УШАК УЗАККА ЭМЕС, ТУЗАККА АЛЫП БАРАТ

№411 17-23-сентябрь, 2010-ж.

Баяндамачынын бурчу

10-октябрда өтүүчү шайлоого жыйырма күнгө чукул убакыт калды. Азыр БШК тарабынан тизмеси каттоодон өткөн 29 партия кызуу үгүт иштери менен алек. Элдин көңүлүн өзүнө бурдуруу үчүн адамдын башына кандай гана амалдар келбейт. Алсак, үрөйдү учурган жана кара өзгөй ушак-айыңдар кеңири жайылат.
Жеңил-желпи көрүнгөнү менен, салмактуу саясатчылардын колунда эле атайын ушак ойлоп таап, аны таратуу боюнча адистер иштешеринен кабарыбыз бар. Өз учурунда бул ушактын максаты кимдир бирөөнү жамандоо жана каралоо экени айдан ачык. Анан да ушак канчалык шумдуктуу болсо, эл ошончолук ишенери кейиштүү чындык.
Жакында басылмалардын бири Өмүрбек Текебаевди сындаган материал чыгарын кабарлады. Алар Өмүрбек мырзанын өткөн жолуна токтолуп, беш өрдөктү болушунча учуруп, каралоо максаты менен кыргыз элине жар салганы жатышыптыр.
Бирок “Ата Мекен”, айрыкча анын лидерине карата каралоолор далай жолу айтылып келген. Аталган партиянын өкүлдөрү дагы канча убакыт саясат айдыңында болсо, дале айтыла берсе керек. Балким, буга жооп иретиндедир, Өмүрбек Текебаев Жалал-Абадга барган сапарында: “Эгерде шайлоо адилеттүү өтсө, бизди эч ким токтото албайт”,- деди. Анын айтымында, партияны эки фактор: ок менен ушак гана токтото алат. “Окту Жараткан токтотсо, ушакты өзү калп-чынды ажырата алган эл гана токтотот”,- деди Өмүрбек мырза.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(6)
18.09.2010. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата Мекен партиясынын лидери О.Текебаевге кандай гана ушактарды чыгарышпады бирок баары жалган экенин турмуш далилдеп жатат.Бизде кыргыз саясатчылары озунун кылган иши жок же партиясынын програмасы жок болсо эле ушинтип жалган ушактар менен элди алдаганды мода кылып ад
18.09.2010. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шамал болбосо теректин башы кыймылдабайт! Булар эски бору, а эл буларга кара куч, куду шахматтагы "пешка". Качан каалашса элди топтоп чыгышат жана жолун билип алды. Бакиев, Акаевге кошулуп элди да бузгандар ушулар! Ортодо байкуш эл ушагына да, маанисиз саясатына да башы айла
18.09.2010. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
нып, кимге ишенерин билбей калды! Эхх, шордуу кыргызым, дагы канча шордукту булар коргозот экен! Не болсо да аман бололу!
20.09.2010. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албетте "черный пиар" ыплас нерсе, бирок Текебаевге ж.б. убактылуу окмот мучолоруно ишеним арткандар алардын аткарган иш-аракетин,реформаларын баалап иренжип турган учуру,азыркы бийлик тарыхтагы рейтинги эн томон бийлик болуп эсте калмакчы..
20.09.2010. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албетте,мен Акаев менен Бакиев жана анын кландарына каршымын,азыр элдин умуту Кыргызстанды онуктуруп элге жакшы жашоо тартуулочу азаматтар болсо деген эле тилек,коррупция,бир жактуу жалган маалыматтардан,ж.б.ж.б.тажадык..Бизге эл камын ойлогон реформатор окмот керек.
23.09.2010. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчи коч кайда барса экинчи коч ошол тарапка барат эмеспи анын сынарындай азыркы саясатчыларга да ишенич жок! Менин оюмча азыр татыктуу партия жок! Айла жок конулубузго жакынына добуш беребиз да. Жогоруда айтылгандай шамал болбосо теректин башы кыймылдабайт! Азыркы са
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо