«ТОПОЛОҢ БОЛОТ» ДЕГЕНДЕР КӨБӨЙҮҮДӨ

№411 17-23-сентябрь, 2010-ж.

Интернет айдыңында “жакында өлкөдө баш аламандык уюштурулат” деген кеп-сөз көбөйдү. Алсак, белгилүү бир ырчынын үйүндө шайлоого бара жаткан партиялардын биринин мүчөлөрү чогулушкандыгы тууралуу маалымат желдей тарады. Анда шайлоону үзгүлтүккө учуратуу боюнча сөздөр жүргөндүгү айтылат. Бул имиштерге таянсак, эгер ал партия шайлоодон утулуп калса, баш аламандык уюштуруу үчүн 2 миңдей согушчан даярдап жаткан имиш. “Төңкөрүш жасоого аракет кылды” деп камалып, анан ден соолугуна, улгайган курагына таяп камактан бошогон белгилүү коомдук ишмер башында имиш, бул топтун.
Жөө ушактар аяктай электе Өзгөн шаарында 15-сентябрь күнү атайын операциянын жүрүшүндө бир тургундун үйүнөн курал-жарак табылды. Жыйынтыгында УКМКнын кызматкерлери тарабынан төрт киши кармалды. Бирок 300гө жакын жергиликтүү тургундар (өзбек улутундагылар) колго түшүрүлгөндөрдү бошотуусун талап кылып чогулушту. Кийин топтолгондор таркап кетишкен.
Кыргызстандагы кырдаал дале оор экенин ажо айым өзү деле моюнга алууда. Айрыкча, өлкөнүн бүтүндүгүн сактап калууда коркунучтар бар. Буга айрым партиялардын элди бөлүп-жарган жоруктары да себеп болуп жатат. “Өлкөдө туруктуулук орногонго чейин шайлоонун күнүн артка жылдыруу сунуштары да түшкөн. Бирок партиялар мени президенттик мөөнөтүн узартууга аракет кылып жатат деп күнөөлөй башташат. Жок, андай эмес. Армияны жана өлкөнү башкаруу – аялдын иши эместигин мен деле түшүнүп турам”,- деди президент айым.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(4)
23.09.2010. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер шайлоо адилет отпосо чыныгы тополон ошондо чыгат, СДПК,Ата-Мекен бийликтин партиясы, административдик ресурстар акырын жен ичинен буларга иштеп жаткан учур, Республиканын артында Р.Отунбаева турат деген кеп бар.
23.09.2010. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өмүрбек Бабанов жетектеген «Республика» партиясын Алексей Ширшов, ал эми Феликс Кулов жетектеген «Ар-Намыс» партиясын президент Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаев жана казакстандык миллионер Александр Машкевич каржылап жаткандыгын «Кабар» агентти
23.09.2010. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
«Кабар» агенттигинин директору Жыргалбек Турдукожоев «Параграф» гезитинин маалыматына таянып 22-сентябрда «Демклубдун» кезектеги жыйынында билдирди деп жазылат.
23.09.2010. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеси болсо да шайлоо тынч, адилет отсун, эгер кайсы партия болсо да административдик же башка махинация менен башка партиялардын добушун уурдай турган болсо анда добуш уурдаткан партиялар жон калбайт, уруш чыгып элдин убалына калышат.Элдин ишеничи менен ойношпосун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо