БИР ЖОЛУ КОЛДОНУЛУУЧУ ИДИШТЕР АЯЛДЫ ЭРКЕККЕ АЙЛАНТАТ

№448 3-9-июнь, 2011-жыл

Украиналык медиктер эскертет: пластиктен жасалган бир жолу колдонулуучу идиштин курамындагы заттар аялдарда түктөрдүн өсүшүн шарттайт.

Украиналык аял денесинде түктөрдүн көбөйүп, мунун айынан өзүн эркектей сезе баштаганын айтып, кеңешке кайрылган. Аялдын кол-буттарындагы түктөрдү айтпаганда да, мурун астындагы түктөр жаңы чыгып келе жаткан мурутту элестетип турган. Медиктер аны толук текшерүүдөн өткөргөн соң анын бөйрөк үстүндөгү бездеринин иштөөсү өзгөргөнүн аныкташты. Мындан тышкары организминде пластмассалык идиштерди (анын ичинде 1 жолу колдонулуучу) чыгарууда колдонулуучу стирол затынын көп өлчөмдө экенин таап чыгышты. Көрсө, баарына стирол күнөөлүү экен.
Анткени стирол адамдын бөйрөк үстүн­дөгү бездеринде өзгөрүүлөрдү жаратат. Мунун айынан без жыныстык белгилерге таасирин тийгизүүчү андроген гормонун (эркек гормон) көп бөлүп чыгара баштайт. Натыйжада бир жолу колдонулуучу идиштерди көп пайдалануудан аялдарда тер көп бөлүнүп чыгып, түктөр өсүп, үн жооноёт.
Медиктердин сөзүн тастыктап, украиналык айым бир топ жылдардан бери соода тармагында иштеп жана күн сайын бир жолу колдонулуучу идишке салынган тамак менен түштөнөрүн айткан.


КОФЕ БОЙГО БҮТҮҮГӨ ЖОЛТОО БОЛОБУ?

Окумуштуулар «кофени сүйгөн айымдарда балалуу болуу мүмкүн­чүлүгү төмөндөйт» дешет. Негизи эле окумуштуулар миллиондогон адамдарга жаккан суусундуктун зыяны көппү же пайдасы көппү дегенге так жооп бере албай келишет.

КОФЕИН КҮНӨӨЛҮҮ
Американын Невада университетинин профессорлору Шон Уорд менен Курт Ричарддын айтымында, дени сак айымдардын да кофенин айынан кош бойлуу болуу мүмкүнчүлүгү төмөндөйт. Булар мындай жыйынтыкка 9 миң аялды изилдөөдөн өткөргөн соң келишкен. Көрсө, күнүгө 3-4 чыны кофе ичүү бойго бүтүүнү кечеңдетет экен. Буга кофенин курамындагы кофеин күнөөлүү. Кофеин жатындын түтүкчөлөрүнүн булчуңдарынын иштөөсүн төмөндөтөт. Мунун айынан түтүкчө аркылуу жатынга жол тарткан уруктанган клетка жакшы жыла албай, бара турган жерине жетпей калат же кеч жетет. Бул аралыкта аны жатында күтүп жадаган эркектин уругу өлүп калат.
Ошентип, болочок бала жаралбай калат. Андыктан, айымдар, балалуу болууну пландасаңар, кофени ичүүнү биротоло токтотуу керек же болбосо эки күндө бир чыны кофе менен чектелүү кажет.

КОФЕ КИМГЕ ПАЙДА, КИМГЕ ЗЫЯН?
(же кофе боюнча фактылар)

  • Кофеин мээнин иштөөсүн жакшыртып, уйкуну качырат.
  • Күчтүү кофе ичкенден кийин артериалдык кан басым жогорулайт. Андыктан жогорку кан басым оорусу барларга эртең менен гана сүт кошулган 1 чыны кофе ичкенге уруксат.
  • Кан басымы төмөндөр башы ооруганда, башы айланганда кофе ичсе пайдалуу. Кофе кан тамырларды жакшы иштетет.
  • Түтүнгө ууланганда да кофе ичүү оң. Анткени ал иске каршы каражат боло алат.
  • Афродизиак катары кызмат кылат: эркек менен аялды дүүлүктүрүүчү касиетке ээ.
  • Кофе угуу менен көрүүнү жакшыртат.
  • Ашказан маңызынын бөлүнүп чыгышын шарттап, кычкылды көбөйтөт. Андыктан гастрит жана ашказан жарасы барлар кофеден баш тартуулары зарыл. Эгер ошончолук эле ичкилери келсе, анда тамактан соң сүт менен ичүүлөрү кажет.
  • Кофенин курамындагы эфир майы ичти жумшартуучу (ич өткөрүүчү) касиетке ээ.
  • Калкан сымал бездин иштөөсүнө терс таасир тийгизет. Андыктан богок оорусу барларга болбойт.
  • Кофени дамамат ичүү көнүп калууга жеткирет. Андыктан аздан ичүү сунушталат.
  • Заара кубалоочу касиетке ээ.
  • Кофе организмдеги кальций жана темирди чыгарат. Андыктан көп ичсе, сөөктүн борпоңдугуна (остеопороз) алып келет.


ЭШЕКТИН СҮТҮ АРЫКТАТАБЫ?
Орусиялык диетологдор “арыктагысы келгендер эшектин сүтүн ичиши керек” деп айтып чыгышты. Анткени эшектин сүтүнүн курамында май аз, ошол эле кезде керектүү заттар бар экен.
Диетологдор “бул суусундуктагы омега-3 кислотасы кандагы холестеринди азайтуу менен жүрөк-кан тамыр системасынын ооруларынын пайда болушунун алдын алат” деп да аныктама беришүүдө.
Эшектин сүтүнүн курамы эненин сүтүнүн курамына жакын, андыктан сүт жана сүт азыктарына аллергиясы бар балдарга берсе болот.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(7)
06.06.2011. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eshektin sutun ichet degendi birinchi ugup atam,voobshe ele eshektin atin aram deit go anan kantip sutun ichet
06.06.2011. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эшектин сутун баягы жаман илдет рак оорусунун женил туруно да колдонушканын укканым бар.
07.06.2011. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эшектин мээсин жеген адам жинди болуп калат деп уккам!!! сутун ичсе анда точно.......))))))))))
08.06.2011. 07:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eshektin sutu mayi az bolso andan koro mayi az uidun sutun ele alyp ichse bolot da. a omega-3'ni aptekadan ele vitamin ili BAD katary alsa bolot go. eshektin sutun ichkeni batynmak emesmin
10.06.2011. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эшектин сутун коп ооруга дары деп да уккам. Туберкулез, ичеги оорулары, опко ооруларында ичсе 10-15 кун ичинде сакайтат деп.
02.08.2011. 04:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
anda Amerikada ayaldardyn bary erkek bolup,eshe toroboi da kalyshat turbayby..kofe da kop ichip,odnorazovyi idishterde kop jeshet go.
26.08.2011. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эшектин суту арам! Андан башка жол мн деле арыктасанар боло! Баары бутуп ошол калдыбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо