Жанар Акаев: «КЫЗДАРДЫН ЭҢ МЫКТЫСЫ МЕНИКИ БОЛОТ»

№449 10-16-июнь, 2011-жыл

Азыр мени менен сүйлөшчү жигиттин журналистика чөйрөсүнө келгенине көп деле убакыт боло элек. Теледен көргөндө жүзүн да тааныйт болушуңуз керек. Ал – былтыркы жылы “Супер-Инфонун” тандоосу боюнча “Жылдын супер телеалпаруучусу” аталган Жанар Акаев. Бүгүнкү маектеш-кесиптешимден бир байкаганым, креативдүү экен.

– Жанар, атың Алайга, даңкың далайга кетип жүрөсүң анан?
Атым Алайга жеткени туура, бирок даңкым далайга жеттиби, аны айта албайм.
– Жаның тынбаган журналистсиң. Ушул кесиптин аркасы менен кайсы өлкөлөргө бардың? Бир карасак Баткенде, бир карасак Берлинде жүрөсүң дегендей...
"Азаттыкка” жумушка орношкондон бери “саякатчы бака” болуп калдың” деп досторум да тамашалап калышат. Бир жыл ичинде Түркия, Япония, Украина, Орусия, Араб Эмираты, Грузия сыяктуу мамлекеттерге барып келдим. Азыр Германиядамын, андан ары Чехияга барабыз. Баарынан да мага Грузияга болгон сапарым абдан жакты. Атактуу саясатчыларынын баары менен жолугушууга мүмкүнчүлүк болду. Негизи эле мен Лондонго же Парижге барууну кыялданбайм, Ооганстанга жана Африка өлкөлөрүнө барсам деп жүрөм.
– Саясатчылар деп калдың, “саясатты укмуш сүйөт” дешет го сени. Өзүң качан аралашасың?
– Саясатка мен 1-классымдан баштап эле кызыкчумун. Анын үстүнө кесибим да күн сайын саясатты окуп, аны иликтеп, ошол чөйрөнү мыкты билгенге кааласаң да, каалабасаң да мажбур кылат. Бирок мага журналистика көбүрөөк жагат. Кээде ойлойм, депутат болгондон көрө журналист болгон элге көбүрөөк пайдалуу го деп. Жакынкы беш жылдын ичинде сөзсүз саясатка келем. Келгенде да күчтүү, пара албаган, жалаң жаштардан куралган команда болуп келебиз. Азыркы саясатчылар «эскирип» бүтүштү, сыналгыны карасаңар, баягы эле жүздөр. Мен ойлойм, чет өлкөдө иштеген, Кыргызстанда да өз ийгилигин көргөзө алган жаш муун саясатка келгенде азыркы саясатчыларыбыз дароо пенсияга чыгышы керек деп.
Грузияда ошондой болгон, революциядан кийин жалаң жаштар бийликке келип, өлкөдө аз убакытта ийгиликтүү реформаларды жасашкан. Айрым жаш министрлер түнкү саат үчкө чейин иштешет экен ал жакта. Грузияда полиция, мугалимдер таптакыр пара албай калышкан. Ушунун баарын жаш саясатчылар жасашкан. Бизде качан өлкөнү бутуна тургуза ала турган программа иштеп чыгып, ошону ишке ашырууга көз жеткенде гана саясатка барыш керек. Азыр андай эмес. Курулай убада менен гана элди алдап жатышпайбы.
– Таза абалуу Алайдын жигити бүт ат оюндарын билсе керек?
– Албетте, биз эми ат жалында чоңойгон балдарбыз да. Өткөндө Оштун кайсы бир айылында программа тартып жатсак, эл абдан көп топтолуп кетти. Бирөөнүн атын минип алып ары-бери чаап, айылдыктарга абдан мактандым. Бирок кичинекей кезимде аттан катуу жыгылгам, ошол дагы эле эстен кете элек.
– Интернет дүйнөсүндө көп досторуң бар, интернет сен үчүн эмне?
– Интернет нан сыяктуу эле курсакты тойгузат. Чарчаганда силердин Медиа-порталга баш багып, клип көрөм, музыка угам. Көп убактым интернетте өтөт. Интернеттин өнүккөнү жакшы, алысты жакын кылат. Аз убакытта интернет Кыргызстандын бүт айылдарына жетсе, балким, дыйкандар да картошкасын интернет аркылуу сатып калышаттыр.
– Өзүңө кайсы берүүң жаккан?
– Улак тартыш тууралуу жасаган программа абдан жаккан. Биз көк бөрүнү эмес, “сахна” артындагы кызыктуу окуяларды көргөзүп бергенбиз. “Аттарды кантип даярдайт? Улакчылардын кир кийимин аялдары жууй берип тажашпайбы? Улакчынын колу кандай болот?” деген суроолорго жооп алып бергенбиз. Абдан кызык чыккан.
– Спортко кандайсың? Кайсы түрүнө кызыгасың?
– Анча-мынча футбол ойнойм, волейболду жакшы ой­нойм. Сууда сүзүүгө кызыгам, бирок продюсерибиз Касым мени урушуп отуруп машыгуу залына жаздырып койду. Оор темирлерди кантип көтөрөм билбейм эми, “семирип, 80 килограмм болуп калыпсың” деп кесиптештерим мээмди чагып жатышат. Ошто окуп жүргөндө эркин күрөш менен машыкчумун. Мен барган залга маркум спортчу Баяман Эркинбаев да барчу. Мени “ии, Акаев” деп мазактап калар эле.
– Бир эжең сени Мирбек Атабековго окшоштурчу экен...
– Ооба, 1-курсумда болуш керек, анда эми арык, башкача бала болчумун да. Мирбектин жылдызы жанып баштаган убакта сыналгыдан чыкса эле “Жанарга окшош” деп калчу. Мен өзүм да Мирбектин ырларын көп угам, “Жүзүң” деген эски ырын азыр да угуп жүрөм.
– “Жылдыз” деген бир жаман “илдет” бар. Бул “оору” сага да жуктубу?
– Мага бул “оору” таптакыр жукпайт. Мен деген жөп­жөнөкөй, карапайым жигитмин. Телепрограмма жасоо – менин жумушум. Өздөрүн жылдыз сезген тележурналисттер менен мен учурашпайм дагы.
– Сага айтылган сындарды кандай кабыл аласың? Мисалы, “шашып сүйлөйт, түштүк диалектини көп колдонот” дешет.
– Бул эки сын тең туура. Шашып сүйлөйм, шашып жүрөм, керек болсо шашып уктайм.
А түштүк диалектини колдонгонум мурда кездешчү. Азыр калган, нукура адабий тилде эле сүйлөйм. Бирок көрүүчүлөр тараптан сынга караганда мага мактоолор көбүрөөк айтылат. Ошон үчүн бүт өлкө боюнча КТРК уюштурган сурамжылоодо мен алпарган телекөрсөтүү 1-орунга татыды да.
– Студент кезиңде окуу жайдын гезитине макалаң чыккан эле, жаш ырчыларды сындаган. Азыр кандай көз караштасың?
– Ошол мен сындаган ырчылар азыр сахнадан четтеп калышты. Демек, мен туура сындагам. Азыр деле үнү жок, бирок сахнага көгөрүп эле чыгып алган ырчылар толтура. Келбетин, кийимин жарнамалап жүрө бергендери бар. Азыр сындасам, биротоло тура алгыс кылып сындайм.
– Ишиңдеги негизги кеңешчиң ким?
– Кесиптештерим мени ар бир программа сайын сын­дап отуруп чыңалтып коюшту. “Азат­тык+тун” азыркы курамына өзүм да суктанам. Экрандан Элиза Кененбаева экөөбүз чыгып жатканыбыз менен, көп эмгекти продюсер Касым Рахманкулов менен режиссёр Алмаз Алимбаев жасайт.
– Акаев кантип эс алат?
– Акаев эс алуунун бардык түрүн колдонот. Тоого да чыгат, жаш балдардын оюнун да ойнойт, ат минет, түнкү клубдарга барат, кыскасы, баарына жетишет.
– Апаң “Жанарга “Азаттыкка” үйлөнүп алдыңбы?” деп айтам” деген эле. Ал оюнан кайттыбы же уулун үйлөндүрө албай дале убарабы?
– Апам ал оюнан кайтты. Мен тү­шүндүрүп айттым, туура бир жылдан кийин, келерки күздө үй­лөнөм деп. “Чет өлкөгө окууга кет­пейсиң” деген шарт койду, макул болдум.
– Сараң байсыңбы же ак көңүлсүңбү?
– Ашыкча ак көңүлмүн. Акчаны көп эле табам, бирок көп иштетем. Өзгөчө чет өлкөгө чыкканда акчамды ойлонбой коротуп коём. “Жакшы акча тап, ошого жараша жакшы шартта жаша” деген принцип бар менде.
– Кыздарга убакыт бөлөсүңбү же иш деп эле жүрөсүңбү?
– Кыздар менен жетелешип, сейил бакта балмуздак жеп жүргөнүмдү элестете албайм. Өзүмдү бекерчи сезем анда. Анда-санда киного барып же клубдарга барып койбосом. Мага жаккан кыз болсо, оңой эле сүйдүрүп алам. Кафелерде же башка жакта болбосун, досторум менен чогуу кыздар менен таанышып калсак, кыздардын эң мыктысы меники болот. “Жанар дагы илип кетти” деп досторум тамашалап калышат.
Акылдуу, билимдүү жигиттер кыздарга жагарын мен билем, ошон үчүн өзүмчө эле “гений” көрүнүп жатып, кыздардын жүрөгүн багындырам. Ал эми “таанышып алалы, жолугалы” деп телефон чалгандарга түз эле жумуштун дарегин берем. Келсе, биздин жамаат менен тааныштырып, иш боюнча гана сүйлөп, акыры-ын узатып коём. Ушундай “хитрый” баламын.
– Ушундай “хитрый” журналист болуп жүрө бер деп маекти бүтүрөлү. Ийгилик ишиңе.

АКАЕВ ТУУРАЛУУ

  • Акаев Жанарбек Кубанычович. 1986-жы­лы 13-декабрда Ош облусунун Алай районуна караштуу Кабылан-Көл айылында туулган.
  • Гезиттерге “сүйлөшкөн кызым жок” деп айтат, бирок бар.
  • Достору “интернеттин ичинде жашайсың” деп көп капа болушат.
  • Англис тилинде мыкты сүйлөй албайт, чет өлкөдө сөзсүз котормочу алат.
  • Майк Тайсон менен Леди Гага тууралуу телеберүү даярдасам деген планы бар. Учурда Леди Гага Берлинде концерт коюп жүргөндүктөн, Жанар анын концертине билет заказ кылганын айтты.
  • Чөнтөк телефонду тандап колдонот. Көтөргөн телефонунун баасы 28 миң сом турат.
  • Программасы өзүнө жакпай калса, эфирге чыккан учурда телефонун өчүрүп, уктап калмай адаты бар.
  • Аш жегиси келсе, дароо Ошту көздөй жөнөйт.
  • Үйлөнсө, ЗАГСка ат араба менен барат.
  • Электр тогунан абдан коркот. Үйдө бир нерсени оңдош керек болгон жумуштарды такыр жасай албайт. “Сени сүйлөтүп эле койсо” деп үйүндөгүлөр урушат.

Бурул Исмаилова
star@super.kg


Маек - Жанар Акаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(98)
SUPER.KG видео
18.06.2011. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Khagan мен дагы ошентип ойлогом. Кээде журналисттер кызыктуу болуш учун бир аз коркомдоп коюшат да)) Жаш болгонуга карабай Кыйын журналист экен. Кыргызымдын тагдырына кайдыгер карабаган патриот жигит экен! Элибизде мына ушундай азамат жигиттер кобойо берсин!
SUPER.KG видео
19.06.2011. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ООООО, ушул байкени аябай сыйлайм. БАЙКЕ ишинизге ийгилик, ден-соолуктуу болунуз! Буйруса жакында КЫРГЫЗСТАНДА жакшы жана достойный ЛИДЕР болот.
SUPER.KG видео
19.06.2011. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
даа кыйын бала экен
19.06.2011. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мдаа, интересный парень... видео-мантажды корбой жатып интервьюсун окусан Жанар жонундо таптакыр башка ойдо калат экенсин, а виеону коруп Жанарды дагы бир жолу сыйлап калдым. Азаматсын! Ишине ийгилик!!! Ушул калыбындан жазба! Сени 5 жыл, 10 жылдан кийин да ушундай жигит боюнча коргубуз келет.
19.06.2011. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Iij typyldajt go!Men da typyldap sujlojm sendej bolup.Anan,men da politikaga kyzygam(sendej bolup),baldardyn suluularyn da ozumo bagyndyryp alam!!!;)
Okshosh jerleribiz kop eken!
Alga!Diletant!
SUPER.KG видео
19.06.2011. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Super jigitsin Janar!Jash bolson da akilun baaruna jetken jigit ekensin,Omyryn uzun ,baktiluu jigit bol!Bilem ansuz dele ata enen suimuktanup jatsa kerek,kichine bolso da elge salumun koshup.Ech ozgorbo,chachundu jasalgalap,suluulanbasan dele supsuluu jigitsin!
SUPER.KG видео
20.06.2011. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун эле суйлоптур эч кандай мактанбай,адамдар качан коро албастыгынарды коесунар,кайра Кыргызымда ушундай эр азамат чыгып жатканда колдоп койсонор,четте журуп Жанардын бир да телеалпаруусун корбоптурмун бирок азыркы маегине баа бердим эч тайманбай коркпой жооп берип жатты,азаматсын мен колдойм Жанарды келечеги бар бала экен ийгилик сага!
Жаратканым озу колдосун иним алгалай бер! Москвадан Кыргыз боордошторун колдойт!
SUPER.KG видео
20.06.2011. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанар азаматсын!Бирок этият бол,бизде кыргызда чечкиндуу жигиттерди жаштайынан сындырып койгон адат бар эмеспи.Ар дайым чындыкка тике тикте.
SUPER.KG видео
20.06.2011. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamat!
SUPER.KG видео
20.06.2011. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayabay munozu jakty.jonoylugu.ushundan jazbay juro bersin kyrgyz eline kizmat kilip
SUPER.KG видео
20.06.2011. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сайтка жукторлору менен тепкилеп баштасанар, аны окуган Жанар кой, деп видеосунда ондоп кетти да созун. Деги ушул комментарий жазгандарга тушунбойм.
SUPER.KG видео
20.06.2011. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар дайым бар Бол!!!Жанардай кыРааНдар кобойо берсин Кыргыз элинде...
22.06.2011. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанар менен Атабековдун окшоштугун коргон жокмун,Аскар Акаевге окшоштурдум.Каштарын карасанар.Айтсанар,туугандыгы жокпу? Жанар молодец,креотивдуу жаштардан.
22.06.2011. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
скромныйрак кийинип эле чыкпапсын,шортаны чечип дегендей.
SUPER.KG видео
30.06.2011. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанар Акаев сага 5балл ЭТИЯТ бол тууган
SUPER.KG видео
03.07.2011. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кана баардык жигиттерибиз Жанардай болсо.Кудай колдосун!!! иштерине ИИЙГИЛИК каалайм.
06.07.2011. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акаев тимеле озондойтко.
11.07.2011. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага кулгону жакты бул баланын
19.07.2011. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанара ишине ийгилик жакшы алып барасын.Бирок чондорго окшоп чет мамилекетке барып алардын жашоосун чагылдырбай.Чон алай,Алайку,Баткендин бийик-бийик тоолу жердеги элдин койгойун алып чыксан.Суу жетпеген жерлерди,таштак жолдорду,жыгылганы турган тамдарды.Элдин нукура жашоосун депутат чондорго алып чыксан болмок.Эрнис Кыязов да Бакиев маалында коп чондор корбогон нерселерди Багыттан корсотчу мен ыраазы болуп корчумун.Сен да ошого окшогон койгойлорду чыгарчы.бирок осо турган баласын.чындыкты чыгар
SUPER.KG видео
27.07.2011. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iygilik saga!
29.07.2011. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жигит озунон да ишин аябай суйотго, жакшы темаларды чагылдырат. Ишине ийгилик, жакшы кызга уйлонушуно тилектешмин!
09.08.2011. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир аз мактанып коюптур. Бирок чындыгында элди суйгон патриот жигит экени корунуп турат. Азамат, ийгилик.
12.08.2011. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Жанар.Ушундайынан тайба.Жакынкы беш жылдын ичинде сөзсүз саясатка келем. Келгенде да күчтүү, пара албаган, жалаң жаштардан куралган команда болуп келебиз. деген созун аябай жакты.ушундай патриот жаштардан кобуроок болсо тез онолмокпуз.баткендеги чегарадагы кыйынчылыктарды да тартып кетчи.Козун май баскан, кресло талашып олтургандар корушсун.Ийгилик САГА.АЛГА ЖАНАР!
15.08.2011. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
нукура суйлойм дейт да нучто дедин го
SUPER.KG видео
01.10.2011. 03:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamat! abdan jak6y maek boldu!
27.10.2011. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Латын тамгасы менен жазган билдируулордун кобу "азаттык" жыттанып жатат. Колдорунда интертен анан да 299 никтери бар. Жаза бергиле, озунорду мактабасанар, силерди эч ким мактабайт. Апченер бийликте, атанар КТРда силердин кунунор тууп жатат чынында азаттыктагылар.
30.10.2011. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жонокойлугу менен эле адамдарды арбап алат тура. уйронуп алыш керек экен!
SUPER.KG видео
23.02.2012. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жагып жатасын Жанар=)))
SUPER.KG видео
12.06.2012. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куш боон бек болсун Жанар братик!Коендой окшошуп туболук бир болгула.
SUPER.KG видео
17.06.2012. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сени эл сыйлайт Жанар ишине ийгилик
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо