Киммо Кильюнен: «ИЮНЬ ОКУЯСЫНДА ГЕНОЦИД БОЛГОН ЭМЕС»

№444 6-12-май, 2011-жыл

Бир айдан кийин Ош окуясына 1 жыл толот. Бул кандуу коогалаңдын келип чыгышы жана себептери боюнча кимдер гана сөз айтышпады. Киммо Кильюнен жетектеген Эл аралык көз карандысыз комиссия окуядан 11 ай өткөндө гана, ушул аптада өз жыйынтыгын жарыялады.

Комиссиянын төрагасы Киммо Кильюнен: “Эл аралык гуманитардык укукка ылайык, Кыргызстандын түштүгүндө орун алган окуяда тукум курутуу (геноцид) болгон эмес. Коогалаң мамлекет тарабынан ишке ашырылган аскердик кылмышка да кирбейт. Ал эми өзбек айылдарына кол салуу болгон учурларын адамзатка каршы кылмыш деп баалоого болот”,- деди.
Ош жана Жалал-Абад облустарындагы Июнь окуясын изилдөөгө алган эл аралык комиссиянын жыйынтыгы “ана чыгат, жок, мына чыгат” деп көпкө кечиктирилди. Маалымат айтылган соң комиссиянын жыйынтыгына бир топ серепчилер жана саясат таануучулар “айтылып келген маалыматтардан көп деле өзгөчө жаңылык болбоптур” деп чыгышты. КРнын бийлиги бул жыйынтыкты бир тараптуу жана тең салмактуу чыгарылган эмес деп эсептейт.
Эскерте кетсек, былтыркы жылы Июнь окуясында дүйнөдөгү аттуу-баштуу эле жалпыга маалымдоо каражаттары “кыргыздар өзбектерди тукум курут кылып жатат” деген кабарлары менен дүрбөлөң жараткан болчу.
Эл аралык комиссиянын маалыматы боюнча, Июнь окуясында каза болгондордун 74 пайызы жана жоопкерчиликке тартылгандардын 80 пайызы өзбек улутунун өкүлдөрүнөн турат. Материалдык жактан жоготууга учурагандардын ичинен да өзбектер басымдуулук кылган. Комиссиянын башчысы өкмөткө Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында өзбек тилине атайын макам берүүнү сунуштады. Соңку коогалаңды эске алсак, бул сунуштун колдоого алынышы чоң күмөндү жаратат.
Ал эми трагедиянын келип чыгышынын башкы себебине токтолгон Киммо мырза: “Бул – саясий фанатизм. Ага этникалык улутчулдук да кошумча болгон”,- деди. Ошондой эле куралдуу күчтөрдүн куралын белгисиз адамдар тарабынан басып алынышына жол берилгендиги айтылды. “Алар кырдаалды көзөмөлгө алуу үчүн тиешелүү инструкция албай, анын айынан 2 миңдей аскер өз учурунда тартипти жөнгө салган эмес”,- деп билдирди.
Киммо Кильюнендин айтымында, коогалаңга үчүнчү күчтөрдүн кийлигишүү ыктымалдыгын чоң маани берүү менен изилдешкен. “Бирок Кыргызстандын түштүгүндө болуп өткөн окуяга кандайдыр бир мамлекеттин аралашканы жөнүндө маалыматтар тастыкталбады. Андан сырткары эл аралык террорчулардын тобунун катышуусу да далил тапкан жок”,- деди.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(13)
09.05.2011. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vot
10.05.2011. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озбектер оздору эле баштаган!!!!!!!!!!!!!!!!!
10.05.2011. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баягы эле провокация
12.05.2011. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шамал болбосо теректин башы кыймылдабайт дечуу беле, 3кучтор боюнча айта кетсек, алар биз учунчу кучтор деп чыга калмак беле...кызык, ушул дуйнону кайсы адамдар башкарып жатат экен.....Бул европалыктардын чечими, алар биздин олкодо жашаган эмес, ошондуктан алардын созу башка, биздики башка...
12.05.2011. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар жыйнтыкты абдан кеч чыгарышты. Бул окуяга 1 жылдын жүзү болду, ошол бир жылдын ичинде акыйкат жыйынтык чыкпай, созулуп журуп, башка өлкөлөргө биз улутчул болуп таанылып калдык. Ак ийилет бирок сынбайт же болбосо жакшы кишиге соз жабышат жаман кишиге чоп жабышат демекчи эми болуп откон окуянын чындыгы тастыкталгандан кийин төш каккылап улутчул деп кыйкыргандардын жаагы жабылып калды окшойт.
13.05.2011. 05:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Topolondun bashtalyshyna ozbekter ele sebepchi ekenin emne uchun kabyl alyshpayt a duyno juzu? Je ushunchalik ele ankoo bolup alyshkanbi duyno eli?
13.05.2011. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайран гана Кыргыз элим дагы да канчага чейин ушунтип куноонун баарын моюнга алып жашаар экенбиз! Дуйно эли эмнени билет экен, алар биздин башыбыздан эмне отконун,оздору биз менен жашабагандан кийин ошол тополондо жашаган жана катышкан адам гана билет.Мин уккандан бир коргон деп бекер айтылбайт да!...
13.05.2011. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин оюмча кыргыз озбек эли канча кылым бирге жашап келишкен баарыны ынтымакта чечип келишкен башка бироолор киришип жататко мисалы америка
14.05.2011. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Комиссиянын башчысы өкмөткө Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында өзбек тилине атайын макам берүүнү сунуштады

Дагы ошо комиссия аркылуу автономия сурабаптыр!?

Деги озу ушул комиссияны ким киргизди экен кыргызстанга, сарттар олумуш болушуп, былкытып баарын жайлашат, аны европалыктар тушунушпойт! Эмнеси болсо да баарибир Кыргыз элим кучтуу жана биримдуу болушубуз керек. жакшы соз бар го: Ит уро берет, кербен журо берет!
14.05.2011. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Макам берип деген созду кантип тушунсо болот жазып койгулачы.Сарттар,адам эмес булар ненавижу.
15.05.2011. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uchunchu kuchtor bolboso eki musulman el birbiri menen sogushmak emes Allahtan sebepchilerdin jazasin tileym
15.05.2011. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билип билбей эле суйлой берет экен да бул Отунбаевадан сураш керек ошол билет не болгонун 2кун элдер бирин бирин олтуруп жатса да эмне кыларын билбей отурган башына каскасын кийип алып сучка..
16.06.2012. 03:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул озбектер 90-жылы да олгон кыргыздардын башына чаар допусун кийгизип коюп олумтуктонгон. буларга тук ишенип болбойт экен кыскасы. бул коогаланда деле ошондой, тескерисинче, кыргыз кырылып калды!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо