Темирлан Сманбеков, Мамлекеттик куурчак театрынын директору: «АЗЫРКЫ БАЛДАР ТАРБИЯГА МУКТАЖ»

№449 10-16-июнь, 2011-жыл

Бишкек шаарындагы Мамлекеттик куурчак театрына быйыл 72 жыл толот. Андыктан театрдын директору Темирлан Сманбеков менен бул тууралуу маек курдук.

– Саламатсызбы, агай. Сөздү Куурчак театрынан баштасаңыз...
– Биздин театр көп жылдан бери балдардын келечеги үчүн эмгек кылып келүүдө. Андыктан алдыга койгон максатыбыз – балдарды жаш кезинен баштап боорукердикке, ыймандуулукка тарбиялоо. Ошол максатта атайын бакчадагы балдар үчүн, 1-3-класс, 4-6-класс, 7-11-класска чейин, анан чоңдор үчүн спектаклдер көрсөтүлөт. Жомокторубуз да баарына бирдей эмес. Улам жашы чоңойгон сайын спектаклдер таасирдүү, оор болуп, күчтүү философияны камтый баштайт.
– Спектаклдер бизде эле көрсөтүлөбү же чет өлкөлөргө да чыгып жүрөсүздөрбү?
– Театрыбыз атайын чакыруулар менен жер кезип, өлкөлөрдү кыдырып спектакль коюп келет. Жакында эле Казань шаарында өткөн Эл аралык фестивалда Ч.Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” аттуу романынын негизинде жазылган “Томого” деген пьеса көрсөтүлүп, эң мыкты баага татыды. Анда актёрлор бет кап кийип ойношту. Эмнеге бет кап десеңиз, азыркы турмушту чагылдыргыбыз келди. Бет капчан адам киши менен сүйлөшкөндү, мамиле кылганды билбейт. Мына ошондой майда нерселерден да балдар тарбия алышса, ошол бети жок кишилердей болбой жүзүн ачыкка чыгарып, бири-бири менен жарык маанайда болушса деген тилек.
– Сиздин оюңузча, азыр балдарга эмне жетишпейт?
– Азыркы мезгилде балдарга татыктуу тарбия жетишпейт. Ата-энелер жомок, акыл-насаат айткандын ордуна аларга автомат, бычак оюнчуктарды карматып коюшат. Ал оюнчуктар менен кантип ойномок эле? Сөзсүз түрдө бири-бири менен мушташат. Мунун баары балдардын психикасын бузат. Балдар – биздин келечегибиз. Ошондуктан биздин театр кичинекейлерди балдар бакчасынан тартып ак менен караны, жакшы менен жаманды айырмалай билиш үчүн тарбиялык маанидеги оюн-зоок, спектаклдерди көрсөтөт.
Бир жолу мындай окуя болду. “Томого” спектаклин койгондон кийин 3-класстагы кыз келип: “Балдар, маңкурт болбогулачы! Энелерди атпагылачы!” деп ыйлап жиберди. Көбүнчө шарактап келген балдар көрсөтүүдөн чыккандан кийин кадимкидей ой басып, үңкүйүп, көздөрү жашылданып кетишет. Бул балдардын жүрөгүнө ошол нерсенин жетип жатканын, алардын таасирленип жаткандыгын билдирет.
– Сиз бул жаатта канча жылдан бери эмгектенип келатасыз?
– Менин бул кызматты аркалаганыма 3 жыл болду. Кесибим боюнча актёрмун. Канчалык өзүм каалаган жумушумда иштегим келсе да, балдардын келечеги үчүн театрда кызмат кылып отурам.
– Маегиңизге рахмат.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
18.06.2011. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч ким жазбаганына караганда азыр, баары эле компьютерлешип кетти да, чиркин мурда кандай сонун, тунук, таза, Искусство болгон
20.06.2011. 08:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ф.Куловго тууган эмесби,аябай окшош экен...
20.06.2011. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Куурчак театрынын спектаклдерин көрүп калдым. Чындыгында эле аябай таасирдүү экен. Азаматсыздар, ушинтип жеткинчектердин кең келечегинин камын көрүп талбай эмгектенип жүрө бериңиздер, азаматсыздар!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо