ОТУНБАЕВА ОБАМА МЕНЕН КОТОРМОЧУСУЗ ЭЛЕ СҮЙЛӨШӨТ

№412 24-30-сентябрь, 2010-ж.

АКШнын президенти Барак Обама менен Кыргызстандын мамлекет башчысы Роза Отунбаева 24-сентябрда жолугушуу өткөрмөкчү. Андан сырткары президент айымга Нью-Йоркто өтүп жаткан БУУнун башкы Ассамблеясынын жалпы талкуусунда сөз сүйлөөгө кезек берилди.
Обама менен отуруп сүйлөшүүгө чейин Роза Отунбаева америкалык басылмаларга маек курган. Анда АКШнын президенти менен кайсы тармакта сүйлөшө тургандыгы учкай айтылды. Президент айым «Манас» аэропортунда жайгашкан транзиттик ташуу борборун күйүүчү май менен камсыз кылган жеке компанияларды бирдиктүү ишканага алмаштыруу зарылдыгын айткан. Өз учурунда ал Кыргызстан жана орусиялык “Газпром” компаниясынын ортосунда түзүлөт. Бул маалымат жарык көрөрү менен серепчилер түрдүү пикирлерин айтып киришти.
Көп жылдар бою элчи болуп иштеп калган Роза Отунбаева эки державанын кайсы бирине ообой, экөөнүн тең тилин табууга аракет кылып жатат дешүүдө. Бир жагынан орусиялык компаниядан көз каранды болгусу келбеген АКШны ага чейинки компаниялардан алыс болууга чакырат. Эске салсак, 7-апрелге чейин «Манас» аэропортундагы америкалык майдан Максим Бакиевге тиешелүү компаниялардан күйүүчү май сатып алып турганы күбүр-шыбыр айтылган болчу. Экинчи жагынан, Кыргызстан орусиялык “Газпромду” эсепке алуу менен америкалык майданды чыгаруу басымынан жана нефти продуктуларына киргизиле турган салыкты жокко чыгарууга аракет жасоодо.
Кантсе да Роза айым котормочусу жок эле Обама менен да өз ара тил табышып, эң маанилүүсү, Кыргызстан үчүн пайдалуу жыйынтыктарга ээ болуп кайтууга жан үрөгөнү сезилет.
Маалымат үчүн: Президент айымды кезектеги сапарында вице-премьер-министрлер Өктөмхан Абдуллаева, Жантөрө Сатыбалдиев жана Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев коштоп жүрөт. Ал эми БУУнун жыйынына биздин башчыдан тышкары 140 өлкөнүн лидерлери катышып жатат.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(8)
25.09.2010. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
En tuura. Roza eje ne kylsa da Kyrgyzstandyn kyzykchylygy uchun kylyp jatat. Kaisy przident USAdin prezidenti menen ten ata bolup suiloshtu ele?!
27.09.2010. 04:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Roza eje Americadagy kyrgyzdarga green card menen jardam bere alat beken ???
27.09.2010. 05:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Putin Obama menen daiym kotormo4unun jardamy menen suiloshot, birok Putin anglis tilin suudai suiloit. Moral' tushunuktuubu..?
28.09.2010. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Обама ЕККУнун полицейлерин киргиз деп талап койгудай Кыргызстандын императору беле, Отунбаева Россия менен АКШнын колунда марионетка, да еще кыргыздарды ойлой имиш...
28.09.2010. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Роза Эжени кичине кутуп туралычы тугандар иштеп баштаганда эле тийше бербей убакыт берели....
29.09.2010. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Отунбаева Орусия менен деле котормочусуз суйлошот.Бирок,бул нерсе бизге жанылык деле болбогон конумуш адат.Протокол эрежесине баш ийсе жакшы болмок.Путиндин АКШга муктаждыгы жок,ошол учун кааласа суйлошпой деле коет.
29.09.2010. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А,Отунбаева ондуу президенттерге Обама менен жакындан суйлошуу лотодон жек-пот утуп алгандай нерсе.Озуно конул бурдуруш керек.
01.10.2010. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туугандар качанга чейн ар кимдин оозун карап жашайбыз, качанга чейн бироого таянып жашайбыз) эки чон мамлекет не десе ошону кылып) эртен бар озунун ишини озун кыл десе) таянганы нерсе жок ыргып тушобузго жердин бетине
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо