Бүгүнкү күндүн алмашкыс буюмдары: СКАЙП, БЛЮТУЗ, СЕНСОРДУК ЭКРАН

№451 24-30-июнь, 2011-жыл

БЛЮТУЗ ЭМНЕ ҮЧҮН КӨК ТИШ БОЛУП КАЛГАН?
Блютуз бул – персоналдуу түйүндөр ичинде электр өткөргүчсүз туташтыруучу каражат. Аны 1998-жылы «Ericsson», «IBM», «Intel», «Motorola», «Nokia» жана «Toshiba» компаниялары биргеликте иштеп чыккан. Англис тилинен кыргызчага «көк тиш» деп которулат («Blue» – «көк», «tooth» – «тиш»). Ал Х кылымда жашап өткөн падыша Харальд Блютуздун лакап атынан аталып калган. Анткени Харальд өз учурунда Даниянын майда урууларын чогултуп, аларга Норвегия, Швециянын башын кошуп бир падышалыкка айланткан. Азыркы биз билген блютуз дагы көптөгөн маалымат каражаттарынын башын бириктирип, бир бүтүнгө айландыра алат.
Блютуздун логотиби скандинавия руналарынан турат.
(хагаль) латынча «Н» (Harald) жана (берканан) латынча «В» (Bluetooth).
Башында блютуздун маалымат берүү ылдамдыгы секундасына 720 Кбит болуп, байланыш аралыгы 10 метрди түзгөн. Бара-бара өнүгүп отуруп, азыр маалымат берүү ылдамдыгы секундасына 3 Мбитке жетти. Бул Блютуздун башка мобилдүү каражаттар менен 100 метр аралыкта байланыш түзүү мүмкүнчүлүгүн камсыздады. Блютуз аркылуу көптөгөн маалыматтарды башка бир компьютерге же телефонго көчүрүүгө болот. Ал үчүн экөөндө тең блютуз программасы иштеп турушу зарыл.

СКАЙП – МЫКТЫ ВИРУС ТАРАТУУЧУБУ?
Скайп бул – интернет аркылуу байланыштыруучу бекер программа. Бул программаны колдонуу үчүн интернетке туташкан компьютер жана камера гана керектелет. Программа «Скайп Лимитед» («Skype Limited») компаниясы тарабынан 2003-жылы иштелип чыккан.
Бул программанын жардамы менен жалгыз гана кат, файл алмашуу гана эмес, маектешиңиздин жүзүн экрандан көрүп, үнүн угуп сүйлөшүүгө да мүмкүн. Андан тышкары программада 25 кишиге чейин чогулуп сүйлөшүүгө (конференция) шарт түзүлгөн. Бул программаны тыңшоого алууга жана тыштан көрүүгө мүмкүн эмес. Дал ушул касиети аны күндөн-күнгө популярдуу кылууда.
Дүйнөдөгү вируска каршы белгилүү программанын автору Крис Касперски скайптын көп кабаттуу, шифрленген системадагы кара куту экендигин айткан. Анын пикиринде маалымат алмашуу жабык протокол аркылуу ишке ашкандыктан, аны токтотууга жана тазалоого мүмкүн эмес. Ал мындай кемчиликтери скайпты эң мыкты вирус таратуучуга айландырып жатканын айткан.

СЕНСОРДУК ЭКРАН КАНДАЙ ЫҢГАЙСЫЗДЫКТАРДЫ ЖАРАТАТ?
Сенсордук экран бул – экран түрүндөгү маалымат алмаштыруучу координаттык түзүлүш.
Сенсордук экранды биринчи жолу АКШда 1972-жылы «плато IV» компьютердик системасында колдонушкан.
Мындай экран абдан сезгич келип, экранга кол же стилус тиери менен ишке киришет. Стилус бул – атайын сенсордук экранды басуу үчүн ойлонуп табылган таякча. Аны менен иштөөдө экран чийилбейт. Сенсордук экран чөнтөк телефондордо, банкоматтарда, ишкана жабдыктарында да кеңири пайдаланылып келет.
1971-жылы Сэмюэл Херст тарабынан ойлонуп табылган. 1982-жылы «Элографикс» («Elographics») компаниясы бүткүл дүйнөлүк көргөзмөгө биринчи жолу сенсордук экрандуу сыналгыны чыгарган. Ал эми 1983-жылы «HP-150» аттуу биринчи сенсордук экрандуу компьютер жарыкка чыккан.

Жакшы жактары:
Клавишалар жок болгондуктан, экран максималдуу түрдө чоң болот.
Чаң, суу жана башка сырттагы жаман нерселер аппараттын ичине кире албайт.
Жаман жактары:
Көп энергияны сарптайт.
Колдун көлө­көсү түшүп, экран толук көрүнбөй калат.

Салтанат Мукасова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(18)
27.06.2011. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
da,bargan saiyn adam balasynyn tappagany jok bolup kelet.emneler gana jok
27.06.2011. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
menin oyumcha jakshi jagy kop oto ingailoo
27.06.2011. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билишимче блютузду постаянно жагып жүрү телефонуңуздун энергиясын көп сарптайт.Скайпка телефондон кирсең,"вирус"жугушу мүмкүнбү?Ал эми сенсордук экрандан клавиша жакшы.Телефонумдун экраны чийилип бүттү,скоро ничего не видишь с экрана!
27.06.2011. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Клавишага караганда сенсодо баса берип колум талып калат мага клавиша менен колдонгон оной жана ынгайлуу
27.06.2011. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Блютуз кайсыл жыштыкта иштээрин жазышса болмок беле бейм. Бул технология атайын катталууну талап кылбаган ультра жогорку жыштыкта (УКВ 2,4-2,4835 ГГц) иштейт.Ошондуктан эки туйунду байланыштыруу учун тузмо-туз байланыштын кереги жок.Ал эми файл жонотуудо жонотуп жаткан аппарат
ошол файлды тузгон коддорду гана жонотот,кабыл алуучу тарап ал коддорду ирээттеп кайра файлга айландырат. Мына ошондуктан жонотулуучу файл оз жайында гана кала берет.
28.06.2011. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
NOKIA N9 и KG K500
28.06.2011. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
просто сенсорныйдын жанысын алыш керек экран зашишен минералами чийилбейт просто кобуроок колдонуп конуш керек акыры барыбир баарыле сенсорныйга отот да
28.06.2011. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сенсор эн жакшы ынгайлуу и оной.
29.06.2011. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сенсорлор аябай кымбат, мисалга iphone 4 30 000р, ушул эле суроттогу nokia n9 андан да кымбат, арзаныраак кылышса болмок) ноутбук и то дешевле
29.06.2011. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Luckyman, чем ноутбук сатып алгандан көрө,30 000миңге телефон алган оң!Ноутбуктту жаныңа алып көтөрүп жүрбөйсүңго.10 000 миңдик(рубль) тел. алсаң болот ,интернетке без проблема киресиң.
29.06.2011. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
19zamir87, ноутбук не сравнить с телефоном)у ноута миллин раз больше пользы чем у тел, мен которуп эле журбоймунбу) окууда да уйдо да иште да керек ноутбук)
29.06.2011. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iPad 3 чыгат жакында.:)))))
02.07.2011. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
axmed88, Ipad 2 2011 ээми эле чыкты го)
30.06.2011. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин телефонум самсунг 5500 сенсорный пальцевириванный экран,андроид2.3 мага жагат.5000ге эле алгам. клавиатура отстой!!!
30.06.2011. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
HTC менен iPhoneдун гана сенсорлору жакшы иштейт.
30.06.2011. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушинтип билбейле суйлой бергендер жакпайт аларда текшерип алатда например меники ериксон х8 анын неси жакшы иштебейт
18.10.2011. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул гажетерсиз азыркы заманды элестетууго кыйын
26.02.2014. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызстанда же ошто журуп скайпда жакшы суйлошо албадым же связь начар жерде жургом кыскасы мен учун скайп андай деле маанилуу болбой калды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо