Аскар Акаев: «КОЛ ТИЙБЕСТИКТИ АЛУУ – ПАРЛАМЕНТТИН ГАНА УКУГУ»

№407 20-26-август, 2010-ж.

7-апрелде Курманбек Бакиев бийликтен кеткен соң табасы канган Аскар Акаев бийликке келгендерди мактабаса да, алардын короосуна ушул күнгө чейин таш ыргыткан эмес эле.
Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү кезектеги декрети менен Аскар Акаевди кол тийбестигинен ажыратты. Мына ошондо жылмаюусу менен эсте калган экс-президент “менин кол тийбестик укугумду бир гана парламент жокко чыгара алат” деген ачуу аралаш сөзүн Орусиядагы “Время новостей” гезити аркылуу жарыялады.
66 жашка таяп калган Аскар Акаев кол тийбестикти алуу боюнча демилгечи тууралуу: Азимбек Бекназаров дайыма менден өч алууну каалайт”,- деп билдирди. Экс-президенттин айтымында, Азимбек Бекназаров дайыма өзүнө оппонент болуп келген. Ал “мени кол тийбестиктен ажыратуу аркылуу шайлоо алдында упай топтоону көздөшүүдө” деген пикирде.
Ал эми 19-августта экс-президенттин кызы Бермет Акаева Бишкекте маалымат жыйын уюштуруп, УӨнүн бул кадамына “күлкүлүү” деп баа берди. Анын айтымында, УӨнүн мүчөлөрү кол тийбестикти алуу декретине кол койгусу келген эмес, бирок аларды тымызын коркутушкан. “Ал кагаз мыйзамсыз. Аны парламент тийиштүү процедура менен гана кабыл алса, мыйзамдуу деп эсептөөгө болот”,- дейт Бермет Акаева.
Эскерте кетсек, 13-августта Аскар Акаевдин кол тийбестик статусун алуу боюнча УӨнүн декретине Роза Отунбаева кол койгон. Карапайым калкка ок атуу, Кытай менен Казакстанга Кыргызстандын жерин берүү, элдик байлыкты жок кылуу кылмыштары боюнча Аскар Акаевди жоопкерчиликке тартып, Баш прокуратурага аны мекенине алып келүү буюрулган.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(3)
20.08.2010. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Камапсалгыла ошол Акаевди.
23.08.2010. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеге камамак эле жакшы кишини жакшы эле деш керек. мен бул кишини адам катары сыйлайм !!!!!!!!!!
25.08.2010. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
A:A kynosy bargo kynosy barbolso joopko tartish kerek:
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо