№451 24-30-июнь, 2011-жыл
Акыркы кезде адамдын жашоосу күн санап жөнөкөйлөшүп баратканы жашыруун эмес. Маселен, бир жолу сулуулук салонуна баруу менен 3-6 жылга боёнуу түйшүгүнөн арыла аласыз.
ТАРЫХЫНАН
Тээ байыркы замандан бери эле айымдар өз келбетине кам көрүп келаткандыгына тарыхта далилдер бар. Мисалы, Байыркы Вавилон, Ассирия, Египетте, ошондой эле Греция менен Римде чөп, май жана ар кандай топурактарды косметика катары колдонушкан. Ал тургай денелерине кооз сүрөттөрдү тартышып, ал өз кезегинде адамдардын коомдогу ордун, аскердик даражасын билдирип турган. Андан тышкары татуировканы жин-шайтандардан сактануу максатында да тумар катары денелерине жана беттерине тарттырышкан.
ТАТУАЖ ДЕГЕН ЭМНЕ?
Татуажды, негизинен, татуировка деп айтууга болот. Болгону, татуаж жалаң гана айымдар арасында колдонулуп, териге өтө терең чегилбейт. Анан да убакыттын өтүшү менен өңүн жоготуп, таптакыр кетип да калат. Ошондой эле татуажды кандай тез тарттырсаңыз, ошондой тез өчүрүп салууга мүмкүнчүлүк бар. Албетте, бул үчүн да адистердин жардамына муктажсыз.
Бул кызматка көбүнчө өз келбетине канааттанбаган, косметикалык каражаттардан аллергиясы бар жана көрүүсү начар кыз-келиндер (күндө боёнуу кыйынчылык жаратканы үчүн) кайрылышат.
КАНТИП ЖАСАЛАТ?
Алдын ала татуаж жасала турган жер (каш, көз же ооз) белгиленип, жарашыгына карап формасы жана түсү аныкталат. Анан оорутууну сездирбей турган атайын май же гель сүйкөлөт. Дары таасир бергиче боёк даярдалып, атайын аспапка куюлат. Андан соң гана аспаптын учундагы ийне аркылуу теринин астына боёк куюла баштайт.
Татуажды көпчүлүк салондордо табигый хна менен гана жасашса, кээ бирлеринде атайын химиялык кошулмалары бар боёктор менен жасалат. Албетте, химиялык боёк хнага караганда көпкө чейин өчпөйт. Баса, татуаж жасатуу жыл мезгилинен жана аба ырайынан көз каранды эмес. Анын 3 жылдан 6 жылга чейин өчпөсүнө кепилдик бар.
БИШКЕКТЕГИ АКТУАЛДУУЛУГУ
Азыркы күндө борборубузда татуаж аркылуу өз макияжын бир канча жылга “бекитип” алган айымдардын саны күн санап өсүүдө. Көпчүлүк учурда кыргыз улутундагы айымдар бул кызматка кайрылышат. Алардын дээрлик 90 пайызы кашын чийдирүүнү каалашат. Себеби каш беттеги эң негизги орунда туруп, анын формасын өзгөртүү менен бетти толук же арык, узун же тегерек көрсөтө алат. Ал тургай каш аркылуу мурундун өтө узун же өтө кыска экендигин билдирбей коюуга да болот.
Каш татуажынын эки түрү бар. Биринчиси – чийилген форманын ичи толук боёлот, экинчиси – каштын ар бир талы тартылып чыгат. Эриндерди да жөн гана четин чийдирип коюуга же болбосо толук боётууга мүмкүн. Ал эми көздү көпчүлүк учурда үстүнө бир сызык кылып гана чийдиришет.
БААСЫ ТУУРАЛУУ ЭКИ ООЗ СӨЗ
Баш калаадагы салондордон жүргүзүлгөн сурамжылоо боюнча, кашка татуаж жасатуу акысы 2000 сомдон баштап боёктун кай жактан алынып келингендигине жараша 10 000 сомго чейин болот. Андан тышкары бул үчүн кем дегенде эки саат убакыт талап кылынат. Эриндерди боётуунун баасы жана убактысы да ушундай эле. Ал эми көзгө татуаж жасатуу үчүн бир жарым саат убактыңыз менен кошо 2000 сомдон 8500 сомго чейин акчаңыз болушу керек.
ТАТУАЖДЫН ТЕРС ЖАКТАРЫ
Татуаж тууралуу маалымат бергендиги үчүн “Венера Чин” сулуулук салонунун адистерине ыраазычылык билдиребиз.
ПАЙДАЛУУ КЕҢЕШТЕР
Чолпон Сүйүнбаева
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Аялды сулуулугу учун гана эмес балдарындын апасы болгону учун суйушун керек.