Пандомания уланууда КУНГ-ФУ ПАНДА 2

№451 24-30-июнь, 2011-жыл

Балакайлар, сүйүктүү панда По кайрадан силер менен. “Устатынан шакирти өтүптүр” дегендей, “Кунг-фу панданын” уландысы 1-бөлүктөн мыкты тартылган” деген кептер айтылууда. Анда бүгүн бизде конокто “Кунг-фу панда-2”.

Тарткан өлкө – АКШ
Жанры – Комедия
Режиссёру – Женнифер Ю
Сценарийин жазгандар – Жонатан Айбел, Саймон Уэллс, Гленн Бергер
Композиторлор – Жон Пауэлл, Ханс Циммер
Сүрөтчүлөр – Рэймонд Зибах, Тэнг Кхенг Хенг
Бюджети – 150 миллион доллар
Кирешеси – 433 миллион доллар (бет ачары болгон 22-майдан өткөн аптага чейин)

ПОНУН КЕЗЕКТЕГИ ОКУЯЛАРЫ
По Тынчтык өрөөнүндө жашап, аны кунг-фу чеберлери болгон достору – легендарлуу 5 жоокер менен бирге душмандардан коргойт. Понун тынч жашоосун Шен аттуу лорд бузат. Ал жашыруун курал менен Кытай өлкөсүн багындырмакчы болот. Дагы бир тилеги – кунг-фу чеберчилигин орду-түбү менен жоготуу эле. Кунг-фудан күчтүү куралды кантип жеңүүгө болот? По табышмактын жандырмагын табуу үчүн өзүнүн өткөн өмүрүнө кайрылышы керек эле. Понун түпкү ата-тегин Шендин көзү ачыгы айтып берет. Көрсө, Шен качандыр бир кезде жолуна панда кедерги болорун көзү ачыгы аркылуу билип, пандаларды тукум курут кылат. Бирок кокустук менен По аман калган экен. Муну билгенден кийин По душманга каршы туруп, Шенди жеңип, бакма атасына кайтып келгени менен тасма аяктайт.

КЕП ПАНДАДА ЭМЕС, РЕЖИССЁРЛОРДО
Эгерде башкы каарман – По адам болгондо, дүйнөдөгү кол жеткис «мачого» айланса керек эле. Анткени бет ачары болгон аптада Жонни Деппти жолго таштап, (“Кариб деңизинин каракчылары-4” тасмасынын бет ачары да май айларына туш келет) жылдын эң сүйүктүү каарманына айлана алды. “Кунг-фу панда” кандай ийгиликке жетишкенин билсеңиз керек. Уландысы 1-бөлүгүн алты кадам артка таштады көрүнөт. Себеби тасма 1 аптада 66 миллион доллар топтогонго жетишкен (1-бөлүк 53 миллион жыйнаган).
Дагы бир таң калычтуу жагдай бар. Байкоочулардын айтымында, аталган тасманын күйөрмандарынын 80 пайызын эркектер түзгөн. Алардын жарымы 25 жаштан ылдыйкыларды түзсө, жарымы жаш балдар жана орто жаштагы адамдар. Сынчылардын пикиринде, 2-бөлүктө күлкүлүү окуя азыраак, драмага көбүрөөк орун берилген. Буга режиссёрлор алмашып, 2-бөлүктү Женнифер Ю айым тарткандыгы да себеп болгон. Панда тууралуу окуянын баштапкы демилгечиси да ушул режиссёр айым экенин айта кетсек.

ПОГО ТАТЫКТУУ АТА КЕРЕК
Эмне үчүн панданын атасы каз? 1-бөлүктө эле баш каармандын атасы жок болуш керек деп чечишкен. Бирок жаратуучулар Пону эр жүрөк кылып тарбиялоо үчүн кимдир бирөө керек экенин ойлошкон. Пого ата болуу да оңой эмес көрүнөт, бул ролго коёнду, карышкырды, өрдөктү сунушташкан. Бирок режиссёрго акыркы тартылган айбаттуу ата – каздын сүрөтү жагып калат. Мырза Пиндин ролу ушинтип жаралган.
«Dream Works» студиясы креа­тивдүү эмгектерди жаратып, дүйнөгө мыкты тасмаларды арнап келет. Студия­дан «Шрек», «Мерчемсиз мээ» «Кунг-фу панда», «Мадагаскар» сыяктуу анимациялык тасмалар жарык көргөн.

КЫТАЙ, ЭКЗОТИКА ЖАНА ПАНДАЛАР
«Тасмада жөнөкөй нерсеге орун жок» деп тасманы тартуучу топ Кытайга сапар алат. «Кытай дубалы, храмдар, ак сарайлар тартылган сүрөттөрдү тасмага толук колдондук. Тасмадагы ар бир кыш, таш реалдуулуктан алынган»,- дейт режиссёр айым. Тасмага Пинъяо шаары, Пекин шаарындагы монастыр, Сычуань өрөөнүндөгү панда коругу пайдаланылган. Аниматорлор коруктагы пандалардын кыймылдаганын, бири-бири менен болгон мамилесин байкап отуруп, Понун образын толук иштеп чыгышкан. Родольф Гуэноден аттуу аниматор: «Брюс Лидей легендарлуу чыгыш күрөшүнүн чеберин берели деген максатыбыз жок. Биз кунг-фу өнөрүн пандалардын стили менен бергибиз келди»,- дейт. Биз көрүп, ырахат алып жаткан тасмага 2 жыл убакыт жана 200дөн ашык адамдын эмгеги талап кылынган. Баса, Понун окуясы ушуну менен эле бүтпөйт. Тасманын аягында «уулум, сен тирүүсүңбү?» деп чыга калган картаң панда жана анын жанындагы ургаачы пандалар жөн жерден эмес. Муну кино жаратуучулардын көрөрмандарды кийинки бөлүккө кызыктырган тузагы деп билсек болот. По атасын таап, жанагы эки сулуунун бирине ашык болорун болжолдосок болот. Аниматорлордун билдирүүсүндө, «Кунг-фу панда-3» тасмасы 3 жылдын аралыгында жарык көрөт. Ага Чак Норрис жана Стивен Сигал үн кошору айтылууда.

КЫТАЙЛАР ЧЫЧАЛАП...
4-июнда Пекинде маалымат жыйын өтүп, тасманы сатыктан алып салуу маселеси козголгон. Кытай сүрөтчүсү Чжао Бань «кытайлардын маданиятына америкалыктар кол салып жатат. Маданиятыбыз америкалыктардын баалуулуктарын пропагандалоо максатында гана колдонулган. Көп жери өзгөртүлгөн» деген пикирин айткан. Бирок бир катар пикирлер болгону менен, Кытайда тасма сатыктан алынган жок.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(14)
27.06.2011. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун!
27.06.2011. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Korom dep ele ybakit ashpqdy
27.06.2011. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кинону мен жердин түбүнөн болсо да таап көрөм.Интернеттен таппай жатам,Панданын 2-чи бөлүгүн күтүп жүрсөм,3-чү бөлүгү да бар экен.Арманда каласың го 2-чисин көрүп 3-чүсүнө жетпей.По (кунг-фу)лучший!!!
27.06.2011. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
super!
27.06.2011. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен неттен кордум,сонун!
28.06.2011. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коенек сураныч шилтемесин кочуруп кой


29.06.2011. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
menin eeeen jakshy korgon multigim POOOOOOOO!
29.06.2011. 02:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен 3Д кинотеатрдан коргом кыйла болду го чыкканына) жакшы кызызктуу фультик, особенно жаш балдар менен кошо барса кызык болот деп ойлойм)
29.06.2011. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
анан да 3чу жок!19zamir87
29.06.2011. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кунг-Фу Панданын үчүнчүсүн күтүп калам. Анткени логика боюнча По бактысын таап, үйлөнүш керек го. Же кунг-фу менен алектенген пандалар "вечно" бойдок болушабы? :)
29.06.2011. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
По (Замир) сен ашыкпа жалбырак тушчу убагында тушот! (Мастер Вей короче не помнью).
29.06.2011. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мда аябай прикольный мультик!))))))
30.06.2011. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен кинотеатрдан кєргєнумє алымсынбай, кайра диск сатып алып барып уйдон да кєрдум.Аны коргондон бери уулум По болуп мен мастер Шифу болуп уйду кунг фу кылып тополон кылып жаткан кезибиз.
02.07.2011. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой жагат да ушул мультик аябай жакшы тарылган 5силерге
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо