ТАШИЕВ БАКИЕВДИ МЕКЕНИНЕ АЛЫП КЕЛЕБИ?

№414 8-14-октябрь, 2010-жыл.

Парламенттик шайлоонун үгүт кербени аяктаарда маалымат айдыңы компроматтардын көңүл чордонуна айланды. Апта башында интернет сайттардын бирине Бакиевди кайра Кыргызстанга алып келебиз” деген сөзү бар аудиожазуу жана видеожазуу катары менен жарыяланды. Ал Камчыбек Ташиев деп айтылганы менен, Камчыбек мырза муну жокко чыгарды. “Бизде ал материалдын монтаждалганын далилдеген аныктама бар”,- дейт ал. Ал эми партиянын дагы бир лидери Ахматбек Келдибековдун айтымында, бул видеожазууну таркаткан маалымат каражаттарын сотко беришет.
Ошол эле учурда беларустук жалпыга маалымдоо каражаттары экс-президент Курманбек Бакиевдин Минск шаарынан чыгып кеткендигин кабарлаган.
Бакиевдин кайра келерин уккан “Мекен шейиттери” жана “Айкөл Ала-Тоо” уюмунун өкүлдөрү 6-октябрда эски аянтка нааразычылык акциясына чыгышып, аянттан ары “Ата Журт” партиясынын кеңсесине барышкан. Митингчилер кеңсеге кирип, андан үгүт материалдарын көчөгө чыгарып өрттөп жиберишти. Бирок милиция кызматкерлери жана өрт өчүрүүчүлөр келип, баш аламандыктын андан ары өнүгүшүнө жол беришкен жок.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(2)
11.10.2010. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качан Кыргызстан онолот? Качанга чейин ушул жолдо басабыз? Созсуз митинге чыкканда кимдир бироо созсуз турдо жабыр тартыш керек? Биз пейлибизди ондойлучу кыргыздар!!!
14.10.2010. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
donna Бул видеого эмне дейсин?
http://www.super.kg/media/?type=video&id=3473
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо