАКТЫЛУУ ЧЕТТЕДИ

№441 15-21-апрель, 2011-жыл

Биринчи вице-премьер Өмүрбек Бабанов кызматынан убактылуу кетти. Акыркы учурда ага карата айтылган дооматтарды иликтөө бүткүчө бийликтен четтеди. Өткөндө Байболов башкы прокурорлуктан түшсө, бул аптада Бабанов, кезек эми УКМКнын жетекчиси Дүйшөбаевге келген жокпу?

ТАШИЕВ “КЕТСИН” ДЕДИ
Бул аптанын башында “Ата Журт” фракциясы өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевге “тоголок катын” жөнөтүшкөн. Анда “ата журтчулар” биринчи вице-премьер Өмүрбек Бабановду кызматынан алуу талабын коюшмак. Бирок коалициядан чыгуу жөнүндө кеп болгон эмес. Эгерде өкмөт башчы Өмүрбек мырзаны кызматтан алуу керектиги боюнча чечимди кабыл албаса, анда аталган фракция бул маселени парламенттин жыйынына алып чыкмак.
Эске салсак, “Ата Журт” фракция­сынын лидери Камчыбек Ташиев эгерде “Республиканын” лидеринин шектүү иштерге тиешеси бар экендиги тастыкталса, анда “ата журтчулар” коалициянын курамынан чыгарын билдирип келген. Мунун айынан Камчыбек мырза “республикачы” депутат Алтынбек Сулайманов менен мушташууга чейин барганын бардыгы билет.
“Ата журтчулардын” мындай чечимин “Ата Мекен” партиясы биринчилерден болуп колдоого алды.
Ошентип, Өмүрбек Бабанов Жогорку Кеңеште 120 депутат тарабынан кызматтан алуу маселеси талкууланардан бир күн мурун бийликтен кетүүнү өзү чечти. Бир сөз менен айтканда, ЖКнын “бомбалоосунан” Бабанов оңой кутулду.

БИРИНЧИ ВИЦЕ-ПРЕМЬЕР ЭМНЕСИНЕН ИЛИНДИ?
Жаздын биринчи күнүнөн тарта эле “Республиканын” лидери “Ата Мекендин” катуу сын-пикирине туш болгон. Ошол учурда “Өмүрбек Бабановдун биринчи вице-премьерлик кызматта калууга моралдык укугу жок, кызматтан кетиши шарт” дешкен “ата мекенчилер”. Анда Өмүрбек Бабановдун жээни “Манас” аэропортундагы “Күйүүчү май куюучу комплекс” ЖАКысын жетектей тургандыгы айтылган болчу. “Андан тышкары вице-премьердин Орусияда чоң бизнеси бар. Башка мамлекеттен бизнеси боюнча көз каранды болуп отурса, өлкөнүн башкы экономисти өзүнүн функционалдык милдеттерин кантип жакшы аткармак эле?”- деген Ташболот Балтабаев.
Мындан көп өтпөй Орусиянын Мамдумасынын депутаттары Өмүрбек Бабановдун “Мегакомдун” тегерегиндеги окуяларга түз тиешеси бар экендигин жар салышты. Анда “Мегаком” уюлдук операторунун жана “Манас” аэропортуна байланыштуу коррупциялык схемалардын ичинде Бабановдун ысымы да аталган.
Биринин артынан бири чууруган ушак-айыңдар “ата журтчуларды” аргасыз чечимге түрттү. Анткени коалициядагы үчүнчү команда болгон КСДПчылар Бабанов жөнүндө кептерге реакция жасабай койду. Анын үстүнө Атамбаев менен Бабановдун партиялары парламенттик шайлоонун жыйынтыгын угары менен эле жалпы журтка “ага-инидей” алакасы бар экендигин айтышканы эсте.

БАБАНОВ 14-МАЙГА ЧЕЙИН ЭС АЛАТ
Өкмөт башчы биринчи вице-премьер­дин суранычын канааттандырып, анын 14-майга чейин кызматтан убактылуу кетүүсүн кабыл алды. Бабанов бул аралыкта акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүндө болот. Ага чейин Бабановдун кызматын ким аткарып турары да белгисиз. Баш мыйзамда мындай жогорку бийликтеги аткаминердин кызматтан убактылуу четтөөсү тууралуу сөз болбогондуктан, депутаттардын башы маң.
Ал эми журналисттерге маалымат жыйын уюштурган биринчи вице-премьер: “Бир айдын ичинде депутаттар тарабынан түзүлгөн комиссия менин ишмердигиме иликтөө жүргүзүп бүтөт. Биз түрдүү ушактарга чекит коюп, алга карай кадам ташташыбыз керек”,- деп билдирди.
Өмүрбек Бабановдун бийликтен убактылуу четтешин кандайдыр бир деңгээлде оппозиция тараптын жеңиши деп баалоого болот. Саясатчы Эдил Байсалов менен укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова муну менен эле токтоп калбай, УКМКнын төрагасы Ке­ңешбек Дүйшөбаев да кызматынан алынышы шарт деп эсептешет.
Ал эми «Бүтүн Кыргызстандын» лидери Адахан Мадумаров: «Башкы чекистти кызматтан шыпыруу менен чектелбей, президент Роза Отунбаеваны да бийликтен четтетүү зарыл. Анткени Байболов айткан коррупциялык схемаларда мамлекет башчынын ысымы аталган болчу»,- деди.

Эльвира Караева
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(17)
16.04.2011. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баш аламан го бул жагы.
16.04.2011. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
скорпион аябай кулкулуу адам экенсин :)) куло берип ичим ооруп калды! урматтуу супер инфо гезитинин кызматкерлери келээрки санда ушул "скорпиондон" интервью алып башкы бетке жарыялап койсонуздар,конулу тынчып калсын!
16.04.2011. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
scorpion 3 кунгө банга кетти. Кайрадан эскертем!!! Жөндүү билдирүүңөр бар болсо, адамдын атын бурмалап мазактабастан эле жазгыла.
17.04.2011. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мамлекет башындагы саясатпы же бизнеспи,тушунуу кыйын ...
18.04.2011. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эээх! Кыргызым, билбейм эмне дешти. Эми, эми гана онолуп, Кыргызстаным бутуна туруп, кенен арыш жазап басып кетет го деп турсак, окмоттогу эргулдар элдин ишенимин аткармак тугул, биринин артынан бири андып, бийлик талашмай башталган экен. Атаганат, эр журок азаматтар бийликке келсе башкача болбойт беле.
18.04.2011. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Деги азыр бийликтегилердин кимисине ишенеринди да билбейсин. Бири айтса аныкы туура, экинчиси айтса аныкы да туура. Бирин-бири шыбап эле жатышат. Папка талашып буто албай жатышат да. Качан элди ойлоп иштеген адам чыгат болду экен биздин багыбызга. Ортодо карапайым калк кыйналды.
18.04.2011. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Scorpion сага толук кошулам.
18.04.2011. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
scorpion жазганынды окуп ыкшып калдым,,,,,,,
19.04.2011. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бабанов деле ишенич жаратпаган жигит экен..........................
19.04.2011. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындыгында эле Супер Инфо Омурбек Текебаевди бир гана мактап жазат.
20.04.2011. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Депутаттар баары бири биринин косяктарын жакшы билишет. Кээ бир эр журоктору гана аны ачыкка чыгара алат. Кобу омурун коркунучка койгусу келбей билгенин деле жашырып журот. Себеби бизде атып кетмей бар да
20.04.2011. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер эмне учун бул номерде Текени мактаган статья жок? Бул дагы жанылык
21.04.2011. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми туугандар, кеп мындай! - Омурбек Бабановко оюнчукпу бийликте отуруп алып каалаганда иштеп, каалаганда эс алып, вице преьмердин кызматына келдиби акырына чейин элдин кокойлуу маселелерин чечишсин. Кыргызстанда коп орчундуу маселелер. Анда алар ошентип мышык чычкан ойношсо биз эмне кылабыз?
22.04.2011. 04:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
элди ойлогон эч ким жок оздорунун гана проблемасы ушу бийликтен место талашуу гана.Кудайдан корккула чондор!Сурак болот силерден да акыры!
23.04.2011. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
элди эч ким ойлобойт,баардыгы оз кызыкчылыктары учун иштешет,элди ойлогондо анда азыр жашообуз башкача болмок
23.04.2011. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушулардын бийликке келиши учун канчалаган адам курбан болду Аны болсом Бакиевке тонкошот дагы нуялбай
24.04.2011. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туугандар андан коро Российский гражданство алып еле ошол жакта иштеп,жашап жургон жакшы уй було менен!Азыр "Белый домдогу"депутаттарга ишенбегиле и шайлоого да барбаш керек!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо