БАРЫКТАБАСОВ КАЗАКСТАНГА ЖӨНӨТҮЛҮШҮ МҮМКҮН

№406 13-19-август, 2010-ж.

Бир жума мурун колго түшүрүлгөн Урматбек Барыктабасов ушул күнгө чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын изоляторунда кармалууда. Бул тууралуу аталган мамлекеттик мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Анын иши Баш прокуратурага өткөрүлгөн. Учурда тергөө жүрүп жаткандыктан, башка маалымат берилген жок.
Өткөн аптада прокуратура эгерде буга чейин айтылган маалыматтар боюнча Казакстан Урматбек Барыктабасовду экстрадициялоону сураса, аны өткөрүп берүү жагы да караларын билдирген. Эскерте кетсек, Казакстандын каржы полициясы У.Барыктабасовго издөө жарыялаган эле.
Ал эми акыйкатчы Турсунбек Акундун айтымында, УКМКнын айрым кызматкерлери тарабынан Урматбек Барыктабасовду колдоп чыккан митингдин катышуучуларына куугунтук жүрүп жатат. Бул тууралуу сураганыбызда басма сөз кызматы куугунтук болуп жатканын моюндап же андай эмес деп маалыматты жокко чыгара да алган жок.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо