ЧХВЕ ЧЖИ У

№448 3-9-июнь, 2011-жыл

“Кыш сонатасы” же “Бейишке карай тепкич” деген корей сериалдарын көрбөгөн адам аз болсо керек. Андагы баш каарманды ойногон Чхве Чжи У кайгылуу ролдорду ийине келтире мыкты аткара билгендиги үчүн өз чөйрөсүндө ханбийке Чхве Чжи У аталган.

КЫСКАЧА
Толук аты-жөнү – Чхве Чжи У.
Туулган жылы – 1975-жылы 11-июнда Түштүк Кореяда төрөлгөн.
Бою – 175 сантиметр.
Салмагы – 50 килограмм.
Тартылган сериалдары – Баары 15тен ашат. “Кыш сонатасы”, “Чындык”, “Аэропорт” жана башкалар.
Тартылган кинолору – 10го жакын. “Азыр жана түбөлүк”, “Ар биринин сыры бар”, “Жашырынууга жай жок” жана башкалар. Айтмакчы, 2009-жылы “Актрисалар” тасмасында өзүнө арналып жазылган сценарий боюнча роль жараткан.
Сыйлыктары – “Эң популярдуу актриса” (Бэксан фестивалы, 2004-жыл), KBS жана SBS телеканалдарынын 2001, 2002, 2003-жылдарынын эң жогорку наамдарын алган.
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок.
Учурда – Актриса жана модель катары белгилүү, 2009-жылдан бери “C,JW” компаниясын башкарып келет.

БААРЫ БИЙДЕН БАШТАЛГАН
Чхве Чжи У азыркы тапта Түш­түк Кореядагы эң көп суроо-талапка ээ актриса жана жарнамаларга тартылган моделдердин ичинен аябай популярдуу. Атак-даңкка бөлөнгөн биздин каарман бүгүнкү күндө тасмаларга тандап тартылат. Сценарийге чоң көңүл бурган актриса кайсы бир компаниянын жүзү болуу үчүн да көп убакыт сарптайт. Мунун баары анын популярдуулугу азыр туу чокуда экенинен кабар берет.
Мындай урмат-сыйга Чхве бир күндө эле жете калган эмес. Ал орто мектепти аяктап, андан кийин Кесипкөй бий окуу жайынын аэробика бөлүмүнө тапшырат. 1994-жылы ал “Эм-Би-Си” компаниясы тарабынан уюштурулган таланттардын сынагына катышып, көздүү мончокту байкап калышкан режиссёрлор ага тасмага тартылуу сунушун айтышат. Ошентип, анын дебюту 1995-жылы “Согуш жана махабат” сериалы менен башталган.

«КЫШ СОНАТАСЫНА» ЧЕЙИНКИ «АЛГАЧКЫ МАХАБАТ»
Балким, тагдыр өзү Чхве Чжи Унун бешенесине Пэ Ён Жунду (Жун Сан)жазып койгон чыгар. Анткени корей сериалдарын бүткүл дүйнөгө тааныткан “Кыш сонатасы” сериалы Түштүк Кореянын визиттик карточкасына айланганга чейин бул экөө “Алгачкы махабат” сериалына тартылышкан. Жүзү кайгылуу жаш актрисаны режиссёрлор өзүнүн тасмасына тартуу үчүн кезекке тура башташат. 2001-жылы тартылган “Сонун күндөр” сериалындагы лейкемия оорусу менен жабыркаган жетим кыздын ролу Чхвеге чоң ийгилик алып келген. Мында анын шериктеши азыркы учурда өтө белгилүү актёрлордун бири Ли Бён Хон болгон. Ушул эле жылы актриса Ханьян университетинин театр жана кинематография бөлүмүнө тапшырат. Бирок убакыттын тардыгынан улам бир жылдан кийин окууну таштоого мажбур болгон.

ЯПОНИЯНЫН ХАНБИЙКЕСИ
2002-жылы корей толкунун жараткан “Кыш сонатасы” тартылганы белгилүү. Бул сериалды Жер шарынын дээрлик бүткүл өлкөлөрүндө көрсөтүү иш-чаралары бүгүнкү күнгө чейин созулуп келет. Аталган сериалдын башкы идеясы Корея туризмин өнүктүрүүгө багытталганын көбү билбеши мүмкүн. Бирок идея иш жүзүнө 101 пайызга гана ашпастан, Түштүк Корея бул тасмасы менен дүйнөнү дүңгүрөтө алды десек да жарашат. Белгилеп кетчү нерсе, “Кыш сонатасы” сериалы өзгөчө япониялыктарга жаккандыгын айта кетүү зарыл. Анткени ушул күнгө дейре Японияда жүргүзүлгөн сурамжылоолорго ылайык, “Эң атактуу жана сүймөнчүк кореялык актриса” деген тизменин башында Чхве Чжи У турат. Андыктан күйөрмандарын кубантуу үчүн 2009-жылы “Кыш сонатасы” сериалы Японияда анимэ вариантында кайрадан тартылган. Андагы баш каармандын ролуна Чхве өзү үн кошкон. Мунун баары калың эл тарабынан атактуу актрисанын “Япониянын кореялык ханбийкеси” деп аталып калышына жол ачкан.

ҮЧ ЖЫЛДЫК СҮЙҮҮ ТОЙСУЗ КАЛДЫ
Ал эми жеке жашоосуна кайрылсак, 2004-жылдан кийин Чхве кинодон убактылуу тыныгууга кетип, кайрымдуулук иш-чаралары менен алектене баштаган. Кийин 2007-жылы “Аэропорт” сериалына тартылып, анда чогуу ойногон Ли Чжин Вук менен ысык мамилеси тасма аянтынан чыныгы жашоосуна өтөт. Буга чейин Чхвенин жеке жашоосу дайыма бекем сандыкта сакталганы үчүн Ли Чжин Вук менен болгон мамилеси журналисттердин көңүл чордонуна чыгат. Актёр аскердик кызмат өтөөгө кетип, андан кайткан соң мамилелери тойго жетпей ажырашып кетишкен. Чхведен алты жашка кичүү болгон жигити Ли Чжин Вук биринчи болуп мамилени улантуунун керексиз экендигин айткан. Дегенибиз, актёрдун продюсери бул маалыматты биринчи болуп билдирген. Ал эми Чхвенин продюсери “актрисанын жеке жашоосун ачыкка чыгарууну башынан эле туура көрбөйбүз, андыктан эч кандай түшүндүрмө бере албайм” деп кутулган.

Эльвира Караева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(12)
06.06.2011. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Кым сонатасы" менен
"Бейишке карай тепкич" деген фильмдери аябай жакшы аткарылган кызыктуу кинолор.Корунуздор деп айтаар элем :)
06.06.2011. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эта актриса великолепно исполняет свои роли, всем советую посмотреть фильмы с ее участием :-)
06.06.2011. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жылмаюусу жакшынакай экен.
06.06.2011. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага да абдан жагат бул актриса
08.06.2011. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул актриса мага абдан жагат. "Кыш сонатасы" менен "Бейишке карай тепкич" деген сериалдары аябай жакшы аткарылган советую вам посмотреть :))
08.06.2011. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
da chyn ele reklamalardan tushpoit.osobenno kosmetikany kop reklamalait
09.06.2011. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу корейлерге такыр ичим жылыбайт да. Кыргыз кыздарына жетери жок дуйнодо
09.06.2011. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы ойнойт Кинолорун коргонмун алга
10.06.2011. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
корея кинолору эзилииип эле журо беришет,бул жактагы адамдын журогун сыгып жиберишет,ошон учун мен коп коро бербейм,бирок негизинен кинолору жакшы!
10.06.2011. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
da interesno,voobshe korei kino korgon emesmin.
11.06.2011. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Она вообще прелесть!!! Экс-жигити жакпады. Рас эле ажырашып кетиптир. Пэ Ён Жун (Жун Сан) экоо эле идеальная пара деп эсептейт элем. Неге экоо кыз-жигит болбоду экен...?
06.11.2012. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыш сонатасы аябай маанилуу сериял мага ото жагат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо