Равшан Жээнбеков: «КЫРГЫЗСТАН КАПЕЛЬНИЦАДА ЖАТАТ»

№447 27-май - 2-июнь, 2011-жыл

ЖКнын депутаты Равшан Жээнбеков орусиялык “Независимая газета” басылмасына өлкөдөгү орчундуу саясий маселелер боюнча маек берген. Биз андан кыска үзүндү берүүнү эп көрдүк.
Эл өкүлү Равшан Жээнбеков Ош окуясын иликтеп чыккан эл аралык комиссиянын жыйынтыгына карата “бул чыр-чатактан өзбектер кандай жапа чексе, кыргыздар да ошондой жабыр тарткан. Бирок комиссия УКМКнын алдын алуу иштерине көңүл бөлүүнүн ордуна чатакты баскан адамдарга күнөө коюп салды” деген оюн билдирди. Мындан улам Кыргызстанга тышкы башкаруу киргизип же Түштүк жана Түндүк Кыргызстан деп бөлүү менен федеративдик республикага айлантууну каалагандар жок эместигин баса белгиледи. “Бул кадам жакшылыкка алып барбайт. Анткени кыргыз эли бай болбосо да, эркиндикти сүйгөн жана намыскөй эл”,- деп жооп берди.
Ал эми өлкөнүн экономикалык кырдаалына токтолгон депутат Кыргызстандын азыркы шартын капельницада жаткан оорулуу менен салыштырган. “Бюджеттин тартыштыгы 30 миллиард сомго барабар. Өкмөт башчы болсо Түркия, Орусия жана ЕврАзЭстин каатчылыкка каршы фондунан донордук жардам сурап жүрөт”,- деди. Мындан тышкары буга чейин республикада орусиялык компаниялар активдүү иштеп келишсе, акырындап бул рынокту Кытай менен Түркия ээлей баштагандыгын айтат. “Анткени Орусия саясий элита менен гана кызматташып, Кыргызстандын экономикасына көңүл бөлбөй калды”,- дейт депутат. Ошондой эле Равшан мырза советтик менталитеттен арыла албаган улуу муундагы саясатчылардын кичинекей маселе үчүн да Москвага чуркап бара берүүсүн токтотуу керектигин айтты.
Сөз соңунда быйыл өтүүчү президенттик шайлоо тууралуу: “Бизде 40ка чукул талапкердин чыгышы салтка айлана баштады. Бир эле парламенттеги 5 партиянын ар биринен 1-2ден талапкер чыгат. Андан сырткары ЖКга өтпөй калган партиялар да бар. Көнгөн адат боюнча негизги күрөш түндүк менен түштүк кланынын ортосунда жүрөт. Бирок айрым саясатчылар аймактык алкактан чыгып, элге улуттук деңгээлдеги программа сунуштай алат деп ишенем”,- деп маегин бүтүргөн.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(7)
30.05.2011. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындан эле 40чукул (кому не лень) талапкер чыккандыгы озу эле айтып турат КР татыктуу бир да адам жок президентке...талапкер!!! жердеш, клан деген темага такап алып (жонокой адамдар аларга чуркап) хронич.оору м.н ооуршат эмеспи..(же шайланган адамдын колокосу тийсечи чуркагандарга) ошону ойлонушпай эле ураалап элдер да дуулдап калышат...чуркабай, угуттобой ызылдабай койсунчу бироосу шайланат да...
30.05.2011. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баары чын,баары туура урматтуу Равшан байке.
01.06.2011. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Да... абдан таамай айтыптыр...азаматсыз Равшан ага!!!...КГ да ушундай кыраакы саясатчылар коп болсо жакшы болмок...
01.06.2011. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн туура айтылган..Азаматсыз
04.06.2011. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tuurasy tuura,a eger chynyn aytkanda Ravshan bayke bisdin aiyldan bolot birok men bilgeni al adam osunun aiylyna shayloo jakyndaganda gana barat,kop nerseni ubada beret,el os balasyna ishenet koldoyt,birok shayloo butkondon k-n bilbeym je boshoboybu je aytkanyn unutup kalaby any kiyinki shayloogo cheyin koro albaysyn!emi osunor tarasalagylachy kimisine ishenuugo bolot!?Kechirinis albette birok bul achuu chyndyk!!!
04.06.2011. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир аз таамай суйлоп койсо биз ошол саясатчыны тим эле колдоп, мактап жиберебиз, андан коро жасаган ишин коруп, билип туруп анан колдойлучу, туугандар! Таамай суйлоп, элге жага турган созду бомж деле айта алат!
04.06.2011. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
UvE Туура айтасын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо