ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

№451 24-30-июнь, 2011-жыл

Болгария

СОВЕТТИК АСКЕРЛЕРДИН ЭСТЕЛИГИН БОЁП САЛГАН
Болгариянын борбору – София шаарындагы Экинчи дүйнөлүк согушка катышкан советтик аскерлердин урматына 1954-жылы тургузулган эстеликтерди белгисиз сүрөтчү Аяз ата, Супермен өңдүү кинодогу баатырлардын келбетине окшоштуруп боёп салган. Фашизмге каршы күрөшкөн аскерлерди шылдыңдаган бул иши үчүн сүрөтчүгө кылмыш иши козголду. Ал эстеликтерди боёп жаткан учурда көчөгө орнотулган камерага түшүп калган. Эми полиция аны колго түшүрсө, 2500 евронун тегерегиндеги айып пул төлөмөкчү.

АКШ

АМЕРИКАЛЫКТАР АЧКА КАЛЫШТЫБЫ?
Эми америкалыктар Нью-Йорктун аэропортторунун аймагында байыр алган каздарды кармап, алардан Пенсильвания штатындагы кембагалдарга тамак жасап бермей болушту. Мындай демилге Нью-Йорктун Айлананы коргоо департаментинин кызматкерлери тарабынан көтөрүлгөн. Алар: “Аэропорттогу учактардын учуп-конуусуна тоскоолдук жараткан миңдеген каздарды бекер эле өлтүрө бербей, алардан, жогоруда айтылгандай, тамак даярдап, кембагалдарга таратып берсе, пайдасы көбүрөөк болот”,- дешет. Нью-Йорктун бийлиги саны өтө эле көп бул каздар менен 2009-жылдан бери күрөшүүдө. Алсак, 2010-жылы 1500дөн ашуун каз жок кылынган.

Орусия

УЧАК КЫРСЫГЫНАН 45 КИШИ КӨЗ ЖУМДУ
21-июнь түнү Орусия Федерациясынын карамагындагы Карелия Республикасынын борбору – Петрозаводсктун аймагына кулаган учактын 44 жүргүнчүсү окуя болгон жерден көз жумуп, 8и аман калган. Аман калгандардын дагы бирөө ооруканага жеткенде каза болду. Москвадан Петрозаводскко келаткан “РусЭйр” авиакомпаниясынын Ту-134 учагы авариялык конууга мажбур болуп, аэропортко жетпей автожолго конуу учурунда жерге катуу урунуп өрттөнүп кеткен.
Авиакырсыктын келип чыгышынын себебин иликтешүүдө. Алгачкы маалыматтар боюнча, учактын конуусун камсыздай турган аэропорттогу жарыктардын иштебей калышы жана аба ырайынын бузулушу себеп болгон. Күбөлөрдүн айтымында, айлананы туман каптап турган.

Египет

ПРЕЗИДЕНТ БҮТҮП, ЭМИ КЕЛЕМИШТЕРГЕ СОГУШ БАШТАЛДЫ
Хосни Мубаракты президенттик кызматтан кулаткан египеттиктер эми өлкөнүн курорттук Порт-Саид шаарындагы келемиштер менен күрөшүүнү башташты. Аталган шаардын жетекчиси Ахмед Абдалла “келемиштер шаар тургундарынын өмүрүнө коркунуч туудурууда жана туристтик сезонду да үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн” деп, келемиштерге согуш жарыялады. Шаар жетекчиси жергиликтүү тургундарга кайрылуу жасап, бир келемишти кармап санитардык пунктка алып келгендерге биздин акча менен эсептегенде 13 сомдун тегерегиндеги акчалай сыйлык берүүнү убада кылды.

Казакстан

ЭНЕ БАЛАСЫ ҮЧҮН ӨЗҮН ӨРТТӨП ЖИБЕРДИ
20-июнда Астана шаарында жайгашкан “Нур Отан” партиясынын борбордук кабылдамасынын бөлмөсүнө кирип келген 50 жаштагы аял өзүнүн үстүнө бензин куюп, өзүн өрттөп, мындан улам денесинин 95 пайызга жакыны күйүп кеткен. Анын ушундай кадамга барышына уулунун соттун акыйкатсыз чечими менен 10 жылга эркинен ажыратылышы себеп болгон. Аялды “Тез жардам” кызматы менен реанимация бөлүмүнө жеткиришкен. Бул боюнча аталган оорукананын жетекчилиги маалымат берүүдөн баш тартып койду.

Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(7)
27.06.2011. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
""эне""-бул эн ыйык бул дуйнодо !
27.06.2011. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ene balasi uchun baarina dayar, eneni siylayli..
28.06.2011. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сүрөтчү ойлонгонго-кыйналып эстелик жасап анан аны боеп олтургучакты,даяр эстеликтерди боеп салган(умный,экономический художник)Ал эми АКШ каздарын бизге "окорочка"кылып жөнөтсө болмок.Карелияда болсо каза тапкандардын саны 47ге жетти.Летчик авиажол м-н обычный трассаны алмаштырып алган.Келемишттин баасы арзан экен.Мышыктарды охотага чыгарышпайбы?Эне жаман болуптур,баласын чыгарышыптырбы абакттан?Сүрөтчү ойлонгонго-кыйналып эстелик жасап анан
30.06.2011. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул болгарлар да кокмээ экенда 1941-45ж.фашистерден куткарып калган, ал жоокерлердин арасында биздин да абаларыбыз болсо керек, биз кийинки муундар бул улуу согушту уттуруп баратабыз.
30.06.2011. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алдына ажал келип турса дагы мен учун жанын берген асыл энем, ушул соз жетиштуу да

01.07.2011. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Энелерге таазим!
02.07.2011. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суроту абдан позитивдуу болуптар го) эне жалка болуп тур бирок(( баласы деле алдаса керек да кылганын кылбадым деп) или на оборот!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо