ЖКга КИРҮҮ ҮЧҮН КАНЧА ДОБУШ КЕРЕК?

№414 8-14-октябрь, 2010-жыл.

Калктын арасында 5 жана 0,5 пайыздык чек боюнча айрым түшүнбөстүктөр пайда болуп келүүдө. Андыктан бул пайыздар боюнча кеңири түшүндүрмө бермекчибиз.
Парламентке өтүү үчүн ар бир партия республика боюнча шайлоочулардын добуш тизмесинен 5, ал эми ар бир аймактан 0,5 пайыз добуш алышы керек. Бүгүнкү күндө шайлоочулардын тизмесинде 2 миллион 836 миңдин тегерегинде адам бар. Мунун 76 миңи сыртта жүргөн кыргызстандык шайлоочулар. Демек, 5 пайызды алуу үчүн республика боюнча партиялар 142 миңге чукул добуш алуусу кажет. Экинчиден, 0,5 пайыздык чек ар бир аймактагы добуштардын санынан көз каранды болот.
Аймактардагы добуш берүүчүлөрдүн саны: Нарын облусу – 155 миң, Жалал-Абад облусу – 497 миң, Ысык-Көл облусу – 234 миң, Баткен облусу – 228 миң, Ош облусу - 599 миң, Чүй облусу – 468 миң, Талас облусу – 121 миң, Бишкек шаары – 340 миң, Ош шаары – 115 миң.
Шайлоолор жөнүндө кодекске ылайык, 5 жана 0,5 пайызды алган партиялар гана ЖКдан орун алат.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо