СУРООМ БАР, ЖООБУҢУЗЧУ?

№443 29-апрель - 5-май, 2011-жыл

Эл көзүндөгү адамдардын аркалаган кызматы эле эмес, алардын баскан-турганы, жеке жашоосу да кызыгууну жаратпай койбойт. Бизди кызыктырган айрым суроолор менен атактуулар айылына баш багып, аларга собол таштадык.

– “Өзбек байыса там салат, кыргыз байыса катын алат”
дегенге кандай карайсыз?

Өзбек ажы Чотонов, "Дил мүрөгү" адеп-ахлак,
маданият борборунун жетекчиси:
– Өзбектер мурдатан эле байлыкка көбүрөөк көңүл бөлүшөт. Кыргыздарга келсек, “Манастан” эле көп аялдуулук боюнча канчалаган далил келип чыгат. Ата-бабаларыбыз илгертен туура стратегияны кабыл алышкан. Баатыр, даанышман адамдардан тукум калтырыш үчүн бир нече никеге турушкан. Көп аялдуулук көпкөндүк эмес, тескерисинче, сооп иш. Азыр аял менен аял, эркек менен эркек үйлөнүп, ойнош күтүп жүргөндөрү канча? Бул – абийирсиздик. Ага караганда канча аял алсаң да никеге турсаң, жетим-жесирлердин саны азаят, тукумубуз көбөйөт, бул соопкерчилик эмей эмне? Көп аялдыкка каршы чыгуу – колонизаторлордун закону.

– Кайсы ушактан катуу “удар” жегенсиз?

Динара Акулова, ырчы:
– Көбүнчө үй-бүлөлүк, жеке турмушума байланыштуу ушактардан жапа чегем. Күйөөм менен ажырашып кеткенден кийин канча деген кара ит-ак итке мингизишпеди. Биздин жумуш оор, көрүнгөн жакка чуркап, жан тынбаган учурлар болот.
Эркек балдар чыдамдуу, ары-бери жумшаганга ыңгайлуу деп иштешсем, мени алардын ар бирине турмушка чыгарышты го, чиркин! Кийин кыздар менен иштешкенимде алардын дарегине да жаман-жакшы сөздөрдү айтышты. Ушундай ушактардан көңүл калып, чүнчүп, сахнага чыккым келбей калган учурларым көп эле болгон.

– Спорттук карьерасы бүткөндөн кийин
спортчулар же машыктыруучу,
же бандит болуп кетишет дешет...
Муштум менен өз оюңузду таңуулап көрдүңүз беле?

Мирлан Асеков, эрежесиз эр уруштун чебери:
– Бардык эле спортчулар машыктыруучу болсо болот, бирок бандит болбойт. Бандит болуп кеткендердин өзүнөн болсо керек. Эрежесиз эр уруш мен үчүн хобби десем болот. Ал эми келечекте өз кесибим менен бажы кызматкери болуп иштесем деген оюм бар.
Өзүмдүкүн муштум менен таңуулаганды рингде гана колдонуп келем. Ал эми рингден сырткаркы муштумдар бардык эле эркектерде болсо керек.

– Айлыгыңыздын канча бөлүгүн аялыңыздан кымтып каласыз?

Кутман Жолдошев, ырчы:
– Жеңеңден кымтып алгыдай деле акча таппайм. Акча жагын экиге бөлүп коём. Той-топурдан тапкан акча, албетте, жеңеңдин чөнтөгүнө түшөт. Ал эми айлык акымды өзүм алып, балдарымды сейил багына алпарып эс алдырып, балмуздак, оюнчук сатып берем дегендей.

– Токол болууга даярсызбы?

Айнура Салахидинова, ырчы:
– Мен табиятымдан ач көз адаммын. Жадакалса өзүмдүн эжелерим менен кийим-кечелеримди бөлүшкүм келбейт. Анан кантип сүйүктүүмдү бирөө менен бөлүшмөк элем? Миң сүйүп, ансыз жашоо жоктой сезилсе да ал адамды башка айым менен бөлүшкөнүмдү элестете албайм. Буга ата-энем дагы каршы болушса керек. Токол эмес, жалгыз көрөр көзү болгум келет.

– Мугалимдин айлыгына жашай аласызбы?

Бакыт Төрөбаев, ЖКнын депутаты:
– Албетте, мугалимдердин алган айлыгы жетишсиз. Мен 4-чакырылышта депутат болуп жүргөндө эле бул маселени көтөрүп чыккам. Алардын койгон шарттарынын бардыгын туура деп эсептейм. Азыр өзгөчө тоолуу райондордо шарт жок, билим деңгээли төмөндөп баратат. Буюрса, 1-майдан кийин мугалимдердин орточо айлык акысы 6-7 миң сом болуп калат. Бул аз болсо да мугалимдердин жашоо шартын жеңилдетет.

Асыл Орозбекова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(4)
02.05.2011. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men Ozkek ajini TBden koryp alip ayabai irenjigem . Jurnalist syyroo berip jatat -siz bai ayal bolso alat beleniz deP ANda Ozbek aji pochemy ne brat dep jatpaibi .Bul adamdin ach koz ekeni oshol ele jerden bilindi . Dagi ykkanim bar KIROBKADA baldari tilemchilek kilip jyrot dep kaisi jaktan ekenin bilbeit ekenmin katyy ketsem kechiresiner.
14.07.2011. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ЭЙ урматтуу карындашым!
Маалыматынды тактабай сүйлөөдөн сактан!
Өзбек ажынын кыргыз элине кылып жаткан эмгегин билсен мындай дебейт элең!
уят болот өзүң эч нерсе кылбай туруп ушундай Урматтуу Коомго пайдасын тийгизип келе жаткан адамды одоно сөз менен такталбаган, маалымат менен айтышын.
МЫНДАЙ ДЕБЕ!!
24.07.2011. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат туугандар! Чын эле айлананы карап суйлоо зарыл!билем ичибизде не кайгылар бар!бирок кыргыздын устундогу чет олкого тараган ыпластыкты тазалайм десек эмне болбосун тилди тиштегенибиз макул!биз жакшы болсок жараткан айыптууларды озу жазалап алат!биз беш колду тенебейли!
24.07.2011. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам озун салыштырып эгер сырттан берилген булганычтар калп болсо анда эч кайгырбасын.болбосо нервге эле зыян достор!ден соолуксуз жарык жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо