№449 10-16-июнь, 2011-жыл
Өзүбүздө өстүрүлгөн күрүчтөрдү изилдей келгенде, алардан уулуу зат – кадмий чыккан учурлар кездешүүдө. Мунун себептери эмнеде? Кадмий организмге кандай зыяндарды алып келет? Бул суроолорго изилдөөлөр жана фактылар жооп берет.
КҮРҮЧТӨРДӨН ЭМНЕГЕ КАДМИЙ ЧЫГУУДА?
Кызартып боёлгон күрүчтү өзгөн күрүчү деп билбей шашылып сатып алган учурлар баарыбызда кездешет. Аны жууп-тазалаган соң боёгу кетип, кадимки күрүчтөн айырмасы жок болуп калат. “Сатуучу алдаган экен да” деп кейиген менен, андан баары бир тамак бышырабыз. Бирок боёктон улам ошол күрүчкө кандай уу сиңип жана аны кошо жеп жатканыбыз менен ишибиз болбойт.
Билгенге арзан күрүчтү кымбат өзгөн күрүчүнө айландыруу анчалык татаал иш эмес. Ал үчүн кызыл чопону же кызыл кышты упадай майдалап, элеп туруп ак күрүчкө аралаштыруу жетиштүү. Коркунучтуусу – ошол кызыл чопонун же кызыл кыштын курамындагы кадмийди күрүч өзүнө жутуп алгандыгы. Күрүч менен кошо организмге кирген уулуу зат – кадмий акырындап бөйрөктө, боордо жана он эки эли ичегиде топтоло баштайт. Андай күрүчтү алданып же шашып жатып көңүл бөлбөй, айтор, дагы сатып алабыз. Анан андан тамак бышыруу менен өзүбүздү ууландырууну уланта беребиз.
Кадмий денеде көбөйүп кетсе сөөктөр бузулуп, кыйшая баштайт. Бул болсо жан кейиткен оору менен коштолот. Сөөк абдан морт тартып, бат сынма болуп калат. Бул эле эмес, кадмий кан басымды жогорулатып, рак ооруларын чакырат.
ФАКТЫЛАР ДАЛИЛ
КЫТАЙ КҮРҮЧТӨРҮНӨН ДА КАДМИЙ ЧЫГУУДА
Кытайда 2010-жылы 196 миллион тонна күрүч өндүрүлгөн. Ал күрүчтөрдүн 10 пайызынан кадмий чыккан. 10 пайызы 20 миллион тоннага жакын күрүчтү түзөт. Экономикасынын өсүшүнө байланыштуу Кытайдын экологиясы булганып жатат.
Уулуу заттар кадмий, мышьяк аба, суу аркылуу тароодо. Ал эми күрүч абадагы жана суудагы кадмийди бат тартып, сиңирип алат. Анын үстүнө Кытайдын кээ бир күрүч плантацияларында өнөр жай калдыктары менен булганган суу пайдаланылат. Андай күрүчтөр экспортко да жиберилет. Алып айтсак, орусиялык сайттардан кадмий менен ууланган кытай күрүчтөрү чек ара постунан кайтарылып жатканын окуп калабыз. Андыктан “Кадмий менен ууланган күрүчтөр Кыргызстанга да келип жатабы?” деген суроо менен Лорита Агайдаровага кайрылдык. Ал “азырынча каттала элек” деп жооп берди.
Жакында эле Кыргызстанда сатууга тыюу салынган арыктатуучу кофе “Ош базарында” сатылып жаткан жеринен алынган. Мурдагы жылы да бизге алынып келинген Кытайдын кургак сүттөрүнүн курамынан уулуу меламин заты чыккан. Ошолорго окшоп кадмий менен ууланган күрүчтөр да кокус кандайдыр бир жолдор менен бажыдан өтүп кетип, текшерилүүгө да кабылбай сатылып жатпасын деген ой туулбай койбойт.
БИЛГЕНИҢ ОҢ
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |