ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО НОЯБРДА ӨТӨБҮ?

№451 24-30-июнь, 2011-жыл

Октябрда өтүүчү президенттик шайлоонун 1 айга артка жылдырылышынын себеби эмнеде? Муну менен шайлоодо ат салышчу саясатчылар өз кызыкчылыгын коюп жатышабы же президент Роза Отунбаева тактыдан кетүүнү каалабай жатабы?

«ПРЕЗИДЕНТ ИНТРИГАНДАРДЫН СӨЗҮНӨ КИРИП...»
2010-жылдын 27-июндагы жалпы элдик добуш берүүнүн чечими менен президенттик шайлоо быйыл октябрь айында өткөрүлмөк. Эми шайлоону ноябрда өткөрүү сунушталууда. Шайлоонун кечиктирилишине ар ким ар кандай баа берип жатат. Бири «шайлоонун алдында айрым президенттикке талапкерлер саясий упай топтоого жетишпей калуудан чочулап, жылдырышууда» десе, айрымдар «президент тактысынан кеткиси жок» дешүүдө.
23-июндагы ЖКнын пленардык жыйынында бул маселе каралды. Анда “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев: “Жогорку Кеңеш президенттик шайлоо өз мөөнөтүндө өтсүн деп болгон аракетти кылды, мыйзамдарды кабыл алды. Ал эми президент Роза Отунбаева «интригандардын сөзүнө кирип» шайлоолор жөнүндө мыйзамдарды кабыл алууну 3 айга создуктурду. Учурда шайлоонун артка жылышына парламенттин күнөөсү жок”,- деп билдирди.

«ШАЙЛООНУ КИЙИНКИ ЖЫЛГА КАЛТЫРАЛЫ»
Ушул эле жыйында ЖКнын төрагасы Ахматбек Келдибеков «Ата Журт» фракциясынын кечээки жыйынында депутат Камчыбек Ташиевдин «президенттин мөөнөтүн дагы бир жыл узартып коёлу» деген сунушун карабайлыбы?..» деген оюн какшык иретинде айтканга үлгүрдү.
Эске салсак, 22-июндагы «Ата Журт» фракциясынын жыйынында Ташиев: «Президенттин шайлоолор боюнча каршы пикирлери өтө деле орчундуу эмес. Бул жерде саясий оюндар болуп жатат. Андыктан президенттик шайлоону кийинки жылга калтыралы. Конституцияны өзгөртөлү»,- деген болчу.
Шайлоонун кечеңдеп жатышы боюнча Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Данияр Нарымбаев: «Өкмөт, башта белгилегендей, президенттик шайлоо октябрь айында өтсүн деген пикирде болчу. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясына жаңы системада жоопкерчилик күчөтүлгөндүктөн, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутканга, үйрөткөнгө убакыт керек деп ноябрда өткөрүүнү сунуштаган. Бул сунуш макулдашуу комиссиясы тарабынан жактырылып, президенттик шайлоону 20-ноябрда өткөрүү каралып жатат»,- деп билдирди. Ошондой эле эски тартип боюнча, республикалык бюджеттен президенттик шайлоону өткөрүүгө 177 миллион сом каралгандыгын жана жаңы кабыл алынган шайлоо мыйзамына ылайык кошумча 130 миллион сом бөлүнгөнү жаткандыгын айтты.
Роза Отунбаева болсо эл алдында берген убадасына бекем туруп, айтылган мөөнөттө президенттик кызматты таза шайлоонун негизинде тандалган президентке өткөрүп бере тургандыгын белгилеп келет.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(23)
27.06.2011. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Текебаевтин созуно карата Президенттин пресс-кызматы таранткан маалыматты да кошуп койбойсунарбы, а-то силердики бир тараптуу болуп калыптыр.
27.06.2011. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элдерге айтаар элем шайлоодо бир да акча ж.б алданбай баары активдуу барып эн татыктуусун шайлап алышса..
(!) жазаган кундо да эми бири бирин даана андышат, эч нерсе кыла албай калышабы деген умуттомун...
27.06.2011. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эхе!!! УРМАТТУУ Роза Отунбаева өзүңүздү урматтап,элди урматтап сыйыңыз менен кете бербейсизби президенттик мөөнөттү жылдырбай?Дагы ”төңкөрүш” чыгарып элди жабыр тартырып,анан өзүңүз качып кетпесеңиз эле болду Кыргызстанды Рекорддор гинесине киргизип.
27.06.2011. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеси болсо да, жаркын келечегебизди тузуп беришсе болду.
27.06.2011. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат Роза эже!!! Бакиевге окшоп отурган креслону кучактабай, сөзүңөздү бекем кармаганыңызга.Жигиттердин аткаралбаган ишин аркалап элди бөлүнүп кетүүдөн сактап калган сизге Кудай өмүр берсин!!! Шайлоону өткөрүп берип коюп анан кетпесеңиз булар бирин-бири тытып жейт.
27.06.2011. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ха ха 247 мил шайлоого сарптабай майда онор жайларды ачып элди жумуш менен камсыз кылсанар олосунорбу Эч ишенбейм го шайлоо таза отуусуно ,Камчыке баркызды кетирбей озгортуу мозгортуу киргизп ашыкча чыгым андан коро элдин камын коруп ктаышпай эле ошол шайлоого чыгымды элге жумшанз ,же бул бир тараптуу маалымат пы
30.06.2011. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Batken,
27.06.2011. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч бир саясатчыга ишенич калбай калды го,аман эле болгулачы.
28.06.2011. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мастан ачылып алганбы
30.06.2011. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kirpik, чыыын ал чындап эле мастан!!!!
28.06.2011. 06:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кирпик оозуна карап суйлочу, озун мастан !!!
28.06.2011. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урушканыңарды койгула!!!!!!Эч ким мастан эмес!!!!!Например:Мага жакпайт Роза Отунбаева но эмнеси болсо да биздин Президентибиз сыйлашыбыз керек!!!!
28.06.2011. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
санашым боюнча 177+130=307млн сом шайлоого болунгону жатыптыр,карапайым кыргыз эли учун бул чон суммадагы акча.Ушул акчанын тыйынына чейин кайда кеткенин,ачык айкын элге канчасы кайда сарпталганын далил менен коргозуп беришин каалар элем.Урматтуу СМИлер,НПОлор силердин жардамынар менен,антпесе оз ара бул акча чонтокторго салынып кетет го
28.06.2011. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бизге качан элди ойлогон президент келет эл журт!!! бизге эркек президент керек!!!
30.06.2011. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы убакыт бар толук тушунуп онугушубузго!!!
30.06.2011. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
урматту роза исаковна сиз да барынызчы акаев менен бакиевдин жанына. бул жерде сиз просто саясий пешка болуп жатасыз. бошоткула местаны азыр жаш дегенинер менен жаштар да чонойду
01.07.2011. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыркы талапкерлердин баары эски карышкырлар, акаевский и бакиевский режимде жургон адамдар. булар президент болгону м-н эч кандай озгоруу болбойт, кайра эле ошол талап тономойчулук уланат, одним словом умут кылбай эле коюш керек.
01.07.2011. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Роза эжедей эркек президент болсо экен, ким болсо дагы
02.07.2011. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акайев менен Бакийевдин алып койгон озгон гуручу коктоп кете турган болду ертерак барыныз Роза еже
02.07.2011. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Роза браттай десен Деби
03.07.2011. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой ой ой эч такыр ишенбейм ушул саясатчыларга Кече эле 5жыл мурун качкан качкындар капчыгын толтурганы келгенго бугун, шайлоону узартып, конститутцианы озгортобуз деп, толбой калган капчыктарды толтурушуп жатышатко дейм, куулуп кетсек аттин дебегидей деп.
03.07.2011. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз элим ойгонгула шайлоодо акчага алданбагылы келечекти ойлоп, озунду ойлоп кыргыз жерин ойлоп татыктуу элге жерге терин токкон талапкерлерден шайланыздар сиздерден суранычым, Эртен 5-жылдан кийн жерди пири аталган улуу площадыбыз элге толуп жерибиз канга бойолуп кетпесин десениздер тууру ак шайлоо откозушунуздорду суранам деп кыргызды асманга которгон жигитиниздер.
04.07.2011. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизге кандай президент болсода эч кандай пайдасы деле жок. А.сыда Б.сыда жеген эми О.суда жеш керек болбосом ......... Бизге иштейтурган президент керек, жей турган эмес. Бизге кандай президент болсода эч кандай пайдасы деле жок. А.сыда Б.сыда жеген эми О.суда жеш керек болбосом ......... Бизге иштейтурган президент керек, жей турган эмес.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо