ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

№447 27-май - 2-июнь, 2011-жыл

Ооганстан

ТАЛИБДЕР КАЗАК БИЙЛИГИН КОРКУТУУДА
АКШ бийлигинин элдешкис душманы “Талибан” экстремисттик кыймылы казакстандык мусулмандарга кайрылуу жасап, аларды Ооганстанга тынчтыкты орнотуу миссиясын аркалап бара турган казакстандык аскерлердин жөнөтүлүшүнө каршы чыгууга чакырууда. Талибдер: “Казак бийлиги өз элинин кызыкчылыктарына көңүл бөлбөй, АКШнын кызыкчылыгын коргоого өттү. Алардын мындай кадамы эки өлкөнүн ортосундагы мамилеге жана Казакстандын аймагындагы тынчтык абалына доо кетирет. Ошондуктан казакстандык мусулмандар бийликтегилердин туура эмес саясатына каршы чыгуулары зарыл”,- деп чыгышты. “Эгер казак аскер күчтөрү Ооганстанга жөнөтүлсө, мунун арты Казакстандагы тынчтыктын бузулушуна алып келет” деп кошумчалашты алар.
Эскерте кетсек, 18-майда Казакстандын парламенти жакынкы аралыкта казак аскерлерин Ооганстанда тынчтыкты орнотуу үчүн НАТО күчтөрүнө жардамга жиберүү боюнча чечим кабыл алган.

Ливия

НАТО КҮЧТӨРҮ БОМБАЛООНУ КҮЧӨТТҮ
24-майга караган түнү НАТОнун аскердик аба күчтөрү Ливиянын борбору Триполи шаарындагы Муаммар Каддафинин резиденциясын жана аны колдогон аскерлер жайгашкан имараттарды бомбалашты. Бул чабуулда абадан 20га чукул сокку урулуп, 19-мартта башталган бомбалоонун эң масштабдуусу болду. Ливиянын мамлекеттик маалымат булактары чабуул учурунда жөнөкөй жарандардын үчөө каза таап, 150гө жакыны жарадар болгонун билдиришти. Ал эми НАТОнун өкүлдөрү ар күн сайын түн ичиндеги чабуулдары Каддафинин аскердик объектилерине гана багытталып жаткандыгын айтышууда.

АКШ

ТОРНАДО 116 КИШИНИН ӨМҮРҮН ЖУТТУ
Миссури штатынын Жоплин шаарындагы торнадонун кесепетинен курман болгон кишилердин саны 116га жетти. Ал эми жаракат алгандардын саны жүздөп саналууда. 24-май күнү табигый кырсык үйлөрдү жана автоунааларды турган ордунан 100 чакырым алыс аралыкка чейин учуруп, аймактагы 2 миң имаратты жер менен жексен кылган. Кырсыктан жабыр тарткан аймактын кээ бир жерлеринде электр жарыгы жана телефондук байланыш үзгүлтүккө учурап, таза суу тартыштыгы жаралды.
Ушул жылдын жаз айларынан бери кайталанып жаткан торнадолордун кесепетинен АКШда 300дөн ашуун киши курман болгон.

Англия

ХАНБИЙКЕНИН БАШ КИЙИМИ 131 МИҢДЕН АШЫК ДОЛЛАРГА БААЛАНДЫ
Англия ханышасынын 22 жаштагы небереси – ханбийке Беатристин интернет-аукционго коюлган баш кийими 131 648 долларга сатылды. Аукциондон түшкөн каражат кайрымдуулук фондуна которулмакчы.
Эске салсак, ханбийке бул баш кийимин 29-апрелде ханзаада Уильям жана Кейт Миддлтондун үйлөнүү үлпөтүнө кийип барган эле. Бул баш кийимди кээ бирлер кондитердик азык Крендель булочкасына окшоштурушса, дагы бирөөлөр аны даараткананын отургучуна окшош деп көпчүлүктүн кызуу талкуусун жараткан.

Сауд Арабия

КЫЗДЫН КЫЗДАЙ БОЛГОНУ ЖАКШЫ
Мына ушундай принципти туу туткан Сауд Арабиясынын дин полициясы “Аялдардын укугу үчүн” кыймылынын активдүү мүчөсү 31 жаштагы Маналь аль-Шариф айымды өзү автоунаа айдап, мекендеш айымдарды да автоунаа айдоого үндөгөн интернеттеги видеотасмасы үчүн камакка алды. Өлкөнүн дин мыйзамдарынын сакталышына көзөмөл жүргүзгөн дин полициясы Маналды бир нече сааттан кийин камактан бошотту. Ага кандай күнөө тагылгандыгы жана кандай шарттар менен бошотулгандыгы ачыкталган жок. Сауд Арабиясында мыйзам боюнча, айымдар барып келе турган жагына жеткирип коюусу үчүн күйөөсү же күйөөсүнүн эркек туугандарына кайрылуусу керек. Эгер андай мүмкүнчүлүк болбосо гана айдоочу жалдай алат. Ал эми автоунаа айдоого гана эмес, эркектер менен бирге коомдук унаага түшүүгө тыюу салынган. Ошондой эле чет жерден келген айымдар да бул мыйзамды сактоого тийиш.

Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
30.05.2011. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аппееей арабдар кыйын болуп кеткенго )))

30.05.2011. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kazaktar pakistan bolot jakynda kelip kelip amerikaga jardam berebi.AKSHga ras boluptur ALLAHU AKBAR!Arabdar kyiyn bolup ketken emes alar MUSULMANdar bizdin kyzdarda ozuncho ele evropa boloberbeyi ISLAM dinibiz menen ele jashassa jakshy bolmok
03.06.2011. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Islam dininin dagy chegi bar da, meni kim alyp barat, dep avtobuska tushpoj oltura bergen ajaldardy kaalajsynby, je ishtebej, je okubaj.



04.06.2011. 05:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздын кыздай болгону жакшы. Туура бизге дагы ушундай мыйзам керек. Биздин дагы кыздарыбыз ойсондоп журушот. Бизге дагы катуу тартип керек.
05.06.2011. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казактар туура жолду тандоо керек... Н.Н.А. озунун бийлигин оз керт башын ойлоп жатат... Эртен талиптер чабуул жасаса кайра эле тынчтыкты козкмолдоо учун НАТО ошол эле АКШ жардамга келишет.. бул Казакстандын эгемендуулугуно терс таасирин тийгизиши мумкун...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо