ЧЫҢГЫЗГА ЖЫЛДЫЗ ТЕҢ ЭМЕС!

№402 16-22-июль, 2010-ж.

Өзбекстандын расмий бийлиги улуттук телерадиокомпания жана басылмаларда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун атын атоого жана ал тууралуу маалымат берүүгө тыюу салды. Бул тууралуу Өзбекстандагы көз карандысыз “Харакат” интернет басылмасы билдирет. Маалымат булагына таянсак, мындай чечим Кыргызстандын Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы кан төгүүгө байланыштуу жооп иретинде президенттик аппараттын жыйынында кабыл алынган. Расмий түрдө мындай чечимдин себеби так аталган эмес. Ошол эле учурда Өзбекстандын адабиятчылары жана байкоочулары мындай тыюу салууну “акылга сыйбас” деп аташууда. Анткени маркум улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов өзүнүн чыгармаларында адамдарды гумандуулукка үндөп келген.
Балким, буга Кыргызстанда Юлдуз Усманованын чырдуу ырына байланыштуу башталган айрым акциялар себеп болгондур. Анткени Казакстандын телеканалдарынан бир канча жолу ырчынын дисктери талкаланылып, чыгармалары радиолордун обосунан алынып салынгандыгы көрсөтүлгөн. Кантсе да жаңжалды жайгаруунун ордуна Өзбекстандын мындай кадамга барышы түшүнүксүз.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(7)
19.07.2010. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынгыз тируу болгондо ушул чечимге жылмаю менен кулуп коймок. Жаман соз да айтмак эмес жон гана кулуп коймок. Анын адам баласына калтырган мурасын, адам баласы жок кыла албайт. Ал ошондой кучко ээ.
Сизди Азыркы муун да, кийинки муун да, андан аркы муундар да улутуна, заманына карабай угуша турганын баарыбыз билебиз. ЧЫНГЫЗ-КЫРГЫЗ! эч качан кырып буто албайт!
20.07.2010. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тыюу салмактан нары кирип кетпейби!!
Биз жоготууга учурабайбыз кандай болгон учурда да, жоготууга учураган мына анык өздөрү болушат. Кыскасы - Жети өлчөп бир кессишсин. Кийин "аттин" деп калбасын.
21.07.2010. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул маселе боюнча мен өз оюмду бул жерде айттым!
http://www.super.kg/ipb/index.php?showtopic=27749&pid=396703&st=0&#entry396703
22.07.2010. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам
азаматсын!!
сага кошулам. Чын эле Жылдыз биздин Чынгызга тен эмес.
22.07.2010. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынгыздын aты бир Озбекстaндын тыю сaлышы менен жок болуп кетбейт,aны бaшкa aдaмдaр суйот,Aaлaм суйот.
Кaзaкстaндын бизди колдогонунa суйундум...
23.07.2010. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иииииий кокуй, Чыңгыз ким да, Юлдуз ким? биз го андай чала-була ырчыга тыюу салсак тазаланабыз, а алар ансыз деле рухий жарды болуп жатышса, Чыңгыздын чыгармаларына тыюу салса... куураган экен өзбектер.
Алтынды дат баспайт да, Чыңгызга эмне кыла алышат? Эч нерсе
16.06.2012. 04:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аларга Чынгызды тыйу салгандан эмне пайда? булар ансыз деле окушпайт, буларга мектептен бели чыкпай жатып секс, акча, базар болсо болду. мен университетте окуп жургондо булардын 7-8жаштагы балдары кочодо чуркап келип кармалап кетишкенде эле уройум учкан. ошол учун жатаканаларда кыргыз кыздарын булардын подростоктору зордуктады. ипластар!интервью берди го мектептин балдары, беш мин сом учун ОшГУнун жатаканаларына кирдик деп. элестеттинерби?! кыргыздын мотуракай балдары ага тук бармак эмес...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо