Жоомарт Сапарбаев, ЖКнын депутаты: «ЧИНОВНИКТЕР ҮЧҮН ТҮРМӨ КУРМАКМЫН»

№444 6-12-май, 2011-жыл

Бүгүн калп тапкыч менен ЖКнын «красавчик» депутаты Жоомарт Сапарбаев эрөөлгө чыкты. «Эл ишенимин актайм» деп алгачкы жолу депутаттык креслого отурган жаш саясатчынын калп тапкычтын алдында күчтүү же алсыз экенин байкап көрүңүз.

Мушташка жакынсыңбы?
Жоомарт Сапарбаев: Ооба
Калп тапкыч: Ооба
Ж.С: – Эгер бирөө тийишсе, албетте, мушташып кетем. Бирок өзүм биринчи баштабайм. Бала чакта көп урушасың го... Бир жолу кыз талашып катуу мушташкам. Кызыгы, ошол кыздын аты азыр эсимде жок.

Ичкилик ичкен күндүн эртеси баш жазасыңбы?
Жоомарт Сапарбаев: Жок
Калп тапкыч: Жок
Ж.С.: – Ичкендин эртеси баш жазбайм. Кечээ эле жаңы батирге көчүп, эмеректерди ташып чарчагандыктан, эки бөтөлкө сыра ичкем. Баш жазчудай деле көп ичпейм.

Пара берип көрдүң беле?
Жоомарт Сапарбаев: Ооба
Калп тапкыч: Ооба
Ж.С.: – Университетте окуп жүргөндө бергем. Мен группанын старостасы болчумун. Группада жалкоо студенттер болбой койбойт эмеспи. Негедир дене тарбия сабагынан кыздарыбыз жалкоолоно беришчү. Анан агайга акча берип, баа койдуруп берчүмүн. Олуттуу иштер үчүн пара берген эмесмин. Негизи, параны көпчүлүк учурда жакшы кызматка орношууда беришет.

Өзүңдү жылдыздуу деп эсептейсиңби?
Жоомарт Сапарбаев: Ооба
Калп тапкыч: Ооба
Ж.С.: – Мурдум кыйшык, белим бүкүр эмес. Бойдок кезде кыздар көп эле ашык болушкан. Ар бир адам өз алдынча жылдыздуу.

Мамлекет башына келем деген оюң барбы?
Жоомарт Сапарбаев: Ооба
Калп тапкыч: Ооба
Ж.С.: – Негизи, бул кыялымда. Эгер эл башына туруп калсам, биринчи кадамды кээ бир аткаминерлерге түрмө куруудан баштамакмын, тамаша.

Убадага бексиңби?
Жоомарт Сапарбаев: Жок
Калп тапкыч: Жок
Ж.С.: – Эгер олуттуу, мамлекеттик деңгээлдеги иштер болсо, албетте, аткарууга аракет кылам. Бирок кыстаган турмуш же ар кандай кырдаалдар жеңип кетип, аткара албай калган учурлар кездешет. Жакында эле депутат болгондон кийин бир эже карызга 15 миң сом сурап келиптир. Өзүм 14 миң сом маяна алсам, анан кантип жардам берем? Бирок колумдан келип турган нерседен баш тартпайм.

Аялыңа кол көтөргөн учурлар болобу?
Жоомарт Сапарбаев: Жок
Калп тапкыч: Жок
Ж.С.: – Эми ойноп муштап койгон учурлар болот. Бирок кол көтөргөн адам эмесмин. Эгер эркек деген атка татыктуу болсок, аялга кол көтөрүүдөн өйдө болушубуз керек да. Ал эми жиниме тийген учурларда жаңжал чыгарбай эле, сөз менен түшүндүрүүгө аракет кылам.

Үчүнчү революция болобу?
Жоомарт Сапарбаев: Жок
Калп тапкыч: Жок
Ж.С.: – Ар бир адам жакшылык болушун тилейт. Мен да ошол ой менен “жок” деген жооп айтар элем. Эми президент өз ыктыяры менен кетип, элди ойлосо, анда эч кандай революция болбойт.

Жүрөгүңдүн үшүн алган душманың барбы?
Жоомарт Сапарбаев: Жок
Калп тапкыч: Жок
Ж.С.: – Жүрөктү түшүргөн душманым жок. Канчалык касташпайын, саламымдан жазбайм.

Атамбаевдин иш алып баруусу сени канааттандырабы?
Жоомарт Сапарбаев: Жок
Калп тапкыч: Жок
Ж.С.: – Бетке айткан сөздүн заары жок. Бабановдун ишине байланыштуу канчалаган ой-пикир, талаптар айтылып, бирок ушуга чейин бир да тыянак чыга элек. Ал эми Орусияга барып бензиндин баасын арзандатуу тууралуу сүйлөшүп келүүгө окшош иш-чаралар Акаев, Бакиевдин тушунда деле болгон. Бул алгылыктуу деле иш эмес.

Өзүңдү сексуалдуумун деп эсептейсиңби?
Жоомарт Сапарбаев: Ооба
Калп тапкыч: Ооба
Ж.С.: – “Без комментариев!”

Баңгизат колдонуп көрдүң беле?
Жоомарт Сапарбаев: Ооба
Калп тапкыч: Ооба
Ж.С.: – АКШда жүргөндө достор менен бир жолу баңгизатын колдонуп көргөм, кызыгып. Азыр болсо тамеки менен кофеден өтөрү жок экен деп калдым. Тамекини ашынып деле чеге бербейм. Кээде 2 кутуга жетип кетпесе эле.

Барыктабасовго чыгарылган өкүмдү туура деп эсептейсиңби?
Жоомарт Сапарбаев: Ооба
Калп тапкыч: Жок
Ж.С.: – Негизи, Барыктабасовго байланышкан митингде 2 милиция кызматкери сабалып, курал-жарактар табылган. Бул боюнча кылмыш иши козголгону туура деп эсептейм. Бирок Барыктабасовду абактан убактылуу бошотуу тууралуу ходатайствого кол коюп бергем.

Жоомарт Сапарбаев “Калптын казаны кайнабайт” деген принципти бекем карманат өңдүү. Балким, бала чагынан калп айтып койсо, аскердик жашоону аркалап, темирдей тартипти жактырган атасынан катуу жаза алып жалкып калганбы, айтор, Жоомарт Сапарбаевдин жооптору жогорудагыдай болду. Болгону, баңгизатына жана саясатка тиешелүү суроолорго келгенде тердеп-кургаганы байкалды.

Бахияна Сатылганова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(13)
09.05.2011. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай жагат да ушул "Ата-Мекенчи"!!! Алга, иштеринизге ийгилик.
10.05.2011. 03:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Krasavchik :)
10.05.2011. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
калп айтпаганы жакшы экен...чындан эле...адам сыртынан да ичинен да сулуу болот дегенге ынанып кеткенсидим...
10.05.2011. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bolgondu bolgondoi kilip aitiptir,tura azamatsiz.4yndnkty betke aytiw kerek.respect
10.05.2011. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик!!!
11.05.2011. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага аябай жагып калдын да
11.05.2011. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жоомарт мыкты жигит!
12.05.2011. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карап туурсам комментарий калтыргандардын баары эле кыздар экен,мен да элден калбайым дедим(ичимден кызганып да кеттим :)))
ооба толугу менен кошулам Жоомарт жигиттердин мыктысы.(башка соз жок)
Кыргыздар айтып коет эмеспи" Жигитти суйлогон созунон бил"....
12.05.2011. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жоомарт курбу кызыма абдан жагып калдын. Крас-савчик, эч жерден кынтык таба албайсын, супер жигит экенсин. Ийгилик сага.
13.05.2011. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayabay amalkoy eken)))
14.05.2011. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уй булосуно ийгилик!
15.08.2011. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунчалык жагат мага. Өзү да, келбетине кылык жоругу төп келишкен, акылдуу, тамашакөй айтор ар бир кыздын кыялындагы эркек катары баа берем. мммах! Ийгилик сага!
14.01.2013. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тамеки мынча коп чегесиз уккам жанында жургон адамдардан коп чегет деп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо