№441 15-21-апрель, 2011-жыл
Күйүүчү майдын бирде кымбаттап, кайра арзандаганын Бажы союзуна шылташкан эле. Өкмөт башына келгенден бери Алмазбек Атамбаев “Кыргызстан Бажы союзуна кириши керек” деп билдирип келет. Биздин бул союзга киришибиз кандай пайда жана кыйынчылыктарды алып келет?
КЫСКА МААЛЫМАТ
Беларусь, Орусия жана Казакстандан турган Бажы союзу 2010-жылдын 1-январынан тарта аталган өлкөлөрдүн аймагында ишке кирген. Ал эми 6-июлда тиешелүү аймактын ичинде Бажы кодекси колдонула баштады. Адистердин баасы боюнча, 2015-жылга чейин бул өлкөлөрдүн ИДПсы (ички дүң продукт) кошумча 15 пайызга жогорулайт. Аталган союздун эң башкы максаты – Кытайдан товар ташууну кыскартуу. Бул союздун эсебинен 2015-жылга дейре Орусия 400 миллиард доллар, Беларусь менен Казакстан 16 миллиард доллардан киреше табууну көздөшөт.
ЭКИ ТООНУН ЧӨБҮН ЭҢСЕГЕН ЭЧКИ АЧКА КАЛАТ
Кыргызстан Бажы союзуна кошулуу үчүн буга чейин мүчө болуп кирген Дүйнөлүк соода уюму (ДСУ) менен сүйлөшүү жүргүзүшү шарт. Ушул убакытка чейин бир да ДСУнун мүчөсү Бажы союзуна кошула элек. Депутат Акылбек Жапаровдун айтымында, эгерде Кыргызстан Бажы союзуна кирсе, анда ДСУнун мүчө өлкөлөрүнө 2 миллиард доллар компенсация төлөөгө туура келет. “Бажы союзуна кирерден мурун баарын кылдаттык менен эсептеп чыгууга муктажбыз”,- дейт Акылбек Жапаров.
ЖАҢЫ СОЮЗГА КИРҮҮ САЯСИЙ ЧЕЧИМБИ?
Серепчилердин көбү “Кыргызстан Бажы союзга саясий чечимден улам кошулууда” деп жатышат. Аталган союзга кирүү сунушу тиешелүү деңгээлде изилденбей, анын өлкөгө алып келүүчү пайдасы жана зыяны толугу менен эсептеле электигин адистер билдиришүүдө.
Алмазбек Атамбаевдин бул кадамын “президенттик шайлоого жакын Кремлге жакшы көрүнүп, аны менен бийликти сактап калуу аракети” деп баалагандар да бар. Мындайча айтканда, “өкмөт башчы бийликте калуу үчүн Орусияга Кыргызстандын тышкы соодасын карматып салышы ыктымал” дешет айрымдар.
ЖКнын Бюджет жана каржы комитетинин берген маалыматына таянсак:
ДСУга киргенден кийинки артыкчылыктар:
– Кыргызстан ири соода ортомчусуна айланды. Кытайдын расмий маалыматы боюнча, Кыргызстанга импорттолгон товардын көлөмү 14 миллиард долларды түзгөн.
– Дүйнөлүк стандартка ылайык эркин соода жүргүзүүнүн эрежелери кирди.
ДСУга киргенден кийинки кемчиликтер:
– 1998-жылы аталган уюмга кирүү шашылыш ишке ашкан. Аны менен Кыргызстан өнүккөн өлкөнүн деңгээлинде көп милдеттерди моюнуна алган.
– СССР кезиндеги ири өнөр жайлар атаандаштыкка тоскоолдук бере албай, жыйынтыгында жараксыз болуп чыккан.
Эгерде Бажы союзга кошулсак:
– Бажы салыгы 1,5 пайыздан орточо 10 пайызга чейин жогорулайт. Мунун айынан базардагы баа 15-20 пайызга көтөрүлөт.
– Союздун мыйзамдары күчүнө киргенден бери Борбор Азиядагы эң чоң “Дордой” базарынын товар алмашуусу 70 пайызга чейин төмөндөгөн. Бул көрсөткүч дагы ылдыйлашы ыктымал.
– Кыргызстан менен Кытайдын соодасы акырындык менен токтошу мүмкүн.
– Бирок Орусия, Беларусь жана Казакстандан келген товарлар бажы төлөмү алынган соң Кыргызстанга арзаныраак келет. Аны менен биргеликте Кыргызстандын товарлары да тоскоолдуксуз Бажы союзуна кирген өлкөлөргө сатыла баштайт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Эмнебиз онуккон белгисиз?
Тандагыла?
Саясатчылардын да билгени бардыр мындай чон кадамга бара турган сон.....