ГУ ЧЖУН ПЁго КАНТИП ТУРМУШКА ЧЫГУУГА БОЛОТ?

№450 17-23-июнь, 2011-жыл

Кыздардын кумирине айланган Гу Чжун Пёго (Ли Мин Хо) жетүүнүн ыкмасын билесизби? Анда жаш режиссёр Данияр Абдыкеримовдон мастер-класс алсаңыз болот. Дегеним, учурда “Гу Чжун Пёго кантип турмушка чыгууга болот?” аттуу тасма кинотеатрларда коюлуп жаткан кези.

Тарткан өлкө – Кыргызстан
Тартылган жылы – 2011-жыл
Жанры – Комедия
Режиссёру – Данияр Абдыкеримов
Бюджети – 20 миң доллар
Башкы ролдордо – Нурия Тажидинова (Алия), Дархан Эшеналиев (Дастан) жана башкалар

СҮЙҮҮНҮ АЛЫСТАН ЭМЕС, ЖАКЫНДАН ИЗДЕ
Алия – катардагы студент. Ал «Мыкты жигиттер» тасмасындагы башкы каарман Гу Чжун Пёго ашык болуп жүргөн. Сабакта отуруп курбусу Айка менен мелдеше кетет. Эгерде Алия Гу Чжун Пёго турмушка чыкса, анда Айка бүтүрүү кечесинде сахнага жылаңач чыгат, ал эми Алия утулса, окуудан кетмекчи болот.
Тагдыр Алияга сюрпризин даярдап, Дастан аттуу музыкант жигитке жолуктурат. Алия ага Кореяга кетүү үчүн 1500 долларды каяктан табарын билбей жатканын билдирет. Ал эми Дастан сүйлөшкөн кызын күтүп жаткан болчу. Ыйлап жаткан Алияга Дастан колундагы роза гүлүн карматат. Алиянын курбулары гүлдү каяктан алганын сурашканда, ак боз атчан ханзаада белек кылганын айтат.
Алия жана анын курбулары Бека, Жика чоң компанияга менеджер болуп жумушка орношмокчу болушат. Ал жактан 1500 доллар иштеп таап, Алияны Кореяга кетиришмек. Эртеси үч курбу тез даярдалуучу тамак-аш жайына сатуучу болуп иштей башташат. Кечинде ал жайга Дастан келип, Алияны көрөт. Анын Кореяга кетүүсүн тездетүү үчүн ал 20 гамбургер алып кетет. Алиянын окуусуна келип, Дастан экөөнүн жолугушуулары тездеп, дос катары сүйлөшө башташат. Айка Алиянын Кореяга кетишин каалабай, ага каршы аракеттерди тымызын жасай берет. Убакыттын өтүшү менен Алия сүйүү жана бакыт жанында экенин сезип, чогулган акчасына Дастандын кыялындагы гитараны сатып берет.
Айканын интригасынын айынан Алия Дастанга таарынып, сүйлөшпөй калышат. Арадан айлар өтүп, экөө эки жакта кыйналат. Акыры Алия жеңилгенин мойнуна алат. Бирок ал жеңилүүнүн артында бакыт жаткан эле. Дастан менен Алиянын чогуу калганы менен тасма аяктайт.

БААРЫ ЭМНЕДЕН БАШТАЛГАН?
Алгач режиссёр Данияр Абдыкеримов боевик жанрындагы тасма тарткысы келген. Бирок аны корей тасмасынын күйөрмандары өтө таң калтыра баштайт. Мындай ракурстагы тасма тартууну режиссёрдун карындаштары сунуштаган.
Тасма корей сериалдарына арбалган, тагыраак айтканда, Гу Чжун Пёну сүйгөн кыздарга арналган. Романтикалык комедия өспүрүмдөргө “алдыга максат коюу менен жашоо керек” деген идеяны бергиси келет. Тасмага 300дөн ашык кыз-жигит келип күчүн сынап көрүшкөн. Эң кызыгы, кыздарга “кореялык мырзаларды сүйөсүңөр” деп таарынган кыргыз жигиттери кастингге корей жигиттерине окшошуп келишкен. Бардыгынын чачы өскөн жана кийинүү стили корей мырзаларыныкындай эле. Кыргыздардын Гу Чжун Пёго окшошконго жасаган аракеттери кино тарткан топту аргасыз жылмайдырган.
Тасмадагы Алиянын ролун аткарган актриса – режиссёрдун карындашы. Баштапкы кино тартуу идеясы да ушул кызга таандык. Ал эми башкы ролдогу Дархан – ырчы. Аны режиссёр интернеттен таап, кастингге чакырган.

КОРЕЙЛЕР БИЗДИН ТАСМАГА КЫЗЫГУУДА
Тасма ушул жылдын 1-мартынан баштап тартыла баштаган. Тартылуу учурунда режиссёрго актёрлордун башын бириктирүү эң оор болгон. Бардыгы студент болгондуктан, аларды сабагынан алагды кылбоо үчүн кечинде, кээ бир эпизоддорду түнү менен тартышкан. Кызыгы – аталган тасма учурда корей телеканалдарын кызыктырып жатканында. Режиссёрдун айтуусунда, Кореядагы эки телеканалдан жана Корея элчилигинен кызыктуу сунуштар түшкөн. Алар бул тасманы Кореяда өтө турган эл аралык фестивалдарга катышууга чакырышкан. Учурда тасма англис тилине которулуп, чет жактарда көрсөтүүгө даярдалып жаткан кези.

Дархан Эшеналиев:
– Аябай кыйналдым. Сценарий боюнча мен Алияны жакшы көрүшүм керек эле. Бирок Алия менин “форматымдагы” кыз эмес экен. Ал кызды сүйбөй туруп, чыныгы сүйүүнү ойноо мен үчүн баарынан оор болду. Бирок акырындык менен ал ролго да кирдим. Негедир тасмадан кийин Кореяга баруу максатым да күч алды. Жамгырлуу, кар жааган күндөр эсимде калды.

Нурия Тажидинова:
– Мен үчүн тасмага тартылып жаткан ар бир күн шаңдуу өттү. Тасмадагы Айка экөөбүз душман болот эмеспизби. Бирок чыныгы жашоодо экөөбүздүн мамилебиз жакшы. Менимче, тартуучу топтун курамы жакшы болгондуктан, тасмага тартылуу мага оңой болду. Бул менин кинодогу биринчи дебютум. Кийин сунуш түшсө, дагы тартылам деп ойлойм.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • Тасма 1 ай 15 күндө тартылып бүттү.
  • Тасмадагы эгиздер – Чопа, Чика чыныгы жашоодо да эгиз, алардын аттары – Мадина жана Медина.
  • Саундтреги – Эркин Мукашевдин “Күзгү жылдыз” аттуу орус тилиндеги ыры.
  • Кино орус тилинде.

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg


Маек - Данияр Абдыкеримов, Дархан Эшеналиев жана Нурия Тажидинова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(47)
20.06.2011. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vauu super bir jarym ayda tol`ko indiyalyktar tartywy mumkun bul toy tartkanday ele tartkango menim4e
20.06.2011. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Режиссёрлорго айта турган кенешим: Кино тартаардан биринчи башкы рольдорго адамдын шилекейи ага тургандай супсулуу адамдарды табыш керек! Бизде дагы эле кыргызчылык! Тууганын кебетесин келиштирип башкы рольго коюп койгону эмне эми? Анысы да тез эле озун жылдыз сезип алганго. Дарханды каяктан казып келгенсин! Анысы да озун укмуш сезет окшойт. Кореядагылар азыр кызыгып жатса,коргондон кийин супсуну сууйтко. 100% кепилдик берем!
20.06.2011. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озубуздун олкодо тартылгандан кийин,тасманы кыргыз тилинде жаратсанар болмок.Чет жактагылар кызыкса оздору эле котортуп алышат бизден сурабай эле.Бул бир.Экинчиден:Бул тасманы айыл жериндеги жердештерибиз кызыгып корушмок.Орус тилинде экен деп шаардагы башка улуттагылар корот дейсинерби?Учунчудон:Чет жактагы фестивальдарга барсанар алар деле суроо ыргытат да:"Эмне учун орус тилинде,кыргыз жаштарынын жашоосу,озунордон тартылган,же тилинер жокпу"деп.Боз салкын кыргызча жаралган.Атагы алыска кетти
21.06.2011. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн эле туура айтасын кошулам!
22.06.2011. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
созунузго 100% кошулам.Адам биринчи оз тилин колдоп алса.
20.06.2011. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз тилинде тартса жакщы болмок тасма актуалдуу темада экен ,кыз болсо тескерисинче корей кыздарына опокшош,Тасмадагы сулуу кыргыз кыздарын корейлеркоруп Кыргыз кыздарына спросс кобойот го эми,ал жакта эркектер коп аял аз дешет ,Гу Чин Пёго жетпей жургон кыздар режиссерго
рахмат айткыла тасманы Корей ТК нан крутить этип калышса куйормадарым бар экен деп жергебизге келип калса,жолунар болдуго э
20.06.2011. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дуйнодогу эн сулуу Эркетер кыргыз Улан азаматтары кээ бироолорун коруп алып тамшанасы н тим эле ,кореянкалар биздин жигиттерге ашык болуп калса Ассемляция болуп айырмачылыгыбыз жок болуп калабызбы ,ээ туугандар
SUPER.KG видео
20.06.2011. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ообаааа, киргизгилеееееечи!
SUPER.KG видео
21.06.2011. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
klara:Именно кай жерге киргизишсиииииииииииииииииин?Андан коро ушул сайтка "жуктонуздорчу"-десен туура болмок.Киргизгилечииии-дегенде ойлондунбу экен????
21.06.2011. 03:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун болгон окшойт,киносун кайдаг корсок болот экен?
21.06.2011. 03:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamattar =) Dagy bashka kop kopttogon kinolordu jaratta bergile, Emi tochno koreister Kyrgyz kyzdaryna ashyk bolot turbaiby...
21.06.2011. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алияны каяктан таап алган десе тууганы турбайбы кыздын кебетесин айтпай эле койоюун эми кудайга кунокор болуп
21.06.2011. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыз кыздар турмушка чыгуунун жолун издеп журуп отуп кетет окшойсунар
22.06.2011. 03:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aliyani jana Darhandi sindagandar tazale tomon ketipsiner go e? Tildi sindagandarga go kowulam.
22.06.2011. 03:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алия аябай сулуу эрке кыз экен мага жакты.

Мыкты тасма болуптур,дагы коптогон тасмаларды жарата бергилечи ийгилик каалайм!
22.06.2011. 08:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен саунтрегин кордум,аябай сапатту тартылган. киносун корсом деп жургом...кутобуз эми. сооонун
SUPER.KG видео
22.06.2011. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mmm koreiler kyzygyp atkany jakshy eken alardyn ozdorunun ai saiyn jany serialy chygat go televizordu koison ele serial uzulboit.
22.06.2011. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Darhan tuura aitat:-"Nuriya Darhandin Formattindagi kiz emes ekendigin". Sebebi Nuriya 1500 GBtik Jakshinai, Chirailuu,Tishteri bermettei tizilgen, Shokaladka kiz eken. Al emi Darhan bolso 250GBtik ele Ozun kuzgudon jakshiraak karabai ozun suigon jigit eken.
P.S. Men Nuriyanin ech kandai dosu, taanishi da bolboim. Bolgonu jeke oyumdu jazdim. Baarina chigarmachilik Iygilik, Den-sooluk kaalaim. Altyndai bashinar aman bolso kudai kalasa dagi koptogon iygilikterdi jaratasinar.
22.06.2011. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
благодаря Алие этот актеришка станет знаменитым,так что нечего ему строить из себя знаменитость и между прочем бул кыздын идеясы болбосо,бул кино жаралмак да эмес.она молодец!
22.06.2011. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн жакшы оркундой берсин.
Кыргыз элим алга! алга кыргыз! алга!
22.06.2011. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар!!! Корейлер кызыгып калган болсо демек жакшы кино. Фестивалда грпн-прини утуп келишин каалайм!
22.06.2011. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
надо!будет и мне посмотреть!а то яуже интересно стало!блин а кто пригласит????????????
SUPER.KG видео
23.06.2011. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сураныч киносун киргизип койгулачы!!!!!!!!!!!!!
23.06.2011. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы екен, бирок кыргыз тилинде болгондо
23.06.2011. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamattar, bawky roldogu kyzga negtivniy commentterdi jazgandy toktotsonor bolo. tatynakay ele kyz eken. baarynarga iygilik
SUPER.KG видео
23.06.2011. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
а почему без звук?
24.06.2011. 04:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
A darhan degen kim? Taanybayt ekem, no sozdoruno karaganda ayabay jyldyz eken. Al emne, yrchyby? Je akterbu? Birinchi jolu okup jatam anyn interviyusun.
24.06.2011. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Darhan, ozundu ukmush sezbechi! Erkek bolgondon kiyin ani elge jariyalabay ele, icinde saktasan bolboyt bele! Bul jerden sen ozundun "ukmush" erkek ekenindi dagi bir jolu tastiktadin.
24.06.2011. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мыкты кинотасма алга кыргыз киноиндустриясы.
30.06.2011. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Классный фильм!!!Я посмотрела, еще хочу!!А Алия молодец!Хорошо сыграла!И Дархан не плох!Только вот в конце не обязательно было краситься, все впечатления убил!
05.11.2011. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
качан коробуз
SUPER.KG видео
05.01.2012. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ujas!!! ushu chygarmachylyk adam bolgondon kuiun kop kop kitep okup, soz bailygynardy keneitsener bolo,, yiat,,, taptakyr sozgo jok ekensiner...
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо