БИШКЕК МЭРИЯСЫ ОКУУЧУЛАРДЫ «ЖЫЛАҢАЧ ЖАГАСЫҢ» ДЕГЕН КОНЦЕРТИНЕ ЧАКЫРЫШТЫ

№447 27-май - 2-июнь, 2011-жыл

Буга чейин мугалимдер мектеп окуучуларын спектакль же балетке барууга үгүттөп келишсе, бул сапар Бишкек мэрия аларды орусиялык «Градусы» тобунун концертине чакырды. Чакырды десек жарашчудай эмес, «Спартак» стадионун толтуруу үчүн 200 сомдук билеттерди окуучуларга күчтөп сатты. Шаардын башчылыгы аталган топтун популярдуулугуна карап же жаштардын заманбап табитине берилип кетиппи, айтор, аткаруучулардын эмне деп ырдаганына көңүл бөлүшпөгөн көрүнөт.

«КОНЦЕРТКЕ БАРАСЫҢАРБЫ ЖЕ ЖОКПУ,
БИРОК БИЛЕТТИ АЛАСЫҢАР»
Бишкек шаарындагы №54-орто мектебинде билим алган окуучулардын биринин апасы биздин редакцияга чалды. «Мектепке келип калбасаңар болбойт» деп тызылдаган эженин үнүн угуп, айтылган дарекке шашыла жеттик.
«№54-мектептеги 9-класстын окуучусунун апасы болом. Кечээ кызым «Градусы» тобунун концертине берилген билетти көрсөтүп, «апа, эжейибиз «200 сомдон алып келгиле, барасыңарбы же жокпу, билбейм, бирок билетти сатып алышыңар керек» деп айтты» деди. Анан бүгүн директоруна келсем, менден башка ата-энелер да келиптир. Ага ачык эле концертке барууга уруксат да, акча да бере албайбыз деп айттык. Директору болсо «класс жетекчини чакыргыла» деп опурулат. Бул аралыкта мектеп окуучуларынын президенти Нуриза директордун кабинетине кирип, көп өтпөй ыйлап чыкты. Көрсө, директор «билеттерди мэрия берди, баары бир сатып аласыңар, эмне, жалгыз атынып өлөйүнбү?!» деп урушуптур»,- деген окуучунун апасы баарын башынан айтып берди. Эженин аты-жөнүн сураганыбызда ал: «Жок, жазбай эле койгула. Кызым 9-классты аяктап жатат. Эртең экзамендери башталса, директору өчөшүп калышы мүмкүн»,- деп чочулады.
Ушул жерден дагы бир окуучунун апасы сөзгө кошулду. «Мен кызыма концертке барып келүү үчүн 200 сомду деле аябайм, бирок ал топтун ырдаганын телевизордон көрдүм, ошон үчүн каршы болуп жатам. Анын үстүнө бул кызым эң кенжем. Чоңдор бара турган мындай концертте менин кенедей кызыма балээ барбы?!»- деп нааразычылыгын айтты.

«ЭМНЕ, 200 СОМУ ЖОК КЕДЕЙСИҢБИ?»
Ата-энелердин арыз-арманын уккан соң жогоруда ызасынан ыйлаган кыз Нуризаны кепке тарттык. 9-класста эле окуганына карабастан, аталган мектептин окуучуларын башкарат экен. Тыкылдап сүйлөгөн окуучулардын президенти Кубанычбек кызы Нуриза: «Ырлары «нормально» болсо да бармакпыз, бирок ата-энебизден мурун өзүбүз каршы чыктык»,- деп сөзүн баштады.
Нуризанын айтымында, алардын класс жетекчиси 25-май – Акыркы коңгуроого карата Орусиядан «Градусы» тобу келерин айтат. Бул концертке мугалимдер менен чогуу барышарын, билет үчүн 200 сом төлөшөрүн айтышат.
«Бирок биз билеттерди эртеси директорго кайтардык. Анткени ал топтун концертине баргыбыз келбейт. Негизи, чоңдор мындай ырчыларга барууга, тескерисинче, тыюу салыш керек болчу. Эмне үчүн ата-энебиздин акчасын «барахлого» чачышыбыз керек?»- деди тайманбаган Нуриза. Окуучулар башчысынын оозунан мындай сөздү уккан директор «эмне, 200 сому жок кедейсиңби?» деп кайра кекетүүгө өткөн.
Ушул жерден окуучу Айсулуу Шералы кызы: «Градусы» тобунун ырлары жана клиптеринин маңызы деле жок. Керек болсо ошондой ырдын айынан бизге окшош кичинекей кыздар жаман жолго барышы мүмкүн. Барбайбыз деп чыксак, класс жетекчибиз «менин айлыгымдан кесип калышат» деп ыйлактап жатат»,- дейт.
Ал эми Сталбек Рысбек уулу: «Ооба, билетти колубузга карматып коюшту. Бирок менде кайдагы акча? Төлөйсүңөр деп кыйнап жатышат»,- деп сөзгө кошулду.

«ОКУУЧУЛАР КААЛАБАСА, АНДА МУГАЛИМДЕР БАРЫШАТ»
Мындан кийин биз директордун кабинетин көздөй жөнөдүк. №54-орто мектебинин директору Ирина Борисова менен учурашып, анын ансыз да түшүп турган маанайы журналисттер экенибизди уккан соң биротоло бузулду.
«Жок, сүрөткө тартууга жана үнүмдү жаздырууга уруксат бербейм. Бул концерттин ызы-чуусунан улам шаардын директорлору «жылдыз» болуп кеткенибиз жетишет. Мэрия уюштуруп жаткан концерт окуучуларыбызга жакпай, алар билетти сатып алууга каршы. Бирок башка чарабыз жок, демек, мугалимдер өздөрү барууга туура келет», - деген директор өзүнүн чындыгы менен бөлүштү. Ирина Борисова мектепке 150 билет бөлүнгөнүн жана аны 50гө жакын мугалимге таратып берерин айтты.
«Биздин айлыгыбыз ансыз деле аз. Бирок май айынан тарта маянабызды көбөйтөбүз дешкен, мына ошол акчадан билетке төлөп берүүгө туура келет»,- деп аргасыздан амал тапкандай сүйлөдү.

МЭРИЯНЫН СЮРПРИЗИ, ЖЕ АКЧА ЖАСОО АРАКЕТИБИ?
Жогорудагы болуп өткөн окуя Бишкекте жайгашкан көптөгөн мектептерде (мисалы, №67, 69, 26, 12, 37, 17, 2, 70) кайталанды. Буга байланыштуу окуучулар жана ата-энелер журналисттерге кайрылышып, ММКлар бир сыйра ызы-чуу жаратышты. Жыйынтыгында концерттин үнү министрлердин кабинетине чейин жетти. Бийлик өкүлдөрү: “Мугалимдер маалыматты туура эмес жеткирип алышыптыр. Биз бир да окуучуну “сөзсүз билет сатып аласың” деп кыйнаган эмеспиз, баары өз эрки менен болмок”,- деп ийин куушурушат. Бирок ошол эле учурда мектеп администрацияларына билеттер алдын ала бөлүнгөн жана «аларды толугу менен сатып бересиңер» деген буйрук жогорудан ылдыйга карай кеткен. Чынжырчанын кандай уланганы бештен белгилүү. Мэриянын Билим берүү департаменти мектептин директорлорун, алар мугалимдерди, өз учурунда агай-эжейлер окуучуларды «тырыштырат» эмеспи.
Мэриянын алдындагы Билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнагүл Ниязова: “Окуучулардын көбү концертти чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Анын үстүнө бүтүрүүчүлөрдүн кечелери болбойт деп айтканбыз. Биз концертти окуучулар үчүн эсте калуучу белек болсун деген илгери үмүт менен уюштурдук”,- деп билдирди. Ошондой эле ал билетти мажбурлап саткан мугалимдерге чара көрүлөрүн, атүгүл жумушунан айдоого чейин барышарын айткан.
Бул масштабдуу концерттен кимдир бирөөлөр акча жасап алгысы келиши да мүмкүн. Анткени мэриянын өкүлдөрү окуучулар үчүн 23 миң билет (кийин ушул эле санды 12 миң дей башташкан) даярдалганын айтышкан. Эгерде муну 200 сомдон эсептей турган болсок, 4 миллиондон ашуун сомду чапчыйт. Албетте, мэриянын өкүлдөрү мындан эч кандай пайда көрбөй тургандыгын айтышат. “Жок дегенде чыгымдарды жаап алсак болот эле”,- дешет алар.

ПОСТСКРИПТУМ ОРДУНА...
Мэрия канчалык “биз билетти сатып алгыла деп кыйнаган эмеспиз, баары өз каалоосу менен” деп актанбасын, баары бир анысы суу кечпей калды. Окуучулардын билими жана тарбиясына жооп берген бийлик өкүлдөрүнүн мындай ырчыларды өспүрүмдөргө эмне үчүн алып келген максаты түшүнүксүз. Мамлекеттик органдар өздөрү кайдагы маңызы жок ырларды окуучуларга сунуштап жатышса, эртеңки күнүбүз деп ооз толтура айткан келечек муундун тагдыры туман боюнча калбайбы?

«ГРАДУСЫ» ТОБУ
Орусиялык «Градусы» поп-рок тобу 2008-жылы түзүлгөн. Анын биринчи «Жылаңач» деген альбому быйылкы жылдын март айында чыккан. Ага чейин «Лох», «Арак», «Режиссёр» жана «Селсаяк» деген сыяктуу ырлары менен популярдуулукка жеткен. Топтун аткаруусундагы ырлардан эрте жашта жыныстык жашоого аралашуу, аракечтик менен баңгизатка үгүттөгөн саптарды, уят сөздөрдү жолуктурууга болот. Алсак, «мага үйдүн ичинде жылаңач болуп жүргөнүң жагат, албетте, бул мени кызыктырат» же «мага бл.н сенден башка эч кимдин кереги жок, болгону, жанымда сенин жылаңач жүргөнүң жетет» деген сыяктуу саптар кезигет. Ооба, Орусияда бул топ популярдуулуктун чокусунда туруп, ырлары хит-параддан түшпөйт. 2010-жылы «Градусы» тобу Муз-ТВнын «Жылдын жаңырыгы» жана «Мыкты ыр» деген сыйлыктарына ээ болгон.

Эльвира Караева
koom@super.kg


Репортаж - Окуучуларды "жылаңач жагасың" концертине чакырышты

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(25)
SUPER.KG видео
27.05.2011. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Navernoe vse my eto perejili, pomnu v shkole nam toje pixali bilety..xoteli my tuda ili net...vot Vam i demokratiya svoei personoi
SUPER.KG видео
28.05.2011. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
лично бизге 9-школдон подарок болду =)) ой кайдагынын айтышып, жаман ой тияк бияк дешип =(( эле кимге жакса барып корушту го кичине мезгилден артта калбай коруп туруш керек да
SUPER.KG видео
28.05.2011. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироолор ошол концерттин эсебинен акча жасайлы дегенго? Буну коруп Ишенген кожон сууга акса алды алдынан тал карма деген макал эске келет экен.
SUPER.KG видео
29.05.2011. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyzdar onolboybyz go, byl kebetebiz menen...
SUPER.KG видео
30.05.2011. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
анан азыркы молодежду жамандап коюшат тобоо...озулору ушундай концертке жонотушот...булар терс гана тарбия беришет..лишь бы ты ходила голая рядом деп...
Модератор info түзөттү 31.05.2011 03:29
30.05.2011. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
конечно мугалимдердин билетти кыйнап сатканы жаман,бирок их тоже можно понять,потому что их тоже заставляют вышестоящие,как говорится рыба гниет с головы,баарын кылып жаткан ошол эле чондор.И ушуну менен калпеле Москввадан келген группаны жамандабай коюшса болмок,алардын чыгармаларын жакшы коруп уккандар да бар.Так что,о вкусах спорят.
30.05.2011. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мдааа... Балык башынан сасыйт.
30.05.2011. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошончолук балдарга концерт койгулары келсе озубуздун ырчыларды эле чакырып концерт уюштурбайбы. каяктагы рок группалардын жанында озубуздун ырчылар алда канча кызыктуурак эмеспи. анан качан эле кыргыз жаштары рок укчу эле...
30.05.2011. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин башыбызда малдар отурат да ээээй туугандар минтип отурсак биз жыргабайбыз... ыйлагын келет просто...
30.05.2011. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sweet конечно о вкусах не спорят но ошол концертке жаш кыздар барбайт бул биздин менталитетке туура келбейт . ну и что Москвадан келсе ??? Москванын окууучулары бара берсин. Кыргыздардын кайсыл эле группасын Москвада мактап жатышыптыр
30.05.2011. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
fantom туура айтат биздин кыргыз ырчыларыбызды чакырып концерт койсо окуучулар да талашып жатып бармак балким билет деле калбай калмак .биздин ырчыларды баары угушат
31.05.2011. 08:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баягы эле чондор да, жонокой элдин чонтогунон акча жасап конушкон. Ушунча ызы чууну жаратып атса да эмне кылып отурат биздин министирлер??? Коздору корбой калганбы??? При чем тут группа, просто баягы эле акча жасамай да...
SUPER.KG видео
31.05.2011. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
билетти мажбурлап бизге сатты деген мектеп директору, мугалимдери менен биз мажбурлаган жокпуз деп озун алып качкан мэрия жетекчилерин беттештирип койбопсунар да. репортаж толук кандуу болбой, бир жыйынтык чыкпай калгандай ... байкуш окуучулар эле кыйын абалда калды деп кейип койгон менен иш бутмок беле омей ...
31.05.2011. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин башчыларыбыздын ан сезиминин ушунчалык томон экенине абдан-абдан окуном. Сырткы кебетеси эле адамга окшобосо эч бир адамдык сапаты калбай, ичине таштанды толгон суусуз кудукка окшойт.
Башка азия элдери: Малайзия, Сингапур, Корея, Жапония ж.б.у.с. аябай суктанам, ичим куйот тим эле. Кудайым берген сулуу жеримдин, ак пейил элимдин убалынан коркпогон кандай айбандар отурат жогоруда, ыя?
01.06.2011. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кошмарррр соз жок да соз жок...одни Тупизмы...
01.06.2011. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
anan emne bolushtu baryshtyby kachan bolmok ele al konsert?baikush kl.jetekchiler oldu emi.aryzdangan okuuchulardy emi egzamende kyinashsa kerek,
01.06.2011. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
боже боже, современный жашоого качан киришет кыргызстан билбейм, 200 сом жон деле жоголот го.
SUPER.KG видео
02.06.2011. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
у нас коррупция везде, деги качан онлобуз. Мектеп окуучуларыбыз "жыланач" концертке барып жатса, кого винить.....
02.06.2011. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Luckyman...Kep 200 somdo emes, miyzamdyn ishtebey jatkanynda bolush kerek.Kim ak4asyn emnege sarptaaryn, kaysy konsterke baraaryn jalgyz ozy 4e4yygo ukuktyy.Ke4irip koygyla, birok Okuu4ular mal emes da, aidagan jakka bara bergendey!!!
Kubiktin aitkanyna tolugy m-n koshylam.
Miyzamdy siylay bilsek, tepselebey.
SUPER.KG видео
02.06.2011. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушуга окшогон билетти сатырмайлар обл админ. мэрияда аймактарда коп эле кездешет. Баса айта кетчуу нерсе Урматтуу кыргыз элинин кее бир артистери силерден сураныч чондордун кучагына кирип алып билетинерди мажбурлап сатырбагылачы анрдан коро ырынардын мазмунун ондосонор боло
04.06.2011. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mugalimder ozdory baryp kelishsin, kylaarga jumushtary jok bolso...:)!!!
04.06.2011. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Luckyman современный болом деп эле бара бериш керек эмес да,анан да 200сом таба албай да жаткан ата энелер бар,кээ бирлерге аз корунгону менен.
05.06.2011. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз улуу элбиз ,жана бизди эч ким жаман жолго баштай албайт,мериясы эмес анын атасы кошуп аралашса да!!!!!!!!!!!!!!!!
05.06.2011. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
molodcy okuuchular,silerdi ech kim zastavlyat etkenge akysy jok.andan koro bizdin Mirbek,Sultan,Urmat,...j.b.yrchylardy yrdatyshsa biletine 2 ese bolso da tolop kirishmek.
SUPER.KG видео
09.06.2011. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул дагы эч нерсе эмес, мектепте мындан да "хуже" иштер журуп жатпайбы.
Модератор MiranA түзөттү 09.06.2011 08:05
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо